КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-ноябры № 3620-V
«2013-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы (Өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатында операция-1) Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөту тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 2-октябрындагы № 547 токтому) «2013-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы (Өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатында операция-1) Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. «2013-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы (Өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатында операция-1) Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун четке кагуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-ноябрындагы № 3607-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров |