Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 31-октябрындагы № 2429-V токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Жумушчу комиссиянын негизги максаттары жана милдеттери
3. Жумушчу комиссиянын курамы, аны түзүүнүн тартиби
4. Жумушчу комиссиянын ишинин тартиби
5. Коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө
талапкерлерди көрсөтүү
6. Коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө
талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароонун тартиби
1.1. Коммерциялык эмес уюмдардан Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо жана анын биринчи курамына мүчөлөрдү тандоо боюнча жумушчу комиссия (мындан ары - Жумушчу комиссия) өз ишин "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык жүзөгө ашырат.
1.2. Өз ишинде Жумушчу комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Мыйзамын, ченемдик укуктук актыларын, эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.3. Жумушчу комиссия өз ишин Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин (мындан ары - Координациялык кеңеш) биринчи курамы түзүлгөнгө чейин жүзөгө ашырат.
2.1. Жумушчу комиссия Координациялык кеңештин биринчи курамын түзүүгө көмөктөшүү максатында түзүлгөн.
2.2. Коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин биринчи курамына мүчөлүккө талапкерлер жөнүндө сунуштарды эркиндигинен ажыратуу жана аны чектөө жерлеринде жүргөн адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого байланыштуу иштерге коммерциялык эмес уюмдардын ишинин ылайыктыгынын жүйөсүнө жана башка коммерциялык эмес уюмдардан келип түшкөн сунуштамаларды кароо Жумушчу комиссиянын негизги милдети болуп саналат.
2.3. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында Жумушчу комиссия коомчулукка жасалган иш жөнүндө маалымдайт.
3.1. Жумушчу комиссия 11 мүчөдөн ашпаган санда түзүлөт.
3.2. Жумушчу комиссия макулдашуу боюнча төмөнкү курамда түзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) (мындан ары Акыйкатчы (Омбудсмен);
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) төрт депутаты, мында парламенттик көпчүлүк тарабынан сунуш кылынган Жогорку Кеңештин эки депутаты, парламенттик оппозиция тарабынан сунуш кылынган Жогорку Кеңештин эки депутаты;
3) кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу менен байланышкан ишти Кыргыз Республикасында жүзөгө ашыруучу эл аралык уюмдардан бирден өкүл;
4) кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу менен байланышкан ишинин жана изилдөөлөрүнүн багыты бар эки илимий кызматкер.
3.3. Жумушчу комиссиянын курамына кирүү жөнүндө сунуш-каттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, тиешелүү эл аралык уюмдардын жана илимий мекемелердин жетекчилерине жиберилет.
3.4. Эгерде ушул Жобонун талаптарына жооп берген анын курамына кеминде 7 мүчө - Акыйкатчы (Омбудсмен), Жогорку Кеңештин эки депутаты (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдардан эки өкүл, эки илимий кызматкер кирсе, Жумушчу комиссия түзүлдү деп эсептелет.
3.5. Жумушчу комиссиядагы иш коомдук башталыштарда жүзөгө ашырылат жана акы төлөнүүгө жатпайт. Жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнүн Жумушчу комиссиянын ишиндеги статусу тең жана кандайдыр бир артыкчылыктарга ээ эмес.
4.1. Жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнө, башка адамдарга жыйналыштарды өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду жөнүндө жана чүчү кулак жол-жобосун кабарлоонун маселелерин кошуп алганда Жумушчу комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык камсыз кылуу Жогорку Кеңештин Аппараты тарабынан жүзөгө ашырылат.
4.2. Эгерде ага анын мүчөлөрүнүн бешөө жана андан ашыгы катышса, Жумушчу комиссиянын жыйналышы укуктуу болот (кворуму болот). Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү тарабынан өз ыйгарым укуктарын башка өкүлдөргө берүүгө жол берилбейт.
4.3. Жумушчу комиссия чечимдерди кворум болгондо Жумушчу комиссиянын жыйналышка катышкандардын ичинен добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен ачык добуш берип кабыл алат. Добуштардын саны тең болгондо чечим Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкердин пайдасына кабыл алынат.
4.4. Жумушчу комиссиянын жыйналышы ЖМКнын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн кошуп алганда Координациялык кеңештин биринчи курамына мүчөлүккө талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароонун жол-жобосун байкоого катышууну каалаган ар кандай адамдар үчүн ачык болуп саналат. Жумушчу комиссиянын жыйналышында көрмө- жана укмажазуу жазууга, ошондой эле байланыштын ар кандай каналдары боюнча түз берүүгө уруксат берилет.
5.1. Мыйзамдын 30-беренесинин 3-бөлүгү менен белгиленген мөөнөттө Акыйкатчы (Омбудсмен) расмий басма органдарында жана Акыйкатчынын (Омбудсмендин) веб-сайтына алардын уставдык иши адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого же коргоого көмөктөшүүгө байланышкан коммерциялык эмес уюмдарга Координациялык кеңештин биринчи курамына мүчөлүккө талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө сунуш менен кулактандыруу жарыялайт. Ушул Жобонун максаттары үчүн коммерциялык эмес уюм деп уставдык иши Кыргыз Республикасынын жарандык Мыйзамдарына ылайык адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого же коргоого көмөктөшүүгө байланышкан, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын катышуусу жок түзүлүүчү, каржылануучу жана/же башкарылуучу коммерциялык эмес уюм түшүнүлөт.
5.2. Уставдык иши адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого же коргоого көмөктөшүүгө байланышкан коммерциялык эмес уюм Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө бир талапкер көрсөтүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн талапкерлик Мыйзам менен коюлган талаптарга ылайык келбегендиктин себептери боюнча четке кагылганда коммерциялык эмес уюм документтерди кабыл алуунун мөөнөтү аяктаганга чейинки мезгилде башка талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Документтер болбогондо же алардын мазмуну талапкерди көрсөтүү боюнча ушул Жобонун талаптарына ылайык келбегенде, коммерциялык эмес уюм документтерди кабыл алуу аяктаганга чейинки мезгилде документтерди берүүгө, мурда берилген документтерди толуктоого жана/же аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
5.3. Коммерциялык эмес уюм өзүнүн уюштуруу документтерине ылайык кабыл алынган жана жол-жоболоштурулган талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечимди чабарман же почта менен Жогорку Кеңештин юридикалык дарегине жиберет. Документтер электрондук почта боюнча кабыл алынбайт.
5.4. Төмөнкү адамдар Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлер болуп көрсөтүлүшү мүмкүн эмес:
1) Жумушчу комиссиянын курамында болгон;
2) иштеп жаткан судьялар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери болуп саналган;
3) эркиндиги чектелген жерлерде (жашы жетпегендер, аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, мигранттар, жин оорулуулар ж.у.с. сыяктуу өзгөчө жармач топтор көп топтолгон жерлерде) иштегендер;
4) кылмыштарды жасагандык үчүн соттуулугу барлар.
5.5. Коммерциялык эмес уюмдан көрсөтүлгөн талапкер төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) жөндөмдүү адам болууга;
2) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;
3) жогорку билими болууга;
4) юрист, педагог, врач, психолог, психиатр, социалдык кызматкер болуп иш жүзүндө иштөөнүн тажрыйбасы, ошондой эле мигранттар, жашы жетпегендер, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар сыяктуу коомдун жармач топтору менен, этностук жана тилдик азчылыктар менен иштөөнүн тажрыйбасы болууга;
5) эркиндигинен ажыратуу жана аны чектөө жерлерин башкарууда жана аларды контролдоону жүзөгө ашырууда кесипкөй тажрыйбасы же эркиндигинен ажыратуу жана аны чектөө жерлеринин мониторингин жүргүзүүнүн тажрыйбасы болууга.
5.6. Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин биринчи курамына мүчөлүккө талапкерди көрсөтүү жөнүндө коммерциялык эмес уюмдун чечимине төмөнкүлөр тиркелет:
1) талапкердин паспортунун көчүрмөсү;
2) жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө дипломдун көчүрмөсү;
3) иштин тиешелүү тажрыйбасын ырастоочу эмгек китепчесинин барактарынын көчүрмөсү же болбосо ал тажрыйбанын бар экендигин ырастаган коммерциялык эмес уюмдун каты;
4) адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү коммерциялык эмес уюмдун иши жөнүндө уставдан үзүндү жазуунун көчүрмөсү;
5) соттуулугу жок экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалымкаты;
6) коммерциялык эмес уюмдан көрсөтүлгөн талапкер тарабынан акыркы 5 жылдын ичинде кыйноолордун жана катаал мамиленин курмандыктарын коргоонун юрисдикциялык ыкмаларын пайдаланылышынын документ түрүндөгү ырастамасы - кыйноолордун жана катаал мамиленин фактылары боюнча укук коргоо органдарында катталган кайрылуунун көчүрмөсү же болбосо кыйноолордун жана катаал мамиленин фактысы боюнча жазык ишин козгоодон баш тартууну талашуу жөнүндө арыз;
7) акыркы 5 жыл ичинде эркиндигинен ажыратуу жана аны чектөө жерлеринин мониторинги боюнча коммерциялык эмес уюмдун отчетунун көчүрмөсү;
8) башка коммерциялык эмес уюмдардан үч сунуштама.
Ушул Жобо менен талап кылынган документтердин түп нускалары талапкерлер тарабынан Жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнө анын жыйналышында текшерүү үчүн берилет.
5.7. Документтерди алгачкы кабыл алуу жана сактоо Жогорку Кеңештин Аппараты тарабынан жүзөгө ашырылат. Жогорку Кеңештин Аппаратынын документтерди кабыл алуу үчүн жооптуу кызматкери алынган документтерди каттоону жүзөгө ашырат жана чабарманга же болбосо, эгерде документтер почта менен келип түшсө, документтердеги берген коммерциялык эмес уюмдун дарегине кабыл алынган документтердин датасын, ыйгарылган каттоо номерин, тизмегин жана келип түшкөн документтердин барагынын жалпы санын көрсөтүү менен маалымдама жөнөтөт.
5.8. Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкери Координациялык кеңештин биринчи курамынын мүчөлүгүнө талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароого, ошондой эле документтерди, анын ичинде берилген документтерде талапкерлерге, тизмекке жана мазмунга карата ушул Жобонун талаптарынын берип жаткан коммерциялык эмес уюм тарабынан сакталбаган учурларда документтерди кабыл алуудан баш тартууга укуксуз.
6.1. Жыйналыш башталган учурдан тартып Жогорку Кеңештин Аппараты Жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнө коммерциялык эмес уюмдардан келип түшкөн алар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин документтерин берет.
6.2. Жумушчу комиссия талапкерлердин документтерин алар Жогорку Кеңештин Аппаратына келип түшкөн тартипте карайт жана талапкерге чүчү кулак жол-жобосуна жол берүү же жол бербөө жөнүндө чечим кабыл алат. Жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнүн талапкерлердин, ошондой эле берилген документтердин тизмегинин жана мазмунунун ушул Жобо менен коюлган талаптарга ылайык келерлиги жөнүндө пикирлери протоколго киргизилип, аны мүчөлөрдүн бири жүргүзөт.
6.3. Жыйналыштын протоколуна Жумушчу комиссиянын жыйналышына катышкан Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү кол коет. Улуттук борбордун архиви түзүлгөнгө чейин анын ишин уюштуруу боюнча документтердин баары Жогорку Кеңештин архивинде сакталат. Протоколдун көчүрмөсү ага кол коюлгандан кийин Жогорку Кеңеш менен Акыйкатчынын (Омбудсмендин) веб-сайтына илинет жана таанышуу же көчүрүп алуу үчүн кимге болсо да берилиши мүмкүн.
6.4. Координациялык кеңештин биринчи курамынын мүчөлүгүнө талапкерге ал Мыйзамдын 8 жана 10-беренелери менен каралган коюлган талаптарга, ошондой эле берилүүчү документтерге карата ушул Жобонун талаптарына ылайык келген учурда Жумушчу комиссиянын чечими менен чүчү кулак жол-жобосуна жол берилет.
6.5. Эгерде ал үчүн кворуму болгондо Жумушчу комиссиянын жыйналышына катышкандардын ичинен жөнөкөй көпчүлүк добуш берсе, талапкерге чүчү кулак жол-жобосуна жол берүү жөнүндө чечим кабыл алынды деп эсептелет. Добуштардын саны тең болгондо талапкерге да чүчү кулак жол-жобосуна жол берилди деп эсептелет.
6.6. Чүчү кулак жол-жобосу Жогорку Кеңештин юридикалык дареги боюнча жүзөгө ашырылат.
6.7. Жогорку Кеңештин Аппараты Координациялык кеңештин биринчи курамына мүчөлүккө талапкерди көрсөткөн, ошондой эле талапкерлердин чүчү кулак жол-жобосуна жол берилген ар бир коммерциялык эмес уюмдан бирден өкүлдү чүчү кулак жол-жобосуна чакырат.
6.8. Чүчү кулак жол-жобосу башталардын алдында Жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнүн бири коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнө Координациялык кеңештин биринчи курамына мүчөлүккө көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны жөнүндө, четке кагуунун жүйөөлөрүн көрсөтүү менен чүчү кулак жол-жобосу жол берилген жана жол берилбеген талапкерлер тууралуу маалымдайт.
6.9. Чүчү кулак жол-жобосу жол берилген талапкерлердин фамилиялары эч кандай белгиси жок бирдей конверттерге чапталып бекитилип, шайлоо үкөгүнө салынат жана аралаштырылат. Бул жол-жобонун алдында Жумушчу комиссиянын жыйналышына катышкан жана шайлоо процессин байкап турган бардык адамдарга анда ар кандай башка буюмдардын жок экендигинин жүйөөсүнө Жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнүн бири тарабынан көрсөтүлөт. Чүчү кулак жол-жобосу жол берилген талапкердин фамилиясы, аты-жөнү бар конверттин шайлоо үкөгүнө салынган башка конверттерден кандайдыр бир айырмасы болбоого тийиш.
6.10. Биринчи сегиз конверттин ичинде үкөктөн Жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнүн бири тарабынан алынып чыккан конвертте фамилиясы бар талапкер коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин биринчи курамынын мүчөлүгүнө шайланды деп эсептелет. Алып чыгуу жана Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө шайланган биринчи сегиз талапкерди жарыялоо жол-жобосу аяктагандан кийин калган конверттер да шайлоо үкөгүнөн алынып чыгылат. Калган конверттердин саны Жумушчу комиссиянын мүчөсү тарабынан көпчүлүктүн көзүнчө эсептелип, конверттер ачылат жана аларда камтылган талапкерлердин фамилиясы, аты-жөнү көпчүлүктүн көзүнчө жарыяланууга жана Жумушчу комиссиянын жыйналышынын протоколдору менен салыштырылууга жатат.
6.11. Эгерде Координациялык кеңештин биринчи курамынын мүчөлүгүнө коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлердин саны талапкерлер четке кагылгандан кийин сегизге барабар болсо, анда алардын баары Координациялык кеңештин биринчи курамына шайланды деп эсептелет.
6.12. Эгерде Координациялык кеңештин биринчи курамынын мүчөлүгүнө коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлердин саны талапкерлер четке кагылгандан кийин сегизден аз болуп калса, анда ушул Жобо менен белгиленген эрежелерге ылайык кошумча сынак өткөрүлөт.
6.13. Координациялык кеңештин биринчи курамына мүчөлүккө чүчү кулак жол-жобосуна катышуу үчүн коммерциялык эмес уюмдардан көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароонун натыйжалары, ошондой эле чүчү кулактын натыйжалары Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Жогорку Кеңештин расмий веб-сайтына жарыяланууга тийиш.