Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529- V Токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-апрели № 362-V
Депутаттарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамына киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 21-октябрындагы № 1238-V токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү депутаттар:
Азиз Эмильбекович Суракматов - Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин курамынан;
Нурлан Чолпонбаевич Сулайманов - Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин курамынан;
Жаныш Камчыбекович Кудайбергенов - Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин курамынан чыгарылсын.
2. Төмөнкү депутаттар:
Азиз Эмильбекович Суракматов - Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин курамына;
Нурлан Чолпонбаевич Сулайманов - Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин курамына;
Жаныш Камчыбекович Кудайбергенов - Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин курамына киргизилсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 21-октябрындагы № 1238-V токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү депутаттар:
Нурлан Чолпонбаевич Сулайманов - Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Улукбек Тойчубаевич Кочкоров - Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Абдимуталип Калдарбаевич Кочкорбаев - Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Азиз Эмильбекович Суракматов - Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайлансын.
Төрага | А. Келдибеков |