Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 23-декабры № 36-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 3452-V, 2014-жылдын 6-мартындагы № 3888-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 137, 142-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары болуп шайлансын:
Сасыкбаева Асия Айтбаевна;
Мамырова Бөдөш Аманбаевна;
Султанбекова Чолпон Аалыевна;
Зулпукаров Төрөбай Закирович;
Нарматова Надира Азимовна.
(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 3452-V, 2014-жылдын 6-мартындагы № 3888-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Төрага | А.Келдибеков
|