Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-майы № 287
"Франкфурт-на-Майне шаарында 2012-жылдын 11-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майне, ортосундагы "Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III - Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү" долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Франкфурт-на-Майне шаарында 2012-жылдын 11-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майне, ортосундагы "Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III - Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү" долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Франкфурт-на-Майне шаарында 2012-жылдын 11-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майне, ортосундагы "Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III - Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү" долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|
1-берене.
Франкфурт-на-Майне шаарында 2012-жылдын 11-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майне, ортосундагы "Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III - Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү" долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө KfWга билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти