КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3702-V «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу«Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө» токтому
Бул документ орус тилинде да барОрусча
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-декабры № 3702-V
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2012-жылдын 20-декабрындагы № 844 токтому) "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Жээнбеков |