Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 25 сентябры № 3452-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 3987-V токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 28-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын төмөндөгү орун басараларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун:
Жапаров Садыр Нургожоевичтин - Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары катары;
Сапарбаев Жоомарт Рахатовичтин - Коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары катары;
Төрөбеков Нурлан Надировичтин - Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасынын орун басары катары;
Аманбаева Урмат Абдилашимовна - Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары катары;
Балтабаев Ташполоттун - Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары катары;
Арипов Назарали Турдалиевичтин - Коррупцияга карты аракетгенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары катары;
Султанбекова Чолпон Аалыевна - Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин төрагасынын орун басары катары.
2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 36-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары болуп шайлансын:
Сасыкбаева Асия Айтбаевна;
Мамырова Бөдөш Аманбаевна;
Султанбекова Чолпон Аалыевна;
Зулпукаров Төрөбай Закирович.
2) Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу Талант Турдумаматович Мамытовдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары катары ыйгарым укуктары токтотулсун.
3. (КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 3987-V токтомуна ылайык күчүн жоготту).
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндөгү токтомдорун ушул токтомго ылайык келтирсин:
2012-жылдын 11-январындагы № 1491-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;
2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө»;
2012-жылдын 22-февралындагы № 1664-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө»;
2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1874-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө»;
2012-жылдын 17-октябрындагы № 2395-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө»;
2012-жылдын 8-ноябрындагы № 2470-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө»
2013-жылдын 22-майындагы № 3098-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;
2) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 22-февралындагы № 1664-V токтомун «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 22-майындагы № 3098-V токтомуна ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
2012-жылдын 11-январындагы № 1492-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө»;
2013-жылдын 12-июнундагы № 3196-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө».
6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |