Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 11-январындагы №1468-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-октябры №1238-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 3-февралындагы №146-V токтому менен бекитилген Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин аталышынын анын карамагындагы маселелерге ылайык келбестигин четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
2-пункттун алтынчы абзацындагы "Отун-энергетика комплекси" деген сөздөр "Өнөр жай, энергетика" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 2010-жылдын 23-декабрындагы № 40-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жетинчи абзацтагы "Отун-энергетика комплекси" деген сөздөр "Өнөр жай, энергетика" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 2010-жылдын 23-декабрындагы № 41-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
он биринчи жана он экинчи абзацтардагы "Отун-энергетика комплекси" деген сөздөр "Өнөр жай, энергетика" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 2010-жылдын 23-декабрындагы № 46-V "Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
аталышындагы жана экинчи абзацтагы "Отун-энергетика комплекси" деген сөздөр "Өнөр жай, энергетика" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 2011-жылдын 3-февралындагы № 146-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
5-бөлүктүн аталышындагы "Отун-энергетика комплекси" деген сөздөр "Өнөр жай, энергетика" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-бөлүктүн аталышындагы "Отун-энергетика" деген сөздөр "Энергетика" деген сөз менен алмаштырылсын.
6. 2011-жылдын 22-апрелиндеги № 362-V "Депутаттарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамына киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
2-пункттун төртүнчү абзацындагы "Отун-энергетика комплекси" деген сөздөр "Өнөр жай, энергетика" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жогорку Кеңештин Регламенти жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Абдиев) жүктөлсүн.
8. Ушул токтом жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Келдибеков |