Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-декабры № 2642-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Н.Жапаровду депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Н.Жапаровду депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын төрагасы Н.М.Мурашевдин маалыматын угуп, бул маселе боюнча көрсөтүлгөн комиссиянын корутундусун жана анын айрым мүчөлөрүнүн - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешевдин, А.О.Кутушевдин, С.К.Нышановдун өзгөчө пикирлерин карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Н.Жапаровду депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын (мындан ары - Комиссия) төрагасы Н.М.Мурашевдин маалыматы эске алынсын.
2. Комиссиянын корутундусунда баяндалган негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Саляновага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садыр Нургожоевич Жапаровду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартылсын.
3. Комиссиянын корутундусу, анын айрым мүчөлөрүнүн - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешевдин, А.О.Кутушевдин, С.К.Нышановдун өзгөчө пикирлери жана ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин веб-сайтына жайгаштырылсын жана "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Н.Жапаровго карата жазык ишин козгоодо жана тергөө аракеттерин жүргүзүүдө Комиссиянын корутундусунда баяндалган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерин бузууларга жол берилбестигине Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын көңүлү бурулсун.
Төрага |
| А.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-сентябрындагы № 2283-V токтомуна ылайык Башкы прокурордун сунуштоосун кароо боюнча депутаттар Н.М.Мурашев, Ж.А.Жолдошева, С.К.Нышанов, Д.Д.Бекешев, А.О.Кутушев курамында болгон атайын комиссия түзүлгөн жана комиссиянын жыйналышында Мурашев Нурбек Мурпазылжанович төрагасы болуп шайланган.
Депутаттык комиссия, Башкы прокуратура тарабынан берилген, ошондой эле комиссия башка мамлекеттик органдардан жана уюмдардан талап кылган документтердин бардыгын иликтеп, депутат С.Н.Жапаров жана бардык кызыкдар адамдар менен маектешүү жүргүзүп, төмөндөгүлөрдү аныктады:
2012-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жапаров Садыр Нуркожоевичти депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштоо киргизген.
Сунуштоодо 2012-жылдын 17-сентябрында Башкы прокурор тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 30-166-беренелеринин 4-бөлүгүнүн 2-пунктундагы белгилер боюнча (алдын ала сүйлөшүп алуу менен адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылыкка катышкандыгы), ошондой эле 28-177-беренелеринин 2-бөлүгүндөгү (ири өлчөмдө жасалган, кылмыштуу жол менен алдын ала алынган мүлктү сатууга аракет) жана 177-беренесинин 2-бөлүгүндөгү (ири өлчөмдө жасалган, кылмыштуу жол менен алдын ала алынган мүлктү сатуу) белгилери боюнча депутат С.Н.Жапаровго кылмыш иши козголгондугу белгиленген. Тергөөнүн пикири боюнча С.Н.Жапаров төмөндөгүдөй шарттарда кылмыш жасаган.
Мадылбеков Элдар Туратбекович, 2010-жылдын 7-апрелдеги окуялардан кийин Кыргыз Республикасынын ИИМнин Академиясында чогуу окуган курсташы М.Байгелдиев менен алдын ала сүйлөшүп алып, мурда Максим Бакиевдин офисинде айдоочу болуп иштеген, 1985-жылы туулган Биряльмин Станислав Олеговичке тиешелүү Бишкек шаарындагы Киев-74 көчөсүндө жайгашкан имаратты күч менен басып алууну уюштурган. Ага карата санкция боюнча мүлкүн конфискациялоо каралган. Оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгон. Э.Мадылбеков жана М.Байгелдиев С.О.Биряльминдин атынан жасалма арыз жана макулдашуу даярдоо менен 2010-жылдын 5-июлунда "Глобал профит" ЖЧКсынын үлүшүнүн 100 пайызын өткөрүп берүү жөнүндө имаратты М.Байгелдиевге мыйзамсыз катташкан. 2010-жылдын 21-июлунда С.Жапаров Э.Мадылбеков тарабынан аталган имаратты М.Байгелдиевдин атына мыйзамсыз катталгандыгын алдын ала билип туруп, жарандык-укуктук бүтүм жасоо түрүндө ал имаратты сатып алуу-сатуу келишимин түзүп жана аны 19 млн. 500 миң сом суммасында төмөндөтүлгөн баа боюнча өзүнүн жардамчысы М.Букабаевге каттаткан. С.Н.Жапаров бул имаратты экс-депутат А.Буркановго сатууга аракет кылган, бирок Бишкек шаарынын прокуратурасынын улук тергөөчүсү А.Бейшембаев тарабынан имаратты каттоого тыюу салынгандыктан андай бүтүм түзүлбөй калган. 2010-жылдын 18-ноябрында С.Жапаров жогоруда көрсөтүлгөн имаратты Э.Мамытовго 23 млн. сомго саткан жана Жаныбек уулу Шумкарбекке каттаткан, муну менен ал 3 млн. 500 миң сом пайда тапкан.
Депутаттык комиссия тарабынан суралган С.Жапаров өзүн күнөөлүү эмесмин деп эсептөө менен чынында эле Э.Мадылбеков Бишкек шаарындагы Киев-74 көчөсүндө жайгашкан имаратты сатып алуу өтүнүчү менен кайрылгандыгын жана ал имарат ага жана анын өнөктөшүнө тиешелүү экендигин жана баасы 1 млн. АКШ доллары тураарын айткан. Ал менде андан акча жок деп жооп берген. Э.Мадылбековдун имаратты карап көрүүнү өтүнүү менен өзүнүн жардамчыларын жөнөткөн. Алар имаратты келип көрүшкөндөн кийин анын дурус абалда экенин, бирок 7-апрелден кийин айрым жерлери талкалангандыгын жана оңдоп-түзөө иштери талап кылынгандыгын айтышкан. Ал өзүнүн юристи А.Мощинди жана М.Букабаевди имарат боюнча мыйзамдуулугун текшерүүгө, анын күрөөдө, арестте эместигин, бардык мыйзамдуу талаптардын сакталгандыгын текшерүүгө жөнөткөн. Юрист А.Мощин жана М.Букабаев имараттын күрөөдө, арестте турбагандыгын айтып келишкен. Ал анда Мадылбековго имаратты 500 миң АКШ долларына сатып алам деген, ал эми Мадылбеков ойлонуп көрөйүн деп жооп берген. Андан кийин бир аз убакыттан соң Мадылбеков имаратты ошол суммага сатууга макулмун деп телефон чалган. С.Н.Жапаров жана анын жардамчысы М.Букабаев мурда "Ысык-Көл" Инвест банкынан 150 миң АКШ доллары суммасында кредит алышкан жана ал акчаларды Э.Мадылбековго тапшырып, калган сумманы он күндүн ичинде берүүгө сөз беришкен. Бирок кыска мөөнөттүн ичинде алар калган карызды бере алышкан эмес, ал эми Э.Мадылбеков болсо калган акчаларды талап кыла баштаган. Ал М.Букабаевге кардар табууну, бул имаратты өз баасына болсо да сатууну жана калган акчаларды кайрып берүүнү сунуштаган. Ошентип, кардар Э.Маматовду таап, 500 миң АКШ долларына сатышкан жана анын сунушу боюнча Жаныбек уулу Шумкарбекке каттатышкан. Ошентип ал банк менен толук эсептешип бүтүп калган акчаларды (сом менен) С.Жапаров өзүнүн бөлмөсүндө Э.Мадылбековго өткөрүп берген, ошондой эле С.Жапаров С.О.Биряльмин менен мурда кездешпегендигин, бул имарат С.О.Биряльминге тиешелүү болгондугун, ал М.Байгелдиев Биряльминдин колун жана башка уюштуруу документтерин, ЖЧКнын мөөрүн жасалма жасагандыгын билбегендигин түшүндүрдү.
Комиссиянын суроо-талабы боюнча "Инвест банк "Ысык-Көл" ААКсы Консерватору чындыгында банк жылдык 22% менен 7 млн. сом суммасына 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 137 насыя келишимин Мирбек Букалаев менен түзгөндүгүн билдирди.
Элдар Туратбекович Мадылбековдун түшүндүрмөлөрүнөн көрүнүп тургандай, ал өзүнүн курсташы М.Байгелдиевди жолуктуруп, анын ЖЧКнын башкы директору экендигин жана Бишкек шаарынын Киев-74 - жайгашкан имаратты сата тургандыгын жана кардар табууну өтүнгөн. Ал штабга келип С.Жапаров менен жолугушуп, имаратты сатып алууну сунуш кылган. Бирок С.Жапаров өзгөчө деле кызыкдар эмес экендигин көрсөткөн. Бирок кийин ал имаратты карап көрүүнү өтүнгөн жана өзүнүн жардамчысы М.Букабаевди, Э.Мадылбековду жана М.Байгелдиевди имаратты көрүп келүүгө жөнөткөн. Бирок акча алган эмес, болгону ал сүйлөшүүлөрдө ортомчу гана болгон.
Байгелдиев Мукаш комиссияга Бишкек шаарындагы Киев-74 көчөсүндө жайгашкан имараттын мыйзамсыз катталгандыгы жөнүндө билген эместигин түшүндүргөн. Ага Кыргыз Республикасынын ИИМнин Академиясында бирге окуган курсташы Э.Мадылбеков имаратты ага каттатуу жөнүндө сунуштаган документке кол коюп берүүнү өтүнгөн. Мында ал мыйзамга каршы эч нерсе жок болуш керек деп ойлогон. Ал учурда аталган имарат Бакиевге тиешелүү экендиги жөнүндө жоромолдордон башка сөз болгон эмес. С.Жапаров имараттын Максим Бакиевге тиешелүү экендигин билгенби - деген депутаттардын суроосуна имараттын көйгөйлүү экендиги жөнүндө С.Жапаров Э.Мадылбековдун сөзүнөн улам билген деп жооп берген. Э.Мадылбеков акчаны С.Жапаровдон алган, Бирок суммасын так билбегендигин, ал акчаны Э.Мадылбековдун үйүнө жеткирип берүүгө гана жардамчы болгондугун айтат. Арадан үч күн өткөндөн кийин Э.Мадылбеков ага бонус катары 15 миң АКШ долларын төлөп берген. Ал юстиция бөлүмүнө бир жолу, Киев-Правда көчөсүндөгү офиске 2-3 жолу баргандыгын, бирок ал жерден С.Жапаровду көргөн эмесмин дейт. Ал Э.Мадылбековдун колунан А.Елисеевдин жана башкалардын башка обьектилерине документтердин пакетин көргөн. Бирок 2,5 ай бою прокуратура менен кызматташуудан качып жашынган жана аны күнөөлүү кылып камап коюудан чочулаган.
Документтерден көрүнүп тургандай - эки кабаптуу имарат Фрунзе шаар кеңешинин аткаруу комитетинин 1955-жылдын 2-июлундагы "125 орундуу бала-бакчанын курулушуна жер участогун бөлүү жөнүндө № 313 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөржай министрлигине ыкчам башкаруу укугуна өткөрүлүп берилген. 1989-жылдын 17-февралындагы иликтөөлөргө ылайык курулган жылы 1956-жыл деп көрсөтүлгөн. 1972-жылдын февралында бул имарат "Кыргызгипродводхоз" долбоорлоо институтуна өткөрүлүп берилген. 2003-жылдын 23-июнунан тартып 2008-жылдын июнуна чейин бул имарат "Кумтөр Оперейтинг Компаниге" ижарага берилген.
Кыргыз Республикасынын МККсынын өкүлү комиссиянын жыйналышында жогоруда көрсөтүлгөн имараттар боюнча түзүлгөн бардык бүтүмдөр туура деп түшүндүрөт. Бул имарат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемеси боюнча Чолпон-Ата шаарындагы Советская 61 көчөсүндө жайгашкан А.В.Кимдин менчигине тиешелүү алмаштыруу келишими боюнча алынган имарат "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын дирекциясынын балансына мамлекеттик менчикке өткөрүлгөн. Азыркы күндө Бишкек шаарындагы Киев-74 көчөсүндө жайгашкан имараттын ээси жеке жак - Жаныбек уулу Шумкарбек болуп эсептелет.
МККнын архивинен комиссия талам кылган документтерди иликтөөдөн улам соттук экспертиза жүргүзбөй туруп эле бир катар олуттуу Мыйзам бузууларды көрүүгө болот. Мисалы, документтер боюнча "Глобал-профит" ЖЧКсынын уставы эмнегедир "Элит үй куруу" жоопкерчилиги чектелген коомдун уставы" деп белгиленген, ал эми "Элит үй куруу" ЖЧКсынын "Глобал-профит" ЖЧКсына эч кандай тиешеси жок, бул Юстиция кызматкерлеринин шектенүүлөрүн пайда кылууга тийиш. С.О.Биряльминдин кол тамгасын салыштырып көргөндө анын кол тамгасынын ар кандай документтердеги окшош эместиги дароо эле көрүнөт. 2010-жылдын 1-июлунда МККнын төрагасы А.Шыкмаматовго жана кыймылсыз мүлк кадастры жана укуктарды каттоо департаментинин Бишкек башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министринин орун басары А.Абышовдун колу менен кат жөнөтүлүп, департаменттин 2010-жылдын 5-июлунда № 02/1110 каттоо китебине катталган. Анда Бишкек шаарынын Киев-74 көчөсүндө жайгашкан имаратты менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун текшерүүгө байланыштуу министрлик көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлккө карата юридикалык аракеттерди жасоого тыюу салууну өтүнгөн. А.Шыкмаматов 2010-жылдын 5-июлунда кир. № 23/755 резолюцияда: "Н.Д.Исабековго аткаруу үчүн; Маммүлк министрлиги кыймылсыз мүлккө арыз салууга укуктуу" деп жазган. Департаменттин директору Н.Исабеков МККнын төрагасы А.Шыкмаматовго № 47 кызматтык кат жазып, көрсөтүлгөн имарат боюнча юридикалык аракеттер 10 күнгө токтогулгандыгы жөнүндө тапшырма аткарылды деп жооп берген. Маммүлк министрлиги өзүнүн катын контролго албай, "Глобал-профит" ЖЧКсын кайрадан каттоодон өтүшүнө жол берген (министр Ш.И.Абдылдаев). Эки күндөн кийин, башкача айтканда, документтер келип түшкөн соң 2010-жылдын 7-июлунда Бишкек шаардык Юстиция башкармалыгынын начальниги Н.Кутмамов "Глобал-профит" ЖЧКсынын ээси катары М.Ж.Байгелдиевди кайра каттоо жөнүндө буйрук чыгарган, мында берилген документтерди текшерүүдө талап кылынган бардык документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптар боюнча берилгендиги белгиленген. 2010-жылдын 7-июлунда Юстиция башкармалыгынын начальниги Н.О.Кутмановдун колу менен М.Байгелдиевге "Глобал-профит" ЖЧКсын кайра каттоо жөнүндө № 104608-3301-000 Күбөлүгү берилген (комиссиянын жыйналышында Башкы прокуратуранын өкүлү К.Ж.Турдумамбетов ошол мезгилде Кыргыз Республикасынын Юстиция министри болуп А.Ж.Салянованын иштегендигин билдирген). Документтердин мыйзамдуулугу Бишкек шаарынын Биринчи май нотариалдык округунун нотариусу И.А.Базаркулова тарабынан текшерилип жана күбөлүк берилген, ошондой эле № 730 реестрге катталган. Ошондой зле, ММКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын архивиндеги документтердин арасынан жогоруда көрсөтүлгөн имарат боюнча башкармалыктын начальниги Б.Берикбаевдин каты табылган, бирок ага кол коюлган эмес. Маммүлк министрлигинин, юстиция министрлигинин жана ММКнын кызматкерлери тарабынан имаратты "Глобал-профит" ЖЧКсын юридикалык каттоо жүргүзүүдө кетирилген башка кемчиликтери да бар.
2010-жылдын 21-июлунда М.Ж.Байгелдиев сатып алуу - сатуу келишимине ылайык Бишкек шаарынын Киев - 74 көчөсүндөгү имаратты 1987-жылы туулган Букабаев Мирбек Канатбековичке сатып, аны тараптар 19 млн. 500 миң сомго баалашкан жана Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан 2010/90136 номери менен катталган (регистратор Н.Жумашов).
2010-жылдын 26-августунда Бишкек шаарынын Прокуратурасынын улук тергөөчүсү А.Н.Бейшенбаев мындан ары зарылчылыктын жоктугуна байланыштуу Бишкек, шаарынын Киев-74 дареги боюнча кыймылсыз мүлккө арест салууну сизден өтүнөмүн деп жазган № 765 кат жөнөткөн. 2010-жылдын 27-июнунда жаңы конституциянын кабыл алынгандыгына байланыштуу менчик ээлигинде болгон мүлккө арест салуу, салынган арести алып салууга соттук актынын негизинде гана жол берилет, демек прокуратура органдары тарабынан анын ыйгарым укуктарынан тышкары кетирилген кемчиликтер Конституциянын талаптарын бузгандыгын күбөлөндүрүп турат.
Кылмыш ишин козгоо жөнүндөгү токтомдо жана Башкы прокурордун сунуштоосунда белгиленгенден, 2009-жылдын 27-октябрында Максим Бакиев имаратты "Глобал-профит" ЖЧКсына формалдуу каттагандыгы жана ЖЧКнын ээси болуу менен имараттын жалган ээси экендигинен тышкары сөз жүзүндөгү жоромолдордон башка аталган имараттын Максим Бакиевге тиешелүүлүгүн тастыктаган кандайдыр бир объективдүү, анык жана документалдык маалыматтар Башкы прокуратура тарабынан депутаттык комиссияга берилген эмес. Ошондой эле С.О.Биряльминдин бул имаратты мыйзамсыз сатып алгандыгына далил жок. Прокуратуранын өкүлү С.О.Бирялминдин ата-энеси суракка алынгандыгын далил келтирет, алар баласынын ал имаратты сатып алууга андай акчасы жок деп көрсөтмө беришкен. Бирок муну алдын ала божомолдоп айтууга болбойт.
Депутаттык комиссиянын суроосуна МККнын, мамлекеттик мүлк министрлигинин жана Юстиция министрлигин жооптуу кызматкерлери имарат боюнча документтерди жол-жоболоштурууга жардам берүү өтүнүчү менен С.Н.Жапаров аларга кайрылбагандыгын айтышат, ал эми С.М.Жапаров бүтүмдөрдү түзүү учурунда жумушсуз болгон.
Имарат боюнча жасалган бардык бүтүмдөр: Кыргыз Республикасынын тескемеси боюнча мамлекеттик мүлк фонду менен А.А.Кимдин ортосундагы, анын өкүлү М.Ж.Шамшидинов менен Б.К.Турдубековдун ортосундагы, Б.К.Турдубеков менен С.О.Биряльминдин ортосундагы, С.О.Биряльмин менен М.Байгелдиевдин ортосундагы, ошондой эле М.Байгелдиев менен М.Букабаевдин ортосундагы жана алардын Жаныбек уулу Шумкарбектин ортосундагы бүтүмдөрү бүгүнкү күндө анык болуп эсептелет жана (Юстиция органдарында жана каттоо кызматтарында Мыйзам менен белгиленген тартипте катталган.
Депутаттык комиссия тарабынан суралган Кыргыз Республикасынын Юстиция министри А.Шыкмаматов министр катары эмес, жаран катары айтканда С.Н.Жапаров имарат менен бүтүм жасоодо кандайдыр бир тартип бузууга жол берген эмес жана тиешелүү мамлекеттик органдардын бардык бүтүмдөрү ойдогудай түрдө жол-жоболоштурулгандыктан анын күнөөсү жок деп түшүндүрдү.
Атайын убактылуу депутаттык комиссиянын жыйналышында Башкы прокуратуранын өкүлү К.Ж.Турдумамбетовго - С.Н.Жапаров имараттын Максим Бакиевге тиешелүү экендигин билгендигин тастыктаган документтер барбы деген суроого К.Ж.Турдумамбетов андай документтер жок деп жооп берди. Бирок ал А.Буркановдун, М.Букабаевдин, М.Байгелдиевдин 2012-жылдын августунда имаратты сатып алгандан кийин С.Жапаров аталган имараттын көйгөйлүү экендигин билгендиги жөнүндө көрсөтмөсүнө таянган.
Комиссия С.Н.Жапаров жогоруда көрсөтүлгөн имарат жалган документтер боюнча М.Байгелдиевге мыйзамсыз катталгандыгын алдын ала билген деген Башкы прокуратуранын сунуштоосунда көрсөтүлгөн жүйөлөр чындыкка туура келбейт деп эсептейт. Анткени бул жөнүндө комиссияга далилдер келтирилген эмес. Укук коргоо органдарында кандай далилдөөчү документтер бар деген комиссиянын мүчөлөрүнүн суроосуна прокуратуранын өкүлү К.Ж.Турдумамбетов андай документтер жок, азыр экспертиза жүрүп жатат, бирок бүтө элек деп жооп берди. Комиссиянын жыйналышынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү К.Ж.Турдумамбетов кимге материалдык зыян келтирилген деген суроого так жооп бере албады. Материалдык зыян келтиргендиги тууралуу укук коргоо органдарына эч ким кайрылган эмес. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин талаптарына ылайык мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын кылмыштуу иштерин изилдөө ыйгарым укугу прокуратура органдарына жүктөлгөн. Ал эми бул учурда жарандык-процесстик мыйзамдар менен жөнгө салына турган жеке адамдардын ортосундагы жарандык-укуктук мамилелер гана болуп жатат.
Конституциянын 12, 26-беренелерине ылайык "Жеке менчик кол тийгис. Эч ким өз мүлкүнөн өз алдынча ажыратылышы мүмкүн эмес. Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү тартып алууга соттун чечими боюнча гана жол берилет. Күнөөлүү деген ар кандай шектенүүлөр күнөөлөнүчүнүн пайдасына чечилет".
Кылмыш иши 2012-жылдын 17-сентябрында козголгон. 2012-жылдын 18-сентябрында депутат С.Н.Жапаровду иштин жагдайы боюнча сурабай жана суракка албай, аталган окуяга анын тиешесин аныктабай туруп Башкы прокурор С.Н.Жапаровду депутаттык кол тийбестик иммунитеттен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорку Кеңешке сунуштоо жөнөткөн, бул депутат С.Н.Жапаровдун күнөөлүү экендигине далилдердин жоктугуна карабастан кылмыш жоопкерчилигине тартууга прокуратура органдарынын кызыкдарлыгын күбөлөндүрүп турат.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 150-беренесинин талаптарына ылайык кылмыш ишин козгоо үчүн зарыл жүйөө жана жетиштүү негиз керек. Бирок иш козгоо жөнүндө токтомдо жана Башкы прокурордун сунуштоосунда кылмыш ишин козгоого эмне себеп болгондугу көрсөтүлгөн эмес.
Ошол себептүү атайын депутаттык комиссия төмөндөгүдөй корутундуга келди:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Н.Жапаровдун аракеттеринде жарандык-укуктук мыйзамдар менен жөнгө салына турган жарандык-укуктук мамилелер гана каралган, анткени жеке жактар М.Байгелдиев менен М.Букабаевдин, М.Букабаев менен Жаныбек уулу Шумкарбектин ортосунда түзүлгөн Киев-74 көчөсү боюнча жайгашкан имаратты сатып алуу - сатуу келишими жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүнө тиешелүү.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Н.Жапаровго карата козголгон кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 150-беренесинде каралган талаптарды бузуу менен, башкача айтканда, эч кандай жүйөөсүз жана жетиштүү негиздерсиз козголгондугу белгиленсин.
3. Депутат Жапаров Садыр Нуркожоевичке карата депутаттык кол тийбестик иммунитетинен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунан баш тартуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын, бул жөнүндө токтомдун долбоору даярдалсын жана Жогорку Кеңештин жыйналышына киргизилсин.
Атайын депутаттык комиссиянын төрагасы |
| Н.Мурашев |
|
|
|
Атайын депутаттык комиссиянын мүчөлөрү |
| Ж.Джолдошова |
|
| С.Нышанов |
|
| Д.Бекешев |
|
| А.Кутушев |
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садыр Жапаровду депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен кылмыш-жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштоосун кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.М.Мурашевге, |
|
|
|
|
| Комиссиянын мүчөлөрү: |
|
| Ж.Джолдошевага, |
|
| А.Кутушевге, |
|
| С.Нышановго |
Урматтуу Нурбек Мурпазылжанович,
Урматтуу комиссия мүчөлөрү
Комиссиянын корутундусунун долбоорун карап, төмөндөгүдөй өз сын-пикирлеримди жана сунуштарымды сунуш кыламын;
1. Корутундуда 2007-жылы эле дүйнөдөн кайткан, бирок кийин имарат ага катталган Ким Алексей Вячеславович белгиленген эмес.
2. 2008-жылы имарат "Альфа-Вектор" ЖЧКсына ижарага берилгендиги, натыйжада ижара акысы төлөнбөгөндүгү, ал эми жооптуу мамлекеттик органдар аны талап кылбагандыгы көрсөтүлгөн эмес.
3. Имаратты алмаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-апрелиндеги Премьер-министр Игорь Чудинов кол койгон № 155 буйругу чыккан учурдан тартып имарат мамлекеттик менчиктен чыгарылган.
Бул үчүн Игорь Чудинов, ошондой эле буйруктун долбоорун иштеп чыккан адамдар (Турсун Турдумамбетов, ал учурда мамлекеттик мүлк министри жана тиешелүү министрдин орун басары) жоопкерчиликке тартылууга тийиш. С.Жапаровго мамлекетке зыян келтирди деген доомат туура эмес, анткени мамлекет С.Жапаров имаратты сатып алган учурда ага ээлик кылган эмес.
4. "2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык прокуратура ал ыйгарым укуктар сотко тиешелүү болгондуктан ага арест салууга укугу жок болчу" дегенге макул болууга болбойт. Ал укук - арест салуу жана башка аракеттерге санкция берүү сотко 2011-жылы өткөн, бул жөнүндө Конституцияны колдонууга киргизүү тууралуу мыйзамда да айтылат.
5. М.Байгелдиев, М.Букабаев, Жаныбек уулу Шумкар - жаш адамдар жана аларда имарат менен операцияларды жасоо үчүн көп акча каражаттарынын болушу мүмкүн эмес экендиги түшүнүктүү. Ошондуктан бардык адамдар, анын ичинде С.Жапаров имараттын көйгөйлүү экендигин билгендиги арсар, ошондой эле ал М.Бакиевге да тиешелүү экендиги да милдеттүү эмес. Коомдук ишмер жана саясатчы катары Садыр Жапаров имараттын "көйгөйлүү" экендигин текшерүүгө тийиш эле (ал имаратты текшергендиги жөнүндө тиешелүү документтерди же күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө берилгендиги белгисиз). Ошол эле мезгилде, эгерде С.Жапаров имараттын мурда М.Бакиевге тиешелүү экендигин билген күндө да ал аталган имаратты сатып алууга анын укугун чектебейт, эң башкысы, имарат улутташтырылган мүлктөрдүн тизмесинде болгон эмес. Бул жерде С.Жапаровдун моралдык-этикалык жүрүм-турумдары жөнүндө гана маселе келип чыгат жана ал имараттын "көйгөйлүү" экендигине толук ынанбагандыгы гана жүйөө катары келтирилиши мүмкүн.
6. Корутундуда Кылмыш-жаза кодексинде - С.Жапаровдун кайсы берене боюнча күнөөлүү экендиги жана корутунду негиздүү болушу үчүн так жазып көрсөтүү менен ар бир беренеге милтеме дээрлик жок.
Буга байланыштуу комиссиянын корутундусунун төмөндөгүдөй вариантын сунуштаймын:
Бишкек шаарынын Киев-74 көчөсүндөгү дарек боюнча имаратты жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө Өкмөттүн 2009-жылдагы буйругу мыйзамдарды бузуу менен чыгарылгандыгына, имарат С.Жапаров сатып алганга чейин эле мамлекеттик менчиктен чыгып калгандыгын эске алып, комиссия төмөндөгүдөй корутундуга келди:
1. Башкы прокуратура:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 155 мыйзамсыз буйругун даярдаган жана ага кол койгон адамдарды жоопкерчиликке тартсын;
Бишкек шаарындагы Киев-74 көчөсүндөгү дарек боюнча жайгашкан имаратты кайтарып алуу боюнча чараларды көрсүн.
2. Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча С.Жапаров тартип бузгандыгы жөнүндө жүйөө менен жоопкерчиликке тартылууга тийиш эмес, анткени С.Жапаров бөтөн мүлккө ээлик кылуу боюнча аракеттерди же алдамчылык же кыянаттык кылуу менен төмөндөгүлөргө байланыштуу ишенимге кирүү жолу аркылуу кыймылсыз мүлккө укукту сатып алуу боюнча аракеттерди жүзөгө ашырган эмес:
1) мүлк М.Байгелдиевди пайдалануу менен имаратка ээлик кылган Мадылбековго иш жүзүндө тиешелүү болгон жана Байгелдиевди, Мадылбековду депутат С.Жапаров алдаган эмес жана имаратты сатып алуу үчүн алардын ишенимине кирген эмес;
2) аталган берене боюнча кылмыш иши С.Биряльминдин, Э.Мадылбековдун же болбосо М.Байгелдиевдин арыздары боюнча гана С.Жапаровго карата кылмыш козголууга тийиш эле, бирок андай болгон эмес;
3) 177-берененин 2-бөлүгү да С.Жапаров ал мүлк (имарат) мурда кылмыш жолу менен алынгандыгын билбегендигине байланыштуу колдонулушу мүмкүн эмес. Болгону башка кандайдыр бир фактылар менен тастыкталбаган М.Букабаевдин күбө катары көрсөтмөсү гана бар;
4) С.Жапаров имаратты сатып алгандан кийин анын "көйгөйлүү" экендигин билгендигин (бул жөнүндө имаратка арест салуу, соттун чечими боюнча гана жарактуу деп эсептелген М.Букабаев менен Жаныбек уулу Шумкардын ортосундагы бүтүмдөрдү таануу, МУККнын кызматкерлери тарабынан Букабаевдин суракка алынышын жана С.Жапаровдун МУККнын кызматкерлерине эки ача көрсөтмө берүү жөнүндө Букабаевге тапшырмасы күбөлөндүрүп турат), ал саясий ишмер катары кылмыштын бетин ачууга жандуу катышпагандыгы, анын аракеттеринде моралга сыйбаган жана саясатчынын татыксыз жүрүм-турумдарынын белгилери бар экендиги таанылсын.
3. Жогоруда баяндалганга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна С.Жапаровду депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартылсын.
Депутат |
| Д.Бекешев |
Урматтуу Төрага!
Урматтуу депутаттар!
Кыргызстанда акыркы мезгилде жаңы Конституциянын ишке кириши менен өлкөдө ачык коомдун орноо процесси жүрүп жатат. Ачык коомдо Мыйзам алдында бардыгы бирдей.
Конституциянын 16-беренесинде жазылган: "Кыргыз Республикасында Мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей" - деп.
Жогорку Кеңеш өлкөдөгү эң ачык көрүнүп иштеп жаткан мамлекеттик орган. Парламентти биздин жарандар түз эфирде угушат, сын алгыдан көрүшөт, интернеттен, гезиттерден окушат. Азыр да бүт Кыргызстан карап турат, депутаттар кандай чечим кабыл алаар экен деп. Жогорку Кеңештин аброю анын бүгүнкү чечиминен да көз каранды болот.
Аткаруу бийлигине, укук коргоо органдарына, сотторго, башка мамлекеттик кызматтарга коррупция боюнча, мыйзамды сактоо боюнча маселелерди койгонго парламенттин конституциялык укугунан тышкары моралдык укугу дагы болушу керек.
Бул моралдык укук депутаттар тергөө жана сот иштерине тоскоол болбой, алардын Мыйзам боюнча баарына бирдей карап иштешине шарт түзүп бергенде гана болот.
Депутат Садыр Жапаров 2012-жылдын 18-сентябрында журналисттер менен жолугуп, ал кылмыштык тергөө иштеринен коркпой турганын, ал түгүл депутаттык кол тийбестигинен өз ыктыяры менен баш тартууга даяр экендигин айтканы бар.
Киев көчөсүндөгү № 74 имарат тууралуу иш боюнча фигуранттар Элдар Мадылбеков Байгелдиевге айтыптыр: "Садыр Жапаров баарын билет" - деп.
С.Жапаровдун мурдагы жардамчысы Букабаев айтып жатат: "Имарат Максимдики экенин Жапаров эң жакшы билген" - деп.
Ошол имарат 2010-жылдын 7-апрелине чейин кимдики болгонун Бишкек шаарынын жарымы билчү.
Мирбек Букабаевдин айтканына караганда ал 2010-жылы Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетине суракка чакырылганда Садыр Жапаров: "Мен жөнүндө эч нерсе айтпагын. Сага 10000 доллар же RAF-4 автомашинасын берем," - деген экен. Бирок, убада аткарылбаптыр.
7-8-апрелдеги окуяларда Бишкекте көп имараттар, дүкөндөр, офистер талкаланып, тонолгон болчу. Бирок, алардын дээрлик баары кыска убакыттын - бир жуманын, ашып барса бир айдын ичинде ээлери тарабынан калыбына келтирилип, иштей башташкан. А бул имарат 100 күн өтсө да талкаланган акыбалында кала берип, ремонт болгон эмес. Ошол убакта өлкөнүн качып кеткен мурунку жетекчилерине караштуу үйлөр жана башка мүлктөр гана оңдолбой жатканы баарына эле маалым эле.
"Глобал Профит" жоопкерчилиги чектелген коомунун уставында ачык эле ката жүрөт. Документтин башында "Элит Дом Строй" деп жазылып, кийин "Глобал Профит" аталып кетип жатат. Бул устав ошол имаратка кожоюндук кылган фирманын негизги документи болгон. Ушунун баарын көрүп-билип туруп имаратты сатып алышканы дагы суроо туудурат.
Генералдык Прокуратура көп документтердеги кол тамгалардын да бир тобу жасалма экенин айтууда.
Потенциалдык аларман Арзыбек Бурканов документтердин түбү таза эмес экенин билип калып, имаратты сатып алгандан баш тартыптыр.
Күбөлөрдүн бир бөлүгү имарат үчүн акча төлөмү болгонун көрсөтүшсө, Элдар Мадылбеков андан сумма болгон эмес деп жатат.
Бул имаратты акыркы болуп сатып алып, бирок мамлекетке кайра кайтаруудан 500 миң доллар жоготкон Жаныбек Шумкарбек уулунан бул чоң суммадагы акчаны кайрып алуу боюнча эч кандай арыз түшкөн эмес. Таң каларлык көрүнүш, урматтуу депутаттар.
Кеп 500 сом жөнүндө жүрүп жаткан жок да.
Ушундай ар кандай бүтүмдөргө жол бере турган жагдайлар бар. Ошондуктан сапаттуу тергөө иштери жүрүшү зарыл.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, ушул иш боюнча баары болуп 14 адам күнөөлөнүп жатат. Ким ак, ким күнөөлүү экенин сот гана аныкташы мыйзамдуу. Ал 14 адамдын укуктары сот алдында бирдей болуп, эч ким эч кандай артыкчылыктан пайдаланбаганы адилеттүү болот.
Азыр Жогорку Кеңеште каралып жаткан Мыйзам долбоорлорунун биринде кылмыш жасаган адам кол тийбестик берчү жогорку кызматта болсо, ал иммунитет мөөнөтү жазага тартуу мөөнөтүнө кирбейт деген жаңы өзгөртүү сунуш кылынып жатат.
Демек, эртедир-кечтир жоопкерчилик болот. Ошондуктан, жөнөкөй жаранбы, депутатпы кандайдыр бир күнөөлөр коюлса, өз убагында эле сотко барып, биротоло бир чечимге жетишип алганы эле туура болот деп эсептейбиз.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, биз депутаттарды өз элибиздин астында абийирди сактап, Генералдык Прокуратуранын сунуштамасын колдоого чакырабыз.
ЖК депутаты, СДПК фракциясы |
| А.Кутушев |
|
|
|
ЖК депутаты, "Ата Мекен фракциясы |
| С.Нышанов |