Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-марты № 129
"Чикаго шаарында (АКШ) 2012-жылдын 22-майында кол коюлган, Коопсуздукка Көмөктөшүү Эл аралык Күчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жер менен ташылуучу (темир жол, автомобилдик) жүктөрүнүн транзитине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Чикаго шаарында (АКШ) 2012-жылдын 22-майында кол коюлган, Коопсуздукка Көмөктөшүү Эл аралык Күчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жер менен ташылуучу (темир жол, автомобилдик) жүктөрүнүн транзитине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Чикаго шаарында (АКШ) 2012-жылдын 22-майында кол коюлган, Коопсуздукка Көмөктөшүү Эл аралык Күчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жер менен ташылуучу (темир жол, автомобилдик) жүктөрүнүн транзитине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосундагы макулдашууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болууга дайындалышсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
| Долбоор
|
1-берене.
Чикаго шаарында (АКШ) 2012-жылдын 22-майында кол коюлган, Коопсуздукка Көмөктөшүү Эл аралык Күчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жер менен ташылуучу (темир жол, автомобилдик) жүктөрүнүн транзитине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосундагы макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түндүк Атлантика Келишим Уюмуна (НАТО) Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-мартындагы № 129 токтому менен жактырылган
|
Коопсуздукка Көмөктөшүү Эл аралык Күчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жер менен ташылуучу (темир жол, автомобилдик) жүктөрүнүн транзитине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосундагы макулдашууга 2012-жылдын 22-майында Чикаго шаарында (АКШ) НАТО өзүнүн аскерлерин Афганстандан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алганына байланыштуу кол коюлган.
НАТО жогоруда аталган Макулдашууга байланыштуу Коопсуздукка Көмөктөшүү Эл аралык Күчтөрүнүн жүктөрүн жерде жүрүүчү транспорт менен Афганстан-Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан транзиттин маршруту менен ташууну пландаштырып жатат.
НАТО Афганстандан оңдоо керек болгон техниканы ташып чыгууга муктаж. Буга байланыштуу Коопсуздукка Көмөктөшүү Эл аралык Күчтөрүнүн жүктөрүн Афганстандан ташып чыгуу үчүн жолдордун мүмкүн болушунча көп болуусу актуалдуу болууда.
Макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык Макулдашуу кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинде жактырылган (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2011-жылдын 27-сентябрындагы № 13/77-11 корутундусу).
Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-майындагы № 206-б буйругу менен жактырылган.
НАТО менен ушул сыяктуу Макулдашууларга Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы кол коюшкан. Коопсуздукка Көмөктөшүү Эл аралык Күчтөрүнүн жүктөрүн Өзбекстан Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөө Афганстан багытында гана ишке ашырылат жана Коопсуздукка Көмөктөшүү Эл аралык Күчтөрүнүн жүктөрүн түндүк маршруту боюнча Тажикстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын аймактары аркылуу транзит ташуу зарылдыгы болуп жатат. Бул Макулдашуу НАТО үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ошону менен бирге эле, Макулдашууну ишке ашыруу экономикалык жактан Кыргыз Республикасы үчүн дагы пайдалуу, анткени бардык ташуулар коммерциялык негизде ишке ашырылат.