Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-июну № 3217-V
"Берлин шаарында 2012-жылдын 11-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майне, ортосундагы "Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III - Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү" долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 27-майындагы № 287 токтому) "Берлин шаарында 2012-жылдын 11-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майне, ортосундагы "Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III - Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү" долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага орун басары |
Т.Зулпукаров
|