Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 3456-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-октябры № 2429-V
Коммерциялык эмес уюмдардан Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо жана анын биринчи курамына мүчөлөрдү тандоо боюнча жумушчу комиссия тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
"Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 6-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана 30-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген коммерциялык эмес уюмдардан Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо жана анын биринчи курамына мүчөлөрдү тандоо боюнча жумушчу комиссия тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.
2. 1-пунктта көрсөтүлгөн Жобо ушул токтомдун ажырагыс бөлүгү деп эсептелсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышына контролдоо Адам укуктары, конституциялык Мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Э.Ж.Алымбеков) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жээнбеков
|