Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-августу №493
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Нормативдик укуктук актыларды "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 25-майындагы №295 "Айлана-чөйрөнү коргоого, табигый ресурстарды рационалдуу пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоого мамлекеттик көзөмөл жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Айлана-чөйрөнү коргоого, табигый ресурстарды рационалдуу пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоого мамлекеттик көзөмөл жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
13-пункттун бешинчи абзацындагы "кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин сутканын кандай гана убагында болбосун тоскоолдуксуз" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 17-пунктта:
"а" пунктчасындагы "кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин белгиленген тартипте тоскоолдуксуз кирүүгө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "б" жана "в" пунктчалары "текшерет" деген сөздөн мурда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы N 788 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |
|
|