Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-июну № 3317-V
"Кыргыз Республикасынын кинематографиясы мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Кыргыз Республикасынын кинематогарфиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" маселени карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт:
"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык (мындан ары - Мыйзам), кинематография боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча ыйгарым укук Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органына - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментине (мындан ары - Кинематография департаменти) жана анын ведомстволук уюмдарына жүктөлгөн.
Кинематография департаментинин башкаруу тутумуна Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" Улуттук киностудиясы, "Кыргызфильмофонд" республикалык мамлекеттик киновидеофильмдер фонду, Ч.Айтматов атындагы кино үйүнүн дирекциясы, 7 областтык, 28 райондук жана шаардык мамлекеттик кинодирекциялар, 9 автокөчмө кинотүйүндөр, 38 мамлекеттик кинотеатрлар кирет.
Кинематография жаатындагы аткаруу бийлигинин республикалык органынын ишинин негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат: кинематография жаатындагы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу; кинематографияны сактоого жана өнүктүрүүгө тиешелүү бөлүгүндөгү мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; кинематографияга чыгашалар бөлүгүндөгү республикалык бюджетти иштеп чыгууга катышуу; кинематография инфраструктурасынын өнүгүүсүн координациялоо; фильмдердин Мамлекеттик каттоосун жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында фильмдердин жүгүртүлүшүн жана көрсөтүлүшүн жөнгө салуу максатында аларга жүгүртүүчүлүк күбөлүктөрдү берүү.
Кинематография департаменти тарабынан ушул Мыйзамды аткаруу боюнча бир топ иштер аткарылган жана "Кыргызстандын киносу 2020" деген кинематографияны өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыккан.
Бирок, бүгүнкү күндө ар кандай себептер менен Мыйзамдын бир катар беренелери толук өлчөмдө аткарылбай келет. Кыргыз Республикасынын кинематография тутуму үчүн бардык багыттагы негизги проблемалар болуп жетишсиз, өз учурунда эмес каржылоо саналат. Көбүнчө жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашыруу жана мамлекеттик колдоо чаралары мамлекеттик каржылоонун жетиштүү көлөмүнүн жоктугунан токтоп турат же аткарылбай келет.
Мыйзамдын 9-беренесине ылайык ар жылдагы каржылоо республикалык Бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн кеминде 0,1 пайызы өлчөмүн түзүшү керек, ал эми 2012-жылга каржылоо республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн болгону 0,03 пайызы өлчөмүн түзгөн. Калдык принциби боюнча мамлекеттик каржылоо ата мекендик кинематографиянын кудуретин жеткиликтүү деңгээлде пайдаланууга мүмкүндүк бербей келүүдө.
Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкты алган күндөн ушул учурга чейин мамлекеттик заказ багыты боюнча бир дагы фильм чыгарылган эмес, ал Мыйзамдын 8-беренесине аткарылбаганын тастыктайт. Андыктан кино өндүрүшүндө анимация, киносанжыра, таанып билүү жана илимий кинолор сыяктуу жанрлар өтө аз. Улуттук долбоорлорду, эпосторду, дастандарды жана жомокторду экрандаштыруу ишке ашпай келет. Акыркы жылдар ичинде 2012-жылы гана мамлекеттик заказ багыты боюнча "Курманжан Датка" аттуу толук метраждуу эки сериялуу көркөм тасма тартылып жатат.
Каржылоонун жетишсиздиги менен байланышкан олуттуу проблемалуу маселелер - бул кинотеатрлар жана клубдар 38 мамлекеттик кинотеатрлардын жарымы капиталдык оңдоону жана техникалык кайра жабдууну талап кылат. Алар негизинен айыл жерлеринде жайгашкан. Маселен, Сокулук, Өзгөн, Ат-Башы, Ак-Талаа, Ала-Бука, Кара-Буура райондорундагы кинотеатрлар өтө начар абалга жеткен. "Кыргыз Республикасынын калкын кино менен тейлөөнү жакшыртуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-майындагы № 405 токтомунда бекиген жогоруда аталган иш-планына ылайык, кинотеатрларды материалдык-техникалык жабдууларын каржылоо жана алардын капиталдык оңдоолорун жүргүзүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлгөн. Бирок, азыркы убакка чейин бул норма аткарылбай келет.
Мыйзамдын 15-беренесине ылайык, киносанжыраны, балдар жана өспүрүмдөр үчүн фильмдерди тартууга жана көрсөтүүгө адистешкен кинематография уюмдары менчиктештирилбейт. Бирок Мыйзамды бузуу менен айрым бир кинотеатрлар менчиктештирилген, башка ведомстволорго өткөрүлүп берилген, профили кайра өзгөртүлгөн. Мисалы, алар Бишкек шаарындагы кинотеатрлар - 9-кичи райондогу "Молодежный", 3-кичи райондогу "Жаштык", "Ысык-Көл", "Локомотив", "Юг-2" кичи районундагы жана башка региондордогу 10-15тен ашык.
Кинотеатрлардын профилин кайра өзгөртүү жана аларды өткөрүп берүү азыркыга чейин улантылууда. Кинотеатрларды башка ведомстволорго өткөрүп берүү өзү менен кошо кайрылгыс кесепеттерге - профилин кайра өзгөртүүгө, сатууга, бузуп талкалоого алып келүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-июнундагы № 397 токтому менен "Ысык-Көл" кинотеатрынын имаратын натыйжалуу пайдалануу жана Бишкек шаарынын калкын кино менен тейлөөнү жакшыртуу максаттарында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык башкаруусуна өткөрүлүп берилгендиги буга мисал. Бүгүнкү күндө "Ысык-Көл" кинотеатры жайгашкан жерге мечит куруу чечими кабыл алынып, ал эми кинотеатрды бузганы жатышат.
Совет мезгилинде түзүлгөн Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын материалдык-техникалык базасы заманбап техникалык талаптарга жооп бербейт жана мамлекеттик дотациянын эсебинен жүзөгө ашырыла турган өндүрүштүн толук жаңыртылышын, капиталдык оңдоолорду, материалдык техникалык базалардын жакшыртылышын талап кылат. Киностудиянын (санариптик видео - жана аудио аппаратуралар, жаңы жарык берүүчү жабдыктар менен жабдылышы, автоунаалардын жаңыртылышы жана толукталышы) технологиялык мүмкүнчүлүгүнүн кеңейтилиши ички кино рынок кызмат көрсөтүүлөрүнө гана эмес, ошондой эле Борбордук Азияларда да киностудиянын атаандаштык кудуретин арттырууга мүмкүндүк бермек.
Кылмыш-жаза жана администрациялык таасир этүү чараларынын жоктугунан улам ата-мекендик кинематографтар үчүн киновидеопиратчылык эбегейсиз масштабдагы проблема болуп жатат. Ал мамлекетти салык төгүмдөрүнүн олуттуу бөлүгүнөн гана айрылтпастан, ошондой эле чыгашалардын эсебинен мыйзамсыз кирешелердин болушун күчөтөт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жаза-процесстик кодексине жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы боюнча Кинематография департаментинин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "Кыргызстандын киносу 2020" кинематографияны өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жана ишке ашыруу боюнча чараларды кабыл алсын;
- "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн кеминде 0,1% өлчөмүндө мамлекеттик кинематографияны каржылоону камсыз кылсын;
- Кинематография департаментинин айыл жерлериндеги кинотеатрларынын имараттарын капиталдык оңдоо жана куруу объекттеринин тизмесине киргизсин;
- башка мамлекеттик ведомстволордун карамагына өткөрүлүп берилген кинотеатрларды кайра кайтаруу боюнча чараларды кабыл алсын;
- "Манас" эпосу, кенже эпостор, балдар жана өспүрүмдөр үчүн анимациялык фильмдерди, тарыхый инсандар жөнүндө жана илимий таануу фильмдерин мамлекеттик заказ багыты менен тартуу боюнча чараларды кабыл алсын;
- алыскы тоолуу жана айыл жерлеринде калкты кино менен тейлөө үчүн Кинематография департаментине автокөчмө кинотүйүндөр бөлүнүп берилсин;
- киностудиянын, кинофонддун жана кинотеатрлардын материалдык-техникалык базаларын жакшыртууга каражаттарды бөлсүн;
- Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз таркатылып, жүгүртүлүп жана көрсөтүлүп жаткан киновидео продукцияларга тыюу салуу жана видео каракчылыктын алдын алуу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;
- кинематография тармагында эмгектенген кызматкерлерди социалдык жактан колдоо чараларын көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине улуттук фильмдерди тартуу жана кино прокат бөлүгүндө кошумча нарк салыгынан бошотуу жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- Кинематография департаментине чоң жана чакан кинотеатрларды куруу үчүн парктуу жерлерден жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- айыл жерлериндеги мамлекеттик кинотеатрлардын капиталдык оңдоолоруна гранттык каражаттарды тартуу маселелерин карасын;
- "Толук метраждуу улуттук көркөм фильм чыгарууга мамлекеттик заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-апрелиндеги № 228 токтомун аткарууну камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- улуттук кинематографияны кайра жаралтуу жана өнүктүрүү, кинематография уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, улуттук кинематографиянын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча иштиктүү чараларды кабыл алсын;
- Кинематография жаатындагы Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин окуу жайлар базасында кесипкөй адистерди даярдоого көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаменти:
- "Кыргыз Республикасынын кинематографиясынын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын талаптагыдай камсыз кылсын;
- "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын;
- кинодолбоорлорду конкурстук (тендердик) негизде тандоо боюнча эксперттик комиссия түзсүн жана эксперттик комиссия жөнүндө жобону иштеп чыксын;
- тыюу салынган киновидео продукцияны аныктоо критерийлерин иштеп чыксын, контрафакттык жана тыюу салынган кино продукциясын сатып өткөрүүлөрдү ашкерлөө боюнча иштиктүү чараларды кабыл алсын;
- "Кыргызстандын киносу 2020" кинематографиянын өнүктүрүү стратегиясына программаны жана долбоордук сунуштарды иштеп чыксын;
- айыл жерлериндеги мамлекеттик кинотеатрлардын багытын өзгөртпөстөн ижарага берүү маселесин карасын.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- киновидео фильмдерди жүгүртүүнүн жана көргөзүүнүн шарттарын түзүү, өзгөчө айыл жерлериндеги калкты кино менен тейлөөнү жакшыртуу бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылышсын;
- "Кыргыз Республикасынын калкын кинолук тейлөөнү жакшыртуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-майындагы № 405 токтомун аткарууну камсыз кылышсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиевге) жүктөлсүн.
Төрага | А. Жээнбеков
|