Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-июну № 3316-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине тапшырма жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 28-февралындагы № 2830-V токтомун аткаруу боюнча
Тарбия жана жеткиликтүү билим алууга ар бир баланын укуктарын камсыз кылуу максатында жана "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине тапшырма жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 28-февралындагы № 2830-V токтомун аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "Мыйзамсыз менчиктештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарын кайтарып алуу маселесин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жумушчу тобунун маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 21-июнундагы № 2054-V (1-этап) токтомун аткарбаганы үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчисинин жоопкерчилиги жөнүндө маселени карасын;
- "Мыйзамсыз менчиктештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарын кайтарып алуу маселесин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жумушчу тобунун маалыматы жөнүндө" маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 21-июнундагы № 2054-V (1-этап) токтомун аткаруу боюнча чараларды кабыл алсын;
- багыты боюнча иштөө жүйөөсүнө ылайык Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын каттоону жүргүзүү максатында Өкмөттүн тескемеси менен түзүлгөн (2012-жылдын 11-июнь № 258-б) Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин жетекчилиги астындагы ведомстволор аралык комиссиянын ишин кайрадан улантуу жана мамлекеттик жана муниципалдык органдар, мекемелер жана уюмдар жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мурдагы имараттарын натыйжалуу колдонууну талдоону жүргүзүү маселелерин карасын;
- Ведомстволор аралык комиссиясы:
- 1990дон 2012-жылдар мезгилиндеги мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын менчиктештирилген жана багытын өзгөрткөн имараттарын каттоону жана бирдиктүү маалымат базасын түзүүнү 2013-жылдын 1-сентябрына чейин аяктасын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жогоруда аталган имараттарын кайтарып алуу боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыксын;
- 1990-2000-жылдарда менчиктештирилген жана бүгүнкү күндө багыты боюнча пайдаланылбыган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын кайтарып алуу боюнча сот органдарында каралып жаткан доо иштерине колдонуу мөөнөтүнүн эскириши деген норманы алып салууну карай турган ченемдик укуктук актыларды даярдасын;
- азыркы учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын чек ара заставалары жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мурдагы имараттарын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн иликтесин;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин түзүүдө, ошондой эле объекттердин жана республиканын билим берүү уюмдарынын имараттарынын курулуштарынын тизмесин даярдоодо калктуу пункттардын демографиялык маалыматтарын, артыкчылыктуулугун, объекттердин кыйроо деңгээлин алардын курулган жылын эске алуу менен, региондордогу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын объекттерин курууга каржылоону бөлүштүрүүнү карасын;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын курууну, оңдоону жана 2014-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен аларды каржылоону мамлекеттик керектөө үчүн курулуштардын жана объекттердин тизмесине киргизсин;
- жыл сайын кийинки жылга республикалык бюджеттин долбоорун киргизгенге чейин республиканын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын объекттерин куруунун жана капиталдык оңдоонун перспективалык планын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин;
- аларды мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кабыл алуу үчүн 1 жаш 6 айдан 6 жаш куракка чейинки балдарды электрондук каттоо маселесин карасын;
- республиканын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, шаарлардын мэрияларынын сайттарына туруктуу негизде жергиликтүү мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы бош орундар жөнүндө маалыматты жайгаштырсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен менчиктештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын кайтаруу боюнча так чараларды көрсүн.
- Бишкек шаарынын 8-кичи районундагы бала бакча имаратынын ордуна көп кабаттуу 2 турак үйдү куруу үчүн жер участогун берүүнүн мыйзамдуулугун бир айдын ичинде текшерсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги:
- 2013-жылдын 1-сентябрына чейин багыты боюнча пайдаланылбаган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын санын тактоо жана аныктоо боюнча иштерди аяктасын жана анын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин маалымдасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча (К.Осмоналиев) жана Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча (А.Калматов) комитеттерине жүктөлсүн.
Төрага | А. Жээнбеков |