Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июну № 329
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосунда 2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Тараз-Талас-Суусамыр автомобиль жолун кайра конструкциялоо, III фаза долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосунда 2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Тараз-Талас-Суусамыр автомобиль жолун кайра конструкциялоо, III фаза долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосунда 2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Тараз-Талас-Суусамыр автомобиль жолун кайра конструкциялоо, III фаза долбоору боюнча насыялык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аны кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосунда 2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Тараз-Талас-Суусамыр автомобиль жолун кайра конструкциялоо, III фаза долбоору боюнча насыялык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Ислам Өнүктүрүү Банкына белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|