КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-июну № 3359-V
"Бишкек шаарында 2013-жылдын 26-февралында кол коюлган "Айылды суу менен камсыздоо жана санитария экинчи долбоорун" (№ ТF 013105) кошо каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 14-июнунда № 353 токтому) ""Бишкек шаарында 2013-жылдын 26-февралында кол коюлган "Айылды суу менен камсыздоо жана санитария экинчи долбоорун" (№ ТF 013105) кошо каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков |