КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-июну № 3274-V
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2012-жылдын 12-октябрындагы № 713 токтому) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитети (А.Т.Алтыбаева) кабыл алынган жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага орун басары | Т.Зулпукаров
|