Редакцияот 27.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 27-июну № 3360-V

"2013-жылдын 26-февралында Бишкек шаарында кол коюлган "Айылды суу менен камсыздоо жана санитария экинчи долбоорун" (№ ТF 013105) кошо каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 14-июнунда № 353 токтому) "2013-жылдын 26-февралында Бишкек шаарында кол коюлган "Айылды суу менен камсыздоо жана санитария экинчи долбоорун" (№ ТF 013105) кошо каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Төрага

А. Жээнбеков