Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 3 октябры № 3504-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
1.«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламента жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2б-беренссине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттар:
Төрөбеков Н.Н. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Сапарбаев Ж.Р - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Пирматов И.Л - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайланышсын.
2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 22-февралындагы № 1664-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1 пунктта:
онунчу абзацза «Ж.Р. Сапарбаев» деген сөздөр «Н.Н. Торобеков» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөндөгү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
«Сапарбаев Ж.Р. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына»;
төмөндөгү мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:
«Пирматов И.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетнкалык комплекси жана жер казынасын паидалануу боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;»
3. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттерннин төрагаларынын орун басарларып шайлоо конүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жыллын 25-апрелиндеги № 1874-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төртүнчү абзацта «Н.Н. Төрөбеков» деген сөздөр «Ж.Р. Сапарбаев» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А .Жээнбеков |