КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-ноябры № 3598-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Аскер наамдарын, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө", "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Муниципалдык кызмат жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун четке кагуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Ш.Ч.Айтматова жана Р.Б.Жээнбеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Аскер наамдарын, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө", "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Муниципалдык кызмат жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору четке кагылсын.
Төрагасынын орун басары | Ч. Султанбекова |