Редакцияот 27.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 27-июну № 3358-V

"Бишкек шаарында 2013-жылдын 26-февралында кол коюлган "Айылды суу менен камсыздоо жана санитария экинчи долбоорун" (№ ТF 013105) кошо каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 14-июнунда № 353 токтому) "Бишкек шаарында 2013-жылдын 26-февралында кол коюлган "Айылды суу менен камсыздоо жана санитария экинчи долбоорун" (№ ТF 013105) кошо каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

 

Төрага

А. Жээнбеков