Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 25-майындагы № 295
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу жана экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу мамлекеттик контроль жөнүндөгү Жобо
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 696, 2009-жылдын 5-августундагы № 493, токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу жана экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу мамлекеттик контролун ишке ашыруунун тартибин белгилейт. Ушул тартип баардык жеке, кызмат адамдары жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик котролдук төмөндөгүлөрдү:
- чарбалык жана башка иштин таасири астында айлана-чөйрөнүн абалына жана өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүү;
- жаратылышты коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү жакшы абалга келтирүү;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн, жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын жана айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдерин сактоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын текшерүүнү өзүнүн милдети катары коет.
Айлана-чөйрөнү коргоонун контролдук тутуму мамлекеттик, ведомстволук жана коомдук контролдукту камтыйт.
3. Айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттик контроль Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле буга ыйгарым укук алган башка мамлекеттик органдар тарабынан алардын компетенцияларынын чектеринде ишке ашырылат. Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлиги жана башка атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары мамлекеттик контролду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары менен буйруктарына, Кыргыз Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарына, ушул Жобого жана башка ченемдик укуктук актыларына таянат.
4. Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлиги Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү коргоо абалы боюнча мамлекеттик ведомстволордун үстүнөн контролдоо жана айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарынын пайдаланышын жөнгө салуу жаатындагы тармактар аралык башкарууну ишке ашыруучу мамлекеттик башкаруунун республикалык органы болуп саналат. Айлана-чөйрөнү коргоо, калыбына келтирүү жана жакшыртуу үчүн, ушул жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, экологиялык коопсуздукка, (башка атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирге) жоопкерчиликтүү.
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча суроолорго тиешелүү Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинин чечимдери бүткүл министерстволор, ведомстволор, атуулдар, чарбалык жана башка менчиктин түрүнө карабастан бардык субъектери тарабынан аткарылууга милдеттүү жана сот тартибинде даттанылууга мүмкүн болот.
5. Ведомстволук баш ийген аймактарында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары:
- айлана-чөйрөнү коргоо, жер ресурстарынын пайдаланышы жана башка жаратылыш ресурстары тууралу ченемдик актыларынын чарбалык субъектилери тарабынан аткарылышына мамлекеттик контроль жүргүзүшөт жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык иш алпарышат;
- экологиялык программаларды иштеп чыгууга катышышат;
- айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого багытталган иш-аракеттеринин өтүп туруусун камсыз кылышат;
- жаратылыш коргоо мыйзамдарын бузган учурларда айлана-чөйрөнү коргоо органдарынын көрсөтмөсү менен объектилердин курулушун, чарбалык жана башка ишкердүүлүктү токтотот.
6. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууга атайын ыйгарым укук алган органдар:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги - жарылуучу, күчтүү таасир берүүчү химиялык өтө уулу заттарды (СДЯВ) сатып алуунун, сактоонун, ташуунун тартиптерин сактоо жагындагы жана автотранспорттон бөлүнүп чыгуучу газдагы зыяндуу заттардын нормативдеринин, автотранспорт унаалары үчүн белгиленген дабыш деңгээлинин сакталышы үчүн контролду ишке ашырууда;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги - адамдардын ден соолугуна терс таасир тийгизүүчү зыяндуу физикалык таасирлердин (дабыш, электр-магниттик нурлануу жана д.у.с.) коргоо менен кошо курчап турган айлана-чөйрөсүнүн санитардык-гигиеналык нормаларынын сакталышынын, ошондой эле калктуу пункттардын жана эс алуу жайларынын аймактарынын санитардык абалын контролдоо жагында;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө абалдар жана граждандык коргонуу министерствосунун алдындагы Эмгектин жана өндүрүштүн коопсуздугун көзөмөлдөө жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциясы өндүрүш коопсуздугу жаатындагы коркунучтуу өндүрүш объектилеринин коопсуз жайгаштырылышын жана пайдаланышын мамлекеттик контроль, көзөмөл жана экспертизасын, ошондой эле калдыктарды сактоочу жайлар менен тоо-кен калдыктарын контролдоо жана реабилитация жүргүзөт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенствосу - жер казынасынын, жер астындагы сууларды булгоодон жана азайып кетүүсүнөн коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу жаатында;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча мамлекеттик агентствосу - жерлерди коргоо жана пайдалануу, жер участокторун өз убагында жана толугу менен кайра калыбына келтирүү (рекультивациялоо) жана жерлерди эрозиядан коргоо жаатында;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Токой чарба боюнча мамлекеттик агентствосу - токойлордун абалы, пайдаланышы, калыбына келтирүүсү, коргоо жана коруу жаатында.
Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик контролду жүргүзүүчү атайын ыйгарым органдар менен кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери иштеп жаткан мыйзамдык актылардын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жоболор менен аныкталат.
Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатында мамлекеттик контролду жүргүзүүчү атайын ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлери, өз компетенциясына тиешелүү, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик инспекторлордун укуктары берилет.
7. Республикада айлана-чөйрө, жаратылышты рационалдуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик контролду башкарууну, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик инспектор - Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министри жетектейт.
Ыйгарым укук ченеминде Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик инспектордун орун басарлары болуп:
- контролдук-инспекция кызматын алып барган Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги оруп басары;
- Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин Башкы экологиялык контролдук-инспекциялык башкармалыгынын башчысы;
- балык коргоо жана сууларды коргоо жаатында - Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин алдындагы Балык жана сууну көзөмөлдөө мамлекеттик инспекциясынын башчысы;
- жер казынасын коргоо жаатында - жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик инспектору - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенствосунун жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы;
- жерлерди пайдалануу жаатында - жерлерди пайдалануу жана коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик инспектору - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө укукту регистрациялоо боюнча мамлекеттик агенствосунун директорунун орун басары;
- токойлорду коргоо жаатында - Кыргыз Республикасынын Башкы токой инспектору - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Токой чарба боюнча мамлекеттик агенствосуну директору болуп саналышат.
Областтарда, Бишкек шаарында жана Республиканын мамлекеттик коруктарында жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу жаатындагы мамлекеттик контролго жетекчиликти областтардын, Бишкек шаарынын жана мамлекеттик коруктардын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча башкы мамлекеттик инспекторлору ишке ашырат.
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик инспекторлордун укуктары Айлана чөйрөнү коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик инспектору - Министр тарабынан бекитилген тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин системасындагы башка кызматкерлерге да берилет.
Протоколдорду толтуруу жана кызмат адамдары тарабынан административдик укук бузуулар боюнча иш кароо Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилиги тууралу Кодексине ылайык жүргүзүлөт.
8. Жаратылыш ресурстарын эксплуатациялоого байланышкан ишкана, мекеме, организациялардын ишкердүүлүгү, министрликтер жана ведомстволор тарабынан өз тармактарынын чегинде ведомстволук контроль ишке ашырылат.
Ведомстволук контролду жүзөгө ашырууда министрликтер, административдик ведомстволор жана чарбакер субъектер белгиленген компетенциясынын чегинде айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы контролду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлиги жана башка атайын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан бекитилген укуктук актыларды (эрежелер, инструкциялар ж.б.) жетекчиликке алууга милдеттүү.
Ведомстволук контролду ишке ашыруучу органдар:
- Кыргыз Республикасынын айыл жана суу чарба министрлиги - сууну сарамжалдуу пайдалануу, балык корун коргоо жана республиканын сууларында балык өндүрүшүн уюштуруу жагында;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик токой чарба агентствосу - жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо, аңчылык ишин мамлекеттик токой фондусунун аймагында жүргүзүү жагында;
- аңчылык чарбалары жана аңчылык-балык уулоо коомдору - аларга бөлүнүп берилген аймактагы аңчылык-өндүрүшүндөгү жаныбарлар жана канаттуларды коргоо жагында;
Ведомстволук ички башкарууну жана курчап турган чөйрөнүн корголушуна контролду жаратылыш ресурстарынын пайдаланышына таасир көрсөтүүгө байланышкан министрликтер, администрациялык ведомстволор, уюмдар, ишканалар жана мекемелер да ишке ашырат.
Курчап турган чөйрөнү коргоо жагында ведомстволук контролду жүзөгө ашыруучу органдардын жана ушул органдардын кызмат адамдарынын укуктары менен милдеттери белгиленген тартипте бекитилүүчү ушул органдардын жоболору менен аныкталат.
9. Прокуратура уюмдары, Улуттук коопсуздук министрлиги, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик бажы инспекциясы айлана чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын ишке ашырылышында Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо министирлиги жана атайын ыйгарым укуктуу башка уюмдарга көмөк көрсөтөт.
Чек ара кызматкерлери өзүлөрү кызмат өтөп жатышкан райондордогу айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик контроль аракеттерине көмөк көрсөтүшөт.
Айлана чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жагында мамлекеттик контролду ишке ашыруучу органдарга айлана чөйрөнү коргоо боюнча штаттан тышкаркы инспекторлор жана коомдук уюмдар көмөк көрсөтүшөт. Айлана чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы коомдук контролду жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын "Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө" Законуна каршы келбеген коомдук уюмдар жөнүндөгү уставдар, жоболор жана мыйзамдар менен жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо боюнча штаттан тышкаркы инспекциясынын жобосу Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлиги тарабынан бекитилет.
10. Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо министри Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо боюнча Башкы мамлекеттик инспектору болуп саналат.
11. Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо боюнча Башкы мамлекеттик инспектору өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конститутциясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы, Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы Закондору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому жана ушул Жобо менен иш алып барат.
12. Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо боюнча Башкы мамлекеттик инспектору республиканын бардык аймактарында экологиялык кырдаалга контролду уюштурат жана Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыз кылууда жалпы республикалык иш-чараларды (мероприятия) ишке ашырат.
13. Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо боюнча Башкы мамлекеттик инспектору укуктуу:
- айлана чөйрөнү коргоо боюнча областык (аймактык), Бишкек шаардык, мамлекеттик заповедниктердин башкы мамлекеттик инспекторлорун кызматка алууга жана кызматынан бошотууга;
- айлана чөйрөнү коргоо боюнча областык (аймактык), Бишкек шаардык, мамлекеттик заповедниктер жөнүндөгү жобону бекитүүгө;
- экологиялык контролдоо кызматын түзүүгө;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте курчап турган чөйрөгө таасир тийгизген объектерди кыдырууга жана юридикалык ошондой эле жеке жактардан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузулушун четтетүүнү талап кылууга;
- экологиялык объективдүү кырдаалды тактоо үчүн кызмат адамдарынан жана жеке атуулдардан маалымат берүүсүн талап кылууга;
- илим-изилдөө мекемелерине, жогорку окуу жайларына алардын ведомстволук таандыгына карабай атайын зкспертизаны келишимдик же башка негизде жүргүзүүнү тапшырууга;
- айлана чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна негиздүү коркунуч алып келе турган бардык иштерди өзүнүн инициативасы менен же жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде бөгөт коюууга жана токтотууга;
- элдик пунктун, сооружениялардын курулушунун, реконструкциясын жана долбоорлорун ошондой эле жумуштун кээ бир түрлөрүн белгиленген объектте жүргүзүүнү, эгерде алар жаратылышты коргоо мыйзамдарына каршы келсе токтотууга;
- келишимди аткарбаган учурда объектилерди финансылооону токтотууга жана токтото турууга банктарга көрсөтмө жолдоого;
- кызмат адамдарын жана атуулдарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын одоно түрдө бузган фактыларда Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо Министрлигине чакыртып администрациялык жоопкерчиликке тартууга чечим чыгарууга;
- жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу жана анын жыйынтыгында курчап турган чөйрөгө келтирилген чыгымдын ордун толтурууну, жеке жана юридикалык жактардан анын ичинде чет өлкөлүктөрдөн дагы талап кылууга;
- жаратылышты коргоо нормаларын бузган күнөлүү жактарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу укук коргоо органдарынын алдына суроо коюууга;
- министрликтин коллегиялык жыйынында айлана чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана жаратылышты коргоо иш-чараларын аткарууда ошондой эле экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу суроосу боюнча менчиктин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабай ишкер субъектердин, администрациялык ведомстволордун, министрликтердин жетекчилеринин отчетун угууга;
- тиешелүү органдардын алдында Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы стандарттар, норма жана эрежелерди, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууга жол берген кызмат адамдары жана жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотууга чейинки чараларды көрүү жөнүндөгү суроону коюууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет:
республикадагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу жөнүндө;
- айлана чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу суроосу боюнча чарбакер субъектердин, администрациялык ведомстволордун, министрликтин жетекчилерин, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын отчетун угууга;
- Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарына каршы келген министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведостволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын укуктук актыларын жана чечимдерин жокко чыгарууга;
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу, чарбакер субъекттердин жетекчилерин экологиялык нормативдер, эреже жана жаратылышты пайдалануунун стандарттарын анын ичинде ведомствого баш ийишкен ишкана, мекеме жана организацияларды жаратылышты коргоо мыйзамдарын, одоно бузгандыгы үчүн белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартууга.
14. Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо боюнча Башкы мамлекеттик инспектору:
- экологиялык укук бузуларга кезегүүдө же табууда өз убактысында жана толук түрдө өзүнө берилген укукту эскертүү үчүн колдонууга;
- айлана чөйрөнү коргоочу мамлекеттик атайын ыйгарым укуктуу органдардын жаратылышты коргоо иш чараларын координациялоого;
- калктуу жайлардагы экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда жана калктын ден соолугун коргоо максатында коомдук бирикмедеги атуулдар, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен бирдикте жаратылышты коргоо иш чараларын координациялоого;
- өзүнүн профессионалдык милдетин аткарууда белгилүү боло турган маалыматка карата мамлекеттик жашыруун сырды сактаганга:
- өзүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берүүгө милдеттүү.
15. Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо боюнча Башкы мамлекеттик инспекторунун чечимин, атайын ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин (Башкы мамлекеттик инспектордун орун басарлары) чечимдери сыяктуу эле айлана чөйрөнү коргоодо мамлекеттик контролду ишке ашырууда, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдаланууда жана Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыз кылууда бардык министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын чарбакер субъектери аткарууга милдеттүү жана менчиктин түрүнө карабастан белгиленген мыйзам тартибинде арызданууга болот.
16. Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо боюнча Башкы мамлекеттик инспектору Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик контролду ишке ашырууда өзүнө жүктөлгөн тапшырма жана функцияларды аткарууда жекече жоопкерчиликке жооптуу.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 493 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик контролду ишке ишке ашыруучу айлана чөйрөнү коргоонун кызмат адамдары жана жана башка атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өздөрүнө жүктөлгөн функцияны камсыз кылууга милдеттүү жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык төмөндөгүлөргө милдеттүү:
а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана башка объекттерге, рынокторго (базарларга) менчиктин жана баш ийүүнүн түрүнө карабастан (анын ичинде аскердик жана коргоо объектилери), заповедник жана башка өзгөчө корголуучу аймактарга барууга, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон документтер, маалымат, жаратылыш ресурстарын пайдалануу тууралуу отчетту жана айлана чөйрөнү коргоо, анализдер жана башка материалдардын жыйынтыгы менен таанышууга;
б) жаратылышты коргоо мыйзамдарынын, айлана чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин талаптарынын сакталышын, курчап турган чөйрөнү коргоо жана калыбына келтирүү иш-чаралардын, жаратылыш ресурстарын кайра калыбына келтирүү жана пайдалануу, тазалоочу курулуштардын жана башка зыянсыздандыруучу коргоочу жабдуулардын, аларды контролдоочу каражаттардын ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте текшерүүгө;
в) айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы өзгөчө түрлөрүн ишкердүүлүгүн ишке ашырууда жана жаратылыш ресурстарынын колдонууга лицензияда белгиленген келишимди сактоону, жаратылышты колдонуудагы уруксат жана келишимди аткарууга, белгиленген тартипте аларды жокко чыгарууга, аларды жокко чыгаруу сунушун киргизүү же көрсөтмө берүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте текшерүүгө;
г) белгиленген тартипте жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузулуусун токтото туратууга, чектөөгө же токтотууга:
- булганыч заттардын таштандыларын курчап турган чөйрөгө тийгизген физикалык жана башка таасирин, жаратылыш ресурстарын пайдалануу;
- белгиленген ченемдерден, чегинен ашкан, таштандылар ташталган объектер, өндүрүштүк, транспорттук унааларды жана башка жылып жүрүүчү түзүлүштөрдү эксплуатациялоого;
- радиоактивдүү материалдарды колдонуу;
- өндүрүш жана башка объектилеринин курулушун, реконструкциясын жана кеңейишин;
- коруктардын жана башка өзгөчө корголууга алынган жаратылыш объектилеринин аймагында иш жүргүзүүнү, эгер аларга көрсөтүлгөн режимдер бузулуп жатса;
- айлана-чөйрөнүн абалына терс таасирин тийгизген башка иш түрлөрүн;
д) иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык транспорт унааларын токтотууга, кармоого жана кароого, мыйзамсыз түрдө кармалган продуктуларга пайдаланылган куралдарды тартып алууга;
е) жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузулушу туурасында атуулдардан жана кыззмат адамдарынан түшүндүрмөлөрдү талап кылуу протокол түзүү, административдик укук бузуу боюнча иштерди кароо (компетенция чегинде) жана мыйзамдар тарабынан аныкталган тартипте күнөөлү адамдарга айыптарды жана административдик төлөтүүлөрдү таңуулоо, керектүү учурда күнөөкөрлөрдү жаза кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн укук коргоо органдарына иштерди өткөрүп берүү;
ж) келтирген зыянды төлөө жөнүндө бузуучуларга доо коюу;
з) жаратылыш ресурстарын пайдаланууга берилген уруксаттарда белгиленген шарттарды бузуу менен же уруксаты жок эле ашырылып жаткан өнөр жайлык жана башка багыттагы объектилерди куруу, реконструкциялоо жана кеңейтүү боюнча финансылоону токтотуу боюнча тийиштүү банк мекемелерине көрсөтмө кат берүү;
18. Айлана-чөйрөнү короо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик контроль жүргүзгөн мамлекеттик инспекторлордун жана башка атайын ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин чечими аткарылууга милдеттүү жана жогору турган кызмат адамына даттанылууга мүмкүн.
19. Айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттик контролду ишке ашыруучу кызмат адамдары жаратылыш жаатындагы мыйзамдарды бузуучуларга карата болгон чаралардын өз убактуулугуна, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн материалдарынын объективдүүлүгүнө жооптуу.
20. Айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттик контролду ишке ашыруучу кызматтык адамдардын укуктуу эмес иш аракеттеринен жаратылыш пайдалануучуларына тийгизилген чыгымдар мыйзам тарабынан бекитилген тартипте кайтарылып берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 493 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Кызмат милдеттерин аткарууда Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдардын мамлекеттик инспекторлору мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болуп саналат жана мамлекеттик коргоосунда болот. Өз функцияларын аткарууда мамлекеттик инспекторлор Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Башкы мамлекеттик испекторго жана анын орун басарларына гана баш ийет.
22. Айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттик контролду ишке ашырууга тоскоол көрсөткөн адамдар, ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарына карата күч менен коркутуу же күч колдонулган иш аракеттер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган, жоопкерчиликке тартылат.
23. Жаратылыш коргоо мыйзамдарын бузуучулар менен болгон күрөштө айырмаланган айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик инспекторлорго, штаттан тышкаркы инспекторлор, исктерди, айыптарды жана нормативдик төлөмдөрдү төлөтөп алууга катышкандарга, Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобого ылайык жана башка мыйзам актыларына ылайыктуу сыйланат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 493 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатында мамлекеттик контролду ишке ашырып жаткан органдарды, объектти текшерүү учурунда, текшерилип жаткан ишканалар, мекемелер жана уюмдар, өзүнүн ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчиктин түрүнө карабастан, мыйзам тартибинде транспорт унаалары, байкоочу приборлор жана байланыш менен камсыз кылууга милдеттүү.
25. Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатында мамлекеттик контролду ишке ашырып жаткан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик инспекторлор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин транспорт унаалары Кыргыз Республикасындагы курорттук зона аймактарына жана башка аймактар менен объектилерине кирүү жана чыгуу төлөмдөрүнөн бошотулат.
26. Кызмат милдеттерин аткарууда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик кызматкерлерге, белгиленген тартипте, кызматтык ок атуучу куралды жана атайын каражаттарды (наручниктер, резина таяктары, жаш ыйлатуучу каражаттар) алып жүрүүгө, сактоого жана пайдаланууга, Кыргыз Республнкасынын мыйзамдары белгиленген тартипте, кызмат милдеттерин аткарууда күч колдонууга уруксат берилет.
Кызматтык ок атуучу куралды жана атайын каражаттарды сатып алуунун, сактоонун жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат.
27. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик инспекторлорго өзгөчөлүү белгилери бар формалык кийим жана бирдей үлгүдөгү күбөлүк берилет.
28. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик инспекторлор кызмат милдеттерин аткарууда эмблемага - ведомстволук белгиге, пломбирге жана башка жумушка керектүү каражаттарга ээ.