КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-июну № 3349-V
"2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реконструкциялоо, III фаза долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 10-июнундагы № 329 токтому) "2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реконструкциялоо, III фаза долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков |