Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-июну № 3313- V
2014-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик резолюциясы жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө
2014-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик резолюциясынын жана 2015-2016-жылдарга божомолунун долбоорун карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик резолюциясы жана 2015-2016-жылдарга божомолу кабыл алынсын (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджетинин учурдагы аткарылышы жана 2014-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү божомолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министри О.В. Лаврованын маалыматы эске алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
-2014-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик резолюциясы жана 2015-2016-жылдарга божомолу аныктаган негизги артыкчылыктарды жана багыттарды жетекчиликке алып, "2014-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун даярдоону камсыз кылсын;
-ушул бюджеттик резолюцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин жана депутаттарынын сунуштарын 2014-жылга республикалык бюджетти жана 2015-2016- жылдарга божомолду түзгөндө эске алсын.
Төрага | А. Жээнбеков |
| 2014-жылга жана 2015-2016-жылдарга божомол жөнүндө Кыргыз Республикасынын бюджеттик резолюциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна № 1-тиркеме |
2014-жылга жана 2015-2016-жылдарга божомол жөнүндө Кыргыз Республикасынын бюджеттик резолюциясы
Орто мөөнөттүү жылдарга мамлекеттик бюджеттик саясаттын стратегиялык артыкчылыктары 2013-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы менен аныкталган артыкчылыктарга тыгыз байланыштуу болууга тийиш.
Орто мөөнөттү мезгилде мамлекеттик бюджеттин чыгашалар саясаты ннвестнцнялык түзүү үлүштөрүн андан ары көбөйтүүгө багытталмакчы. Натыйжасыз жана артыкчылыктуу эмес чыгашаларды кыскартуу менен 2016-жылы бюджеттин чыгымдарынын социалдык багыттуулугун кыскартуу менен бюджеттин таңсыктыгын 4,4 млрд. сомго чейин төмөндөтүүгө жетишүү шартталган.
2014-2016-жылдарга өлкөнүн бюджеттик саясатынын негизги артыкчылыктары ушул Бюджеттик резолюция менен аталган жылдарга өлкөнүн бюджетинин орто меөнөттүү божомолунун параметрлерине, ошондой эле төмөндөгү багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сунуштарына ылайык аныкталат:
1) Мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу жана жөнгө салуу боюнча мыйзамдык базаларды өркүндөтүү жолу менен макроэкономикалык туруктуулукту сактоо;
2) Өлкөдө акча-кредиттик жана бюджеттик-салык саясатынын натыйжалуу өз ара колдонулушун камсыз кылуу;
3) Кирешелердин негизделген базаларын түзүү жана тышкы жардамдын деңгээлин темөндөтүү;
4) Мамлекеттик чыгашаларды аткаруу боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин камсыз кылуу;
5) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык ресурстарын көбөйтүү жана жергиликтүү бюджеттерди чыңдоо боюнча чараларды көрүү.
Ушул Бюджеттик резолюциянын негизги артыкчылыктары жана багыттары 2014-2016-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин негизги параметрлерин түзүү үчүн багыт катары кызмат кылат.
2014-2016-жылдары төмөндөгүдөй макроэкономикалык көрсөткүчтөргө жетишүү камсыз болууга тийиш:
| 2012-жылдагы факт | 2013-жылы күтүлгөнү | 2014-жылга божомол | 2015-жылга божомол | 2016-жылга божомол |
Номиналдуу ИДП, млрд. сом менен | 304,3 | 355,5 | 405,1 | 465,4 | 523,0 |
ИДПнын иш жүзүндөгү өсүү темпи, % менен | -0,9 | 7,2 | 7,6 | 7,0 | 5,8 |
ИДПнын иш жүзүндөгү өсүү темпи (Кумтөрдү эске албаганда), % менен | 5,0 | 4,9 | 6,0 | 6,4 | 6,4 |
Керектөө бааларынын индекси (инфляциянын деңгээли), өткөн жылдын декабрына карата % менен | 7,5 | 8,0 | 7,8 | 8,3 | 8,2 |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2014-жылга жана 2015-2016-жылдарга божмол тууралуу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзам долбоорун түзүүдө бюджеттик саясаттын төмөндөгүдөй артыкчылыктарын негиз катары кабыл алууну сунуштайт.
Өлкөнүн экономикасын турукташтыруу мамлекеттик финансыларды натыйжалуу башкаруу жана жөнгө салуу боюнча мыйзам базаларын өркүндөтүү жолу менен темөндөгүдөй түздөн-түз макроэкономнкалык туруктуулукту сактоо каралган туруктуу ченемдик укуктук база менен бекемделүүгө тийиш:
- орто мөөнөттүү келечекте бюджеттик консолидациялоого артыкчылыктарды берүү;
- алтын казып алуудан тышкары жаңы инновациялык технологияларды жана өндүрүштү экономика секторлоруна киргизүү;
- тамак-ашка дүйнөлүк баалардын деңгээлинин өсүшүнө таасир тийгизүүлөрдү эске албай туруп инфляциянын өсүүсүн токтотуу саясатын киргизүү;
- минералдык-чийки зат баалары үчүн атайын салык режимдерине карата мамилелерди өнүктүрүү жана өзгөртүү боюнча мамлекеттик стратегияны аныктоо;
- кичи жана орто бизнестин өнүгүшүн колдоого багытталган салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тутумун өркүндөтүү;
- салык салуунун патенттик тутумун жөнгө салууга тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кайра кароо;
- жеңилдиктерди жана ар кандай салыктык бошотууларды негизсиз берүүгө тыюу салган салык преференцияларынын азыркы тутумун оптималдаштыруу;
- айрым салыктарды администрлөөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү менен бюджеттер аралык мамилелерге жана региондорду өнүктүрүүгө тиешелүү мыйзам базалары менен камсыз кылуу;
- салыктык мыйзамдарды сактоонун укуктук маселелерин караган сот түзүү үчүн мыйзам базаларын камсыздоо;
- мамлекеттик коммуналдык кызматтарды: газ-суу-электр жана башкалар менен кызмат көрсөтүүлөрүн камсыз кылуу боюнча социалдык колдоо алып жатышкан республиканын жарандарынын категорияларынын курамын жөнгө салуу;
- өнөр жай секторун өнүктүрүү, кайра иштетүү тармактарындагы, энергетика секторундагы, жер казынасын пайдалануу жана орто мөөнөттүү негизде алардын инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү жана берилүүчү кредиттердин төмөнкү пайыздык ставкаларын жөнгө салган ири бизнес - долбоорлорду каржылоо үчүн кредиттөөнүн таасирдүү тутумун түзүү;
- мамлекеттик инвестициялардын программаларын ишке ашыруу үчүн колдонулган бюджеттик, гранттык жана кредиттик каражаттарды натыйжалуу жана ачык-айкын колдонуу;
- орто деңгээлдеги кирешелери бар жарандарга социалдык ипотеканы каржылоо механизмдерин киргизүү.
Акча-кредиттик жана бюджеттик-салык саясатынын натыйжалуу өз ара колдонулушун камсыздоо үчүн төмөндөгүлөр зарыл:
- өлкөнүн ички финансы ресурстарын натыйжалуу мобилизациялоо үчүн финансы-кредиттик мекемелердин туруктуу жана ишенимдүү тутумун түзүү максатында макулдашылган акча-кредиттик жана бюджеттик салык саясатын камсыз кылуу;
- финансы секторун жөнгө салуу жана аны өнүктүрүүнү камсыздоо максатында акча-кредиттик саясатты өз ара колдонуу механизминин күчөтүлүшүнө өбөлгө түзүү;
- бюджеттик-салык чөйресүнде туруктуулукту жүзөгө ашыруу жана бюджеттин тышкы жардамдарга көз карандуулугун кыскартуу.
Бюджеттин түзүмдүк таңсыктыгын кыскартууда чечүүчү роль ойногон кирешелердин негизделген базаларын түзүү жана тышкы жардамдын деңгээлин төмөндөтүү максатында төмөндөгүлөр зарыл:
- алтын казып алуучу "Центерра Голд Инк" компаниясынын акцияларынын мамлекеттик пакетинин каражаттарынын республиканын экономикасына келип түшүүсүн жөнгө салуу, аны өлкөнүн маанилүү өндүрүшү үчүн натыйжалуу инвестирлөө;
- алтын казып алуу көлөмүн калыбына келтирүү жана чалгындалган жана иштетүүгө даяр алтын казып алуучу жерлерди өздөштүрүү процесстерин тездетүү;
- жаңы газ жана мунайзат жайгашкан жерлерди чалгындоону жана өздөштүрүүнү тездетүү боюнча потенциалдуу инвесторлор менен иштерди жакшыртуу;
- мамлекеттик бюджетке дивиденддердин келип түшүүлөрүн көбөйтүү үчүн акциялардын мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдор, компаниялар жана коммерциялык уюмдар тарабынан алынган кирешелердин ачык-айкындуулугуна жана аныктыгына жетишүү;
- Борбордук Казыналыкты кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен айкалыштырууну жана интеграциялоону камсыздоо менен салык жана бажы кызматтарын модернизациялоону жана автоматташтырууну аяктоо;
- ККСны жана сатуудан түшкөн салыкты төлөөдө каскаддуулукту оптималдаштыруу жана алып салуу;
- бардык салык жол-жоболорун эсепке алууну жана алардын отчёттуулугун максималдуу женөкөйлөштүрүү;
- мамлекеттик инвестициялардын программаларынын портфелиндеги тышкы жана ички каражаттарды пайдаланууну башкаруу жана контролдоо;
- мамлекеттик карыз боюнча милдеттенмелерди өз мезгилинде тейлөө жолу менен мамлекеттик карыздын түйшүгүн кыскартуу.
Социалдык чыгымдарды аткаруу боюнча төмөндөгүдөй жолдор менен колдонууда алардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик милдеттенмелерди камсыз кылуу:
- көмүрдү импорттоону кыскартуу менен аларды казып алуу көлөмүн көбөйтүү үчүн жергиликтүү көмүр ишканаларына колдоо көрсөтүү;
- "CASA-1000" долбоорун түздөн-түз даярдоо жана ишке ашыруу аркылуу электр энергиясынын Борбордук-түштүк-азия региондук рыногун түзүү боюнча иштерди улантуу;
- Борбордук Азиянын Бириктирилген энерготутумунун көз карандысыз өзүнчө шакегин түзүүгө багытталган "Датка-Кемин" 500 кв ЭӨЧсынын жана "Кемин" КЧсынын курулушун аяктоо;
- жергиликтүү көмүр казып алуу кесиндилеринин жана жергиликтүү энергоресурстарынын продукцияларын пайдаланууга буу казандарын которуу максатында Бишкек жана Ош ЖЭБдерин реконструкциялоо;
- негизделбеген жана бекемделбеген чыгымдарды жабуунун булактары менен жана республиканын бюджета жөнүндөгү мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизбей туруп мамлекеттик органдардын бюджеттик ассигнованиелеринин көлөмдөрүнүн көбөйүшүнө тыюу салуу;
- кызматкерлердин эмгегин баалоонун натыйжалуулугунун негизинде алардын реалдуу окладдарын эсепке алуу жана алардагы башаламандыктарды четтетүү менен сыйлоо тутумуна бирдиктүү мамилени жана механизмди киргизүү менен бардык деңгээлдердеги мамлекеттик органдарда эмгек акы төлөө тутумуна реформа жүргүзүү;
- 2014-жылга Калкты социалдык жактан коргоону өнүктүрүү стратегиясында каралган социалдык колдоо боюнча иш-чараларды каржылоону камсыздоо;
- чет өлкөдөгү эмгек мигранттарын, Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин карылар жана майыптар үчүн үй интернаттарында жана психоневрологиялык үй интернаттарында тамактануу ченемдерин жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияларынын штаттарын көбөйтүү үчүн балдардын тартип бузууларын алдын алуу жана муктаж болгон үй-бүлөлөр менен балдарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү;
төмөндөгүлөрдү камсыздоо үчүн:
- аскер кызматчыларынын күжүрмөн даярдыктары үчүн белгиленген ченемдик иш чараларды аткаруу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун окуу процессинин сапаттуулугун, окуу-материалдык зарыл базаларды өркүндөтүү, материалдык ресурстардын стратегиялык корлорун топтоо;
- күжүрмөн техникаларды жана курал-жарактарды ремонттоо жана модернизациялоо;
- аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчелөрү, ошондой эле запаска же отставкага бошотулгандарды 10-20-жылдан кем эмес мөөнөт менен мамлекеттик жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүү аркылуу турак жайларды куруу;
бирдей теңдештирүү үчүн төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашыруу:
- укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн, прокуратура органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн пенсиялардын өлчөмдөрүн;
- аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын, прокуратура органдарынын, Коргоо министрлигинин жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларынын деңгээлин;
- укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн азык-түлүк паекторунун өлчөмдөрүн көбөйтүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Баткен областынын аймактарындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик участкаларын инженердик жабдуулар менен камсыздоону;
- жаңы түзүлгөн чек ара капкаларын, мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарын куруу;
- колдонулуп жаткан чек ара капкаларында инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү, ошондой эле чек ара бөлүкчөлөрүнүн кызматтык-күжүрмөн иштерин камсыздоо үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык каражаттарды сатып алуу;
- калкты коргоо жана Жарандык коргоонун туруктуу даярдыгын колдоо боюнча иш чараларды өз мезгилинде жүргүзүү;
- тоо көлдөрүнүн жырылып кетишин болтурбоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Чүй областындагы Чүй суусунун сол жээгиндеги потенциалдуу коркунучтуу участкаларда авариялык-калыбына келтирүү жана жээк чыңдоо иштерин жүргүзүү;
төмөндөгүлөрдү кабыл алуу үчүн:
- саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулуштарынын жана курулмаларынын материалдык базаларын жакшыртуу;
- медициналык-санитардык жардам менен Кыргыз Республикасынын жарандарын камсыздоо боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программаларын аткаруу үчүн толук көлөмүндө каржылоону камсыз кылуу;
- финансы тартибин чыңдоо;
- бюджеттик мекемелердин натыйжалуу иштешин оптималдаштыруу жана жогорулатуу;
- учурдагы төлөп берүүлөрдү жана эсептешүүлөрдү толук камсыздоодо чыгаша милдеттенмелерин өз мезгилинде аткаруу.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансы ресурстарын көбөйтүү жана жергиликтүү бюджеттерди чыңдоо боюнча чараларды кабыл алуу төмөндөгүлөр менен камсыз болууга тийиш:
- жергиликтүү бюджеттерге жалпы мамлекеттик салыктарды бөлүштүрүү үлүштөрүн көбөйтүү жана бюджеттер аралык трансферттерди аныктоону жөнөкөйлөштүрүү жана колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу менен алардын тутумун өзгөртүү;
- дотациялык айыл аймактарынын жана шаарлардын санын кыскартуу боюнча саясат жүргүзүү;
- кыймылсыз мүлктөр объектилеринин, жер фонддорунун жана жергиликтүү жаратылыш ресурстарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалдык менчикти башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу;
- регионалдык экономикалык өнүктүрүү, жумушсуздук жана кедейчиликтин деңгээлин, ички жана тышкы миграцияны төмөндөтүү үчүн пландаштыруу менен инвестицияларды тартуу;
- региондордо ишкердик аракеттерди өнүктүрүү үчүн мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктүн тармактарын кеңейтүү;
- муниципалдык маалыматтык ресурстарды камсыз кылуу үчүн программалык жана техникалык каражаттарды сатып алуу;
- республиканын аймагында чек ара отряддары жана чек ара капкалары жайгашкан жер участкалары менен имараттарды жана курулмаларды мамлекеттик чек ара кызматынын органдарынын балансына өткөрүп берүү;
- өзгөчө статусу бар жана коопсуздугу камсыздалган Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү.