КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-июну № 3278-V
"Чикаго шаарында (АКШ) 2012-жылдын 22-майында кол коюлган, Коопсуздукка көмөктөшүү эл аралык күчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жер менен ташылуучу (темир жол, автомобилдик) жүктөрүнүн транзитине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 13-мартындагы № 129 токтому) "Чикаго шаарында (АКШ) 2012-жылдын 22-майында кол коюлган, Коопсуздукка көмөктөшүү эл аралык күчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жер менен ташылуучу (темир жол, автомобилдик) жүктөрүнүн транзитине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага орун басары | Т.Зулпукаров
|