Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-майындагы N 271 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын атайын каражаттары жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы N 785, 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилген каражаттардан тышкары дипломатиялык кызмат органдары тарабынан алынган каражаттар атайын каражаттар болуп саналат.
2. Атайын каражаттар дайындалган максат үчүн гана сарпталат.
3. Атайын каражаттар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине киргизилет жана бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүндө өзүнчө сап менен бөлүнөт.
4. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын атайын каражаттарынын түзүлүү булактары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- консулдук кызмат көрсөтүү үчүн төлөнгөн акы;
- юридикалык жактар жана жарандар үчүн маалымат-аналитикалык материалдарды жайылтуу үчүн акы төлөө;
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын Архивинин нормативдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрүн түшүрүү жана аларды юридикалык жактарга жана жарандарга бергендик үчүн акы төлөө;
- мекемелердин, уюмдардын жана жеке адамдардын ыктыярдуу кошумчалары.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы N 785 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын жетекчилери атайын каражаттардын бөлүштүрүүчүлөрү болуп саналат, аларга бюджеттен бөлүнүп берилген акчаларды тескөө укугу берилет.
2. Атайын каражаттарды түзүү, колдонуу жана эсепке алуу тартиби
6. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын кызмат көрсөтүүлөрү 1963-жылдагы Консулдук мамилелер тууралуу Вена конвенциясына, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдер жана макулдашуулар менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Консулдук кызмат көрсөтүүлөрүнүн Тизмесине жана Кыргыз Республикасынын Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын тарифине ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы N 785, 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Атайын каражаттар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин макулдугу менен бекиткен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин системасындагы мекемелердин чыгымдар сметасынын негизинде ушул Жобо менен орнотулган тартипте түзүлөт.
8. Атайын каражаттардын бардык киреше катары келип түшкөн акчалары толугу менен Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын атайын каражаттарынын күндөлүк эсебине которулат.
9. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги орноткон тартипте жана формада сметаларды түзүшөт жана аларды бюджеттин эсебинен бөлүнгөн каражаттарды сарптоо сметасынын долбоору менен бир мезгилде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тапшырышат.
10. Чыгымдар сметасы бекитилгенге чейин атайын каражаттарды сарптоого тыюу салынат жана сарптоо бекитилген сметанын чегинде гана жүргүзүлөт. Бекитилген сметалардан ашык түшкөн каражаттарды сарптоо сметасы зарыл болсо, кошумча бекитүүгө берилиши мүмкүн.
11. Атайын каражаттар чыгымдар статьяларына ылайык түрдө гана жана бюджеттик классификациялоого шайкеш колдонулат.
12. Ушул Жобого ылайык алынган каражаттардын 10 проценти Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарын өнүктүрүү жана материалдык колдоо көрсөтүү Фондун түзүүгө жумшалат.
13. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Валюталык-финансылык башкармасы атайын каражаттарды эсепке алуу, бөлүштүрүү жана отчет берүү тартибин орнотот, алардын туура пайдаланылышын көзөмөлдөйт.