Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-апрели № 1874-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 03 октябрындагы № 3504-V токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттар:
И.Ю.Карамушкина - Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Ж.Р.Сапарбаев - Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Ж.А.Джолдошова - Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Э.Исаков - Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
О.Л.Домшенко - Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
К.Ж.Рыспаев - Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Н.Молдобаев - Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
К.С.Дыйканбаев - Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайлансын.
Төрага | А. Жээнбеков |