Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-марты № 130
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 9, 440-б.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 29-статьяда:
1-пункттагы "5-пунктунда" деген сөз жана цифра "5 жана 6-пункттарында" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте тоорукту өткөрбөстөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жер участогун жеке өнөктөрдүн пайдалануусуна берүүгө жол берилет.".
2. 62-статья төмөнкү мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында түзүлгөн макулдашууну колдонуу токтотулганда.".
3. 64-статьянын 1-пункту "9" деген цифрадан кийин 12" деген цифралар менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2006-ж., № 5, 420-б.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 246-статья төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) ташып келүү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө долбоорду ишке ашыруу алкагында жүргүзүлгөндө, эгерде ушундай кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда каралса.".
2. 248-статья төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке өнөктөр жана/же долбоордук компаниялар болуп саналган жактарга бажы төлөмдөрүн кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөтүү берилгендиги үчүн төлөнгөн проценттердин ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган учурларда жүргүзүлөт.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу процессинде төлөнгөн проценттерди ордун толтуруу тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 79-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "кечиктирилген" деген сөздөн кийин ", ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин алкагында;" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 237-беренедеги "256" деген цифралар "256-1" деген цифралар менен алмаштырылсын.
3. Төмөнкү мазмундагы 256-1-берене менен толукталсын;
"256-1-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке өнөк
жана/же долбоордук компания тарабынан ишке
ашырылуучу беримдер
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу процессинде жеке өнөк жана/же долбоордук компания тарабынан ишке ашырылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүгө тийиш болгон товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда белгиленген мезгилдин ичинде КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.".
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 6, 186-б.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
13-статья:
2-бөлүк төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- компетенциясынын чегинде "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруу.";
3-бөлүк төмөнкү мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү ишке ашырат жана "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды түзөт;".
5-берене.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 10, 374-б.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
37-статьяда:
- 2-бөлүк төмөнкү мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттерин аткарууга.";
4-бөлүктүн 4-пункту "муниципиалдык менчикти менчиктештирүүгө" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү бюджеттен каржылоо каралган мамлекеттик - жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларга" деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене.
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2002-ж., № 4 159-б.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
19-статьянын 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү ишке ашырат жана "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды түзөт.".
7-берене.
"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2003-ж., № 9, 357-б.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
8-статья төмөнкү мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү ишке ашырат жана "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды түзөт".
8-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2004-ж., № 2, 65-б.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
23-статьянын 2-бөлүгү "экени каралат" деген сөздөрдөн кийин ", буга акционердик коом мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун алкагында долбоордук компания катары түзүлгөн учур кирбейт" деген сөздөр менен толукталсын.
9-берене.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-б.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
9-берене төмөнкү мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"10-1) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү ишке ашырат жана "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды түзөт;".
10-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-б.) төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
1. 41-берене төмөнкү мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"10-1) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү ишке ашырат жана "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды түзөт;";
2. 47-берене төмөнкү мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын:
"9-1) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү ишке ашырат жана "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды түзөт;".
11-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
12-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|