Редакцияот 24.10.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013 жылдын 24 октябры № 3518-V

«Бонн шаарында 1979-жылдын 23-июнунда кол коюлган орун которуштурган жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 13-июнундагы № 347 токтому) «Бонн шаарында 1979-жылдын 23-июнунда кол коюлган орун которуштурган жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Төраганын

орун басары

 

Т. Зулпукаров