Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-июну № 3402-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 13-мартында № 130 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С.Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |