Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-ноябры № 3601-V
"Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013-2014-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 токтомун аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши тууралуу
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013-2014-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Д.Сарпашевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
"Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013-2014-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 токтомуна ылайык отун-энергетика комплексинин ишканалары, энергетика компаниялары, министрликтер жана ведомстволор тарабынан айрым иштер жүзөгө ашырылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы боюнча 2013-жылдын 16-октябрына карата бүтүндөй республика боюнча 859,9 миң тонна көмүр, же жылдык план 45,0% жана учурдагы план 81,2%, даярдалган, жагылуучу мазут 21,7 миң тонна, же жылдык пландан 31,3% жана учурдагы пландан 53,07 пайызга аткарылган.
Министрликтер жана ведомстволор тарабынан 79,5 миң тонна (64,2%), калк тарабынан 546,04 миң тонна (119,1%) көмүр даярдалган.
Бишкек шаарынын ЖЭБине 270,37 миң тонна (51,9%), анын ичинде импорттук 189,99 миң тонна жана жергиликтүү 80,38 миң тонна көмүр, 3,0 миң тонна (21,4%) жагылуучу мазут алынып келинген.
Ош шаарынын ЖЭБне 12,2 миң тонна жагылуучу мазут (79,35%) алынып келинген. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" (мындан ары - "КТКС" МИ) 11,0 миң тонна көмүр (33%), жана 6,18 миң тонна жагылуучу мазут (65,4%) даярдалган.
"Кыргызгаз" ААКсы боюнча жаратылыш газын берүү 2013-жылдын 1-октябрына чейин "КазТрансГаз" АКсы аркылуу 342,0 млн. куб.метр жана "Узтрансгаз" АКсы аркылуу 100,0 млн. куб.метр көлөмүндө жүзөгө ашырып жатат. 2013-жылдын 1-октябрына карата 48549,0 миң куб.метр газ керектелген.
"Кыргызмунайгаз" ААКсы тарабынан 2013-жылдын январь-августунда 48,972 миң тонна чийки мунайзат жана 21524,7 миң куб.метр жаратылыш газы алынган. "Кыргызмунайгаз" ААКсынын дебитордук карызы 311,08 млн. сомду, анын ичинде "Электр станциялары" ААКсында 126,8 млн. сомду, "КТКС" МИсинде 163,8 млн. сомду, "Кыргызгаз" ААКсында 12,0 млн. сомду түзгөн.
2013-жылдын 16-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15,95 млрд. куб.метрди түзөт.
Республика боюнча электр энергиясын иштетип чыгуу (мындан ары - электр энергиясы) 2013-жылдын 9 айынын ичинде 9,64 млрд. киловатт саатты, анын ичинде гидроэлектрстанцияларда (ГЭС) 9,01 млрд. кВт. саатты, ЖЭБде 540 млн. кВт. саатты түзгөн.
2013-жылдын сугат мезгилинде 347,8 млн. кВт. саат, анын ичинде Казакстан Республикасына 374,5 млн. кВт. саат, КЭРге 0,22 млн. кВт. саат электр энергиясы экспорттолгон.
2013-жылдын январь-сентябрында керектөөчүлөргө 6257,0 млн. кВт. саат электр энергиясы берилген жана товардык продукция 5442,2 млн. сомду түзгөн. Бөлүштүрүүчү электр компанияларынын (мындан ары - БЭК) тармактарында электр энергиясынын жоготуулары көрсөтүлгөн мезгилде 1207,4 млн. кВт. саатты (16,1%) түзгөн.
БЭКтин иш жыйынтыктары боюнча 2013-жылдын апрель-сентябрында электр энергиясын керектөө лимитинин ашыкча болушуна жол берилген жана республика боюнча ал 63,3 млн. кВт. саатты түзгөн.
2013-жылдын 1-октябрына карата электр энергиясын керектөөчүлөрдүн БЭКтин алдындагы дебитордук карызы 1115,0 млн. сомду түзгөн, анын ичинде бюджеттик уюмдардын 279,0 млн. сом карызы болгон. Өз кезегинде БЭКтин электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн алдындагы кредитордук карызы 2013-жылдын 1-сентябрына карата 2584,6 млн. сом, анын ичинде "Электр станциялары" ААКсына 1075,4 млн. сом, "Кыргызстандын УЭС" ААКсына 1509,2 млн. сом жана республиканын бюджетине болгон карызы 278,2 млн. сом суммасын түзгөн.
Ушундан улам, өз учурунда төлөмдөр жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Мамлекеттик салык кызматы тарабынан энергокомпаниялардын эсептешүү счетторуна камакка алуу салынган.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан айрым ишканалардын, анын ичинде "КТКСтин" МИсин 679,0 млн. сом өлчөмүндө отун даярдоого кошумча каржылоо жана катаал жаратылыштык-климаттык шарттардагы бийик тоолуу жерлерде жашаган тургундарга керектелген электр энергиясы үчүн 2013-жылдын январь-сентябрында 79,76 млн. сом суммасында компенсациялык финансы каражаттарын төлөө кечиктирилип жаткандыгын белгилөө керек.
Энергокомпаниялар жана отун-энергетикалык комплекстин ишканалары боюнча ремонттоо иштери графикке ылайык жүзөгө ашырылып жатат.
Бишкек шаарынын ЖЭБинде 6 буу казан жана 3 турбоагрегат оңдолууда, резервде 9 буу казан жана 6 турбоагрегат бар.
"Бишкек жылуулук тармагы" ААКсы боюнча оңдоо иштери пландагы 111974,8 миң сомдун ордуна 76129,5 миң сом суммасына (68%) аткарылган.
ГЭСтерде төрт гидроагрегатты оңдоо бүткөрүлгөн жана Күрпсай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай ГЭСтеринин трансформаторлору жана гидроагрегаттары оңдолуп жатат.
Бишкек жана Ош шаарлары боюнча 65 километр кабелдик чубалгылар (КЧ 6-10 кВ.), анын ичинде Бишкек шаары боюнча 45,3 километр жана Ош шаары боюнча 9,24 километр тартылган.
Жасалып жаткан оңдоп-түзөө иштерине карабастан авариялык өчүрүүлөр орун алган жана алардын саны барган сайын өсүп жатат. Мисалы, 2013-жылдын башталышында 6/10 кВ. тармактарында 110 кВ. көмөк чордондорунан өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда авариялык өчүрүүлөрдүн саны 10,4%га, анын ичинде "Түндүкэлектр" ААКсы боюнча 10,4%, "Чыгышэлектро" ААКсы боюнча 13,2%, "Жалал-Абадэлектро" ААКсында - 38,4%га көбөйгөн, ошентип өчүрүүлөрдүн жалпы саны 801ге жеткен.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 21-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012-2013-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө" № 2496-V жана 2012-жылдын 27-декабрындагы "Калкты жаратылыш газы жана электр энергиясы менен камсыздоо, ошондой эле автомобиль жолдорунун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу" № 2646-V токтомдорун аткаруу боюнча так чаралар көрүлбөгөндүгүн белгилөө зарыл.
Атап айтканда, "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012-2013-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 2496-V токтомунда каралган тапшырмаларды аткаруу боюнча чаралар кабыл алынган эмес:
- керектелген электр энергиясы үчүн бюджеттик уюмдар боюнча карыздарды төлөөнү толук көлөмүндө камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн маалыматында (2013-жылдын 26-июнундагы № 13-1251/15) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан керектелген энергиясы үчүн бюджеттик керектөөчүлөргө каражаттарды өз мезгилинде бөлүп берүүнү камсыз болбогондугуна байланыштуу бөлүштүрүүчү электр компаниялары (БЭК) финансы кыйынчылыктарына туш болуп жаткандыгын көрсөткөн. Бюджеттик керектөөчүлөрдүн электр энергиясы үчүн дебитордук карызы жыл башынан тартып 174 млн. сомго өскөн жана 2013-жылдын 1-апрелине карата 540 млн. сомду түзгөн.
Ушундай эле абал азыркы учурда да кайталанып жатат, 2013-жылдын 1-октябрына карата бюджеттик уюмдардын керектелген электр энергиясы үчүн дебитордук карызы 279,0 млн. сомго жеткен;
- мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин трансформатордук подстанцияларын БЭКтин балансына өткөрүп берүү, дарылоо мекемелерин резервдеги генератордук жабдуулар менен камсыз кылуу;
Өкмөттүн мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин трансформатордук подстанцияларын (мындан ары - КЧ) БЭКтин балансына өткөрүп берүү боюнча маалыматында 2013-жылдын 1-апрелине чейинки көрсөткүчтөр чагылдырылган. Ага ылайык, абоненттик КЧларды БЭКтин балансына кабыл алуу маселеси КЧга укук берген жана техникалык документтер жана алардын техникалык абалы канааттандыраарлык болгондо КЧнын менчик ээлеринен келип түшкөн арыздарга жараша чечилет, б.а. үстүбүздөгү жылдын өткөн жарым жылдыгында мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин трансформатордук подстанцияларын БЭКтин балансына кабыл алуу боюнча чаралар көрүлгөн эмес.
Дарылоо мекемелерин резервдик генератордук жабдуулар менен камсыздоо жөнүндө маалыматта эч кандай башка маалыматтар көрсөтүлбөгөн;
- Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук борборуна кошуу маселесин чечүү.
Берилген маалыматта азыркы учурда "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" МИсинин Жалал-Абаддагы жылуулук менен камсыздоо ишканасынын буу казандарына 30 үйдү кошуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги көрсөтүлгөн, ал үчүн 60 млн. сом өлчөмүндө финансы каражаты зарыл. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилген тапшырмага карабастан Өкмөт "жогоруда көрсөтүлгөн сумма жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таап берилгенде гана "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" МИси көрсөтүлгөн үйлөрдү жылуулук тармактарына кошуу маселесин кароого даяр" деп билдирген, б.а. ал маселени чечүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөп койгон;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналышында Баткен областынын Бүргөндү массивиндеги мунайгаз чыккан жерлердин жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жөнүндө маселени кароо.
Республика үчүн өтө маанилүү болгон ушул маселе Өкмөттүн жыйналышында каралгандыгы жөнүндө маалыматы жок.
Ошондой эле "Калкты жаратылыш газы жана электр энергиясы менен камсыздоо, ошондой эле автомобиль жолдорунун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 2646-V токтомунун төмөнкүдөй пункттары аткарылбай калган:
ысык тамак берүү пункттарын (мобилдик ашканаларды) уюштуруу жана калкты алар жайгашкан жер жана иштөө графиги тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кабарландыруу;
Ала-Арча суу ташкынынан жапа чеккен калктын социалдык аярлуу катмарына материалдык-финансы жардамдарын көрсөтүү.
Бирок Өкмөт тарабынан берилген маалыматта (2013-жылдын 26-июнундагы № 13-1251/15) ал маселелер боюнча маалымат жок.
Көрсөтүлгөн токтом менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына 2005-жылы "КазТрансГаз" АКсынын жана "Кыргызгаз" АКсынын ортосунда түзүлгөн "КырКазГаз" ЖЧКсынын кыргыз-казак биргелешкен ишканасынын ишин текшерүү тапшырылган.
Башкы прокуратура тарабынан (2013-жылдын 27-февралындагы № 11-82-13 жана 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 8/1-413-11) берилген маалыматтарында "КырКазГаз" ЖЧКсынын БИсинин финансылык тартип бузуу фактылары боюнча бир катар кылмыш иштери козголгондугу, ал иштер бүгүнкү күнгө чейин тергөө абалында экендиги тууралуу айтылган.
"Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013-2014-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн берген маалыматын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-2014-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине экономика тармагын даярдоонун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Д.Сарпашевдин маалыматы эске алынсын.
2. 2013-2014-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине отун даярдоо боюнча министрликтерди жана ведомстволорду финансылык каражаттар менен камсыз кылуу бөлүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жетишсиз деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ресурстардын, кирешелердин жана бюджеттик чыгашалардын ай сайын финансылык планына ылайык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн "2013-жылга республикалык бюджет жана 2014-2015-жылдарга божомол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган финансы каражаттарын бөлүүнү толук көлөмүндө жүзөгө ашырсын;
- катаал жаратылыш-климаттык шарттагы бийик тоолуу жерлерде жашаган тургундар үчүн электр энергиясына акы төлөөгө компенсацияларды бөлүү маселесин чечсин;
- 2013-2014-жылдардын күз-кыш мезгилинде Социалдык фонд боюнча энергокомпаниялардын төлөмдөрүнүн мөөнөтүн узартуу жана энергокомпаниялардын эсептешүү счетторун камакка алууну алып салуу мүмкүнчүлүгүн карасын;
- министрликтер, ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан отун даярдоо графиктерин, электр энергиясын жана кубаттуулугун керектөөнүн белгиленген лимиттерин сактоо, керектелген электр, жылуулук энергиялары жана жаратылыш газы үчүн карыздардын ордун өз учурунда жабууну камсыз кылсын;
- "КТКСтин" МИсине республикалык бюджеттен 679 млн. сом өлчөмүндө финансы каражаттарын кошумча бөлүү маселесин чечсин;
- керектелген электр энергиясы үчүн бюджеттик уюмдар боюнча карыздарды төлөөнү толук көлөмүндө камсыз кылсын;
- Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук борборуна кошуу маселесин чечсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналышында Баткен областынын Бүргөндү массивиндеги мунайгаз чыккан жерлердин жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жөнүндө маселени карасын;
- Ала-Арча суусунун ташкынынан жапа чеккен калктын социалдык аярлуу катмарына материалдык жана финансылык жардам көрсөтүү боюнча маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:
- 2013-2014-жылдардын күз-кыш мезгилинде энерготутумдун туруктуу иштөөсүн жана электр жана жылуулук энергиясынын керектөөчүлөрүн электр энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылсын;
- керектөөчүлөрдүн электр энергиясын авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 токтомуна ылайык "Электр станциялары" ААКсынын, "КТКСтин" МИсинин, "Кыргызгаз" ААКсынын, "Кыргызмунайгаз" ААКсынын алдындагы берилген продукция үчүн карыздарын жоюу боюнча чараларды кабыл алсын;
- Бишкек шаарындагы ЖЭБге ата-мекендик көмүр чыккан жерлерден көмүр алып келүүлөрдү көбөйтүү боюнча максатка багытталган иштерди жүргүзсүн;
- мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин трансформатордук подстанцияларын БЭКтин балансына өткөрүп берүү, дарылоо мекемелерин резервдик генератордук жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы "КырКазГаз" ЖЧКсынын БИсинин ишин текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине (К.Рыспаев) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Жээнбеков |