ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 4-майындагы N249 «Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дача жер часткаларын пайдалануу укугуна 2000-жылга бирдиктүү айыл чарба алыгынын негиз ставкалары жөнүндө» Токтому Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайтарып алуу тууралуу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы N 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2000-жылдын 4-майы N 249

Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дача жер участкаларын пайдалануу укугуна 2000-жылга бирдиктүү айыл чарба салыгынын негиз ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайтарып алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 6-мартындагы Республиканын айыл чарбасында 2000-жылдагы жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү жөнүндө" Указын аткаруу иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Айыл чарба жерлерин короо алдындагы жана дача жер участкаларын пайдалануу укугуна 2000-жылга бирдиктүү айыл-чарба салыгынын негиз ставкалары жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-ноябрындагы N 656 токтомунун негизинде жиберилген долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайтарылып алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-ноябрындагы "Айыл чарба жерлерин короо алдындагы чарбактарды жана дача жер участкаларын пайдалануу укугуна бирдиктүү айыл чарба салыгынын 2000-жылга негиз ставкалары жөнүндө" жана "Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасынан тышкары жерлерди пайдалануу укугуна бир жолку төлөмдөрдүн жана жыл сайын салыктын 2000-жылга негиз ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору тууралуу" N 656 токтому Айыл чарба жерлерин короо алдындагы чарбактарды жана дача же участкаларын пайдалануу укугуна бирдиктүү айыл чарба салыгынын 2000-жылга негиз ставкалары жөнүндө" Мыйзамдын долбоору жагынан күчүн жоготту деп табылсын.

 

Премьер-министр А.Муралиев