Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры № 3730-V
Баткен облусунун коңшу мамлекеттер менен чектешкен аймактарындагы кооптуу кырдаалды
иликтөө жана жөнгө салуу максатында жапа калктын социалдык-экономикалык муктаждыктарын аныктоо
боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун коңшу мамлекеттер менен чектешкен аймактарында түзүлгөн кооптуу кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 13-июнундагы № 3206-V токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К. Абдиевдин маалыматын угуп, бул маселе боюнча керсөтүлгөн Комиссиянын корутундусун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы К. Абдиевдин маалыматы эске алынсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди чечүү үчүн Өкмөттүк комиссия түзсүн жана төмөндөгүдөй айкын иш-чараларды кабыл алсын:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013- жылдын 19-январындагы №2664-V токтомунун 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилип өзгөчө статуска ээ болгон Кыргыз Республикасынын айрым чек арага чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикапык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 19-б тескемесин кынтыксыз аткаруу;
2) 2014-жылга карата мамлекеттик бюджетте төмөнкүлөрдү кароо:
2013-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Макулдашууда каралган каражаттардын эсебинен Баткен облусунун социалдык-экономикалык керектөөлөрү үчүн 10 млн. АКШ долларын;
"капиталдык салымдар" беренеси боюнча 600 млн. сом акча каражатын;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча:
-Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын аргументтүү жана туруктуу жактоо менен кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арага чектеш участкаларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессии улантуу, ал иштерди тездетүү жана бекитүү;
-иш сапарларына чыгымдарга жана кызматтык автоунаалардын керектүү санын сатып алууга тийиштүү каражаттарды бөлүү маселелерин чечүү менен чек арага байланыштуу тиешелүү маалыматтарды өз мезгилинде жана сапаттуу камсыз кылуу максатында жерге жайгаштыруу, геодезия, картография жана жер кадастры боюнча мамлекеттик комитетти түзүү маселесин кароо;
- Тажик Республикасынын Ходжет шаарында Кыргыз Республикасынын консулдугун ачуу маселесин кароо;
- мамлекеттик чек ара участкалары айрым учурларда түздөн-түз калктуу пункттар, кээде айылдын ички көчөлөрү аркылуу өткөнүн эске алып, ошол мамлекеттик чек ара участкаларын өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында биринчи кезекте кароо менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди тездетүү;
- Көк-Таш-Капчыгай-Аксай-Тамдык жана Кулунду-Максат автожолдорунун курулушунун токтоп турушу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы макулдашылбаган участкалардын бар болгопдугуна байланыштуу, ал жерлерли кыска меөнөттө тактоо жана аныктоо боюнча чараларды көрүү;
- Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин 1975-жылдын 27-февралындагы № 84 токтому, Тажик ССРинин Министрлер Советинин 1975-жылдын февралындагы № 34 токтому менен бекитилген республикалар аралык жумушчу комиссиясынын жолугушууларынын жыйынтыктары боюнча 1975-жылдын 27январында кабыл алынган Протоколдун аткарылуусун кароо;
- өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында жергиликтүү калктын пикирин эске алуу менен Тажик Республикасы жана Өзбек Республикасы менен тиешелүү жерлерди алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн кароо;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү кадрларды даярдоо максатында аскер окуу жайларына квота берүү жана Баткен мамлекеттик университетинде аскер кафедрасын ачуу:
- Баткен областынын аймактык чек ара башкармалыгынын өздүк курамындагы бош кызмат орундарын толуктоо менен Баткен участкасындагы чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин, Тажик Республика "Ворух" анклавынын айланасында чек ара кызматынын бөлүктөрүн көбөйтүү, чек ара коммуникацияларын коргоо үчүн каржы жана материалдык каражаттарды бөлүү маселелерин кароо;
- чек ара аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысынын бирдей болушун камсыз кылуу (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин аскер кызматчыларынын жана кызматкерлеринин эмгек акысынын деңгээлине жеткируү) жана эмгек акысына жогорулатылган коэффициент белгилөө;
- Коргоо министрлигинии, Ички Иштер министрлингин жана Мамлекеттик чек ара кызматынын күч жана каражаттарын катыштыруу менен Кыргызстандын аймагындагы "Ворух" анклавынын айланасында ыкчам-издөө иштерин уюштуруу;
- сатылып кеткен үйлөрдү кайра сатып алууну мамлекеттик бюджеттен каржылоо маселесин чечүүнү улантуу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө. Жергиликтүү бийлик менен биргеликте түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана системалык түрдө жүргүзүү, алардын жыйынтыктары боюнча өз ара кызматташуу иш чарасын түзүү;
- мыйзамсыз миграцияны жана аткезчилик алып өтүүлөрдү болутурбоо үчүн бардык мамлекеттик органдардын максаттуу жана биргелешкен аракет көрүүлөрүн камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын чек ара yчасткаларында жайгашкаи үйлөрүн, жерлерин таштап кетүү фактыларын алдын алуу максатында 2014-жылдан баштап өзгөчө статусу бар аймактардагы чек арага чектеш айылдар үчүн жеңилдиктерди бюджеттен каржылоо маселесин чечип, чек араны коргоого жергиликтүү калкты жардамга тартуу жана аларга тиешелүү шарттарды түзүү;
- Мамлекеттик чек ара кызматынын 2014-жылга карата керектөөлөрү үчүн каралган каражаттарды толук көлөмүндө камсыздоо;
4) билим берүү, маданият жана спорт чейрөсүндө:
- Баткен облусунун жалпы билим берүучү уюмдарын окуу китептери жана окуу куралдары менен өз учурунда жеткиликтүү деңгээлде камсыз кылбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо аларды китептери жана окуу куралдары менен толук камсыздоо;
- облустун билим берүү мекемелерин керектүү адистиктеги мугалимдер менен толуктоо, мектептерди компьютердик класстар, жаңы муундагы компьютерлер жана окуу эмеректери менен камсыз кылуу;
- орто кесиптик жана кесиптик билим берүү тармактарын жандандыруу, облуска зарыл болгом адистерди даярдоо;
- Баткен облусунда Ага Хан фондунун мектебин куруу мүмкүнчүлүгүн кароо;
- Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында бюджеттик негизде окугандардын санын Баткен облусунун тургундарынын эсебинен көбөйтүү менен аларды облустун аймагына жөнөтүү;
- Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 32 беренесинен ылайык, облустун айылдык мектептерине жаңыдан бүтүп келген жаш адистерге бюджеттин эсебинен чарба жүргүзүүгө кызматтык маянанын он эсе өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөө;
- Баткен шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын жер-кыртышын илимий изилдоо ипститутупун тажрыйба станциясынын балапсындагы үч имаратты Баткен шаарында балдар бакчасын уюштуруу учүн мунинипиалдык менчикке еткерүп берүү маселесин кароо:
- Баткен облусунун мектептеринин "Ошэлектро" ААКнун алдындагы электр энергиясына болгон карыздарын жоюу, "Баткенэлектро" ААКун түзүү жана облусту электр энергиясы менен камсыз кылуу ишин аталган ишканага өткөрүп берүү;
- кыйроо абалында тургап мектептердин, бала бакчалардын имараттарын оңдоо, курулушу токтоп калган мектептердин бала бакчалардын курулушун улантуу, жаңы мектептердин, бала бакчалардын курулушун баштоо, бардык мектептерде спорт аянтчалары менен залдарды курууга жетишүү;
- маданият объектилерин (маданият үйлөрүн, клубдарды, китепканаларды, эстеликтерди) оңдоо, айыл китепканаларынын фонддорун көркөм адабияттар менен жанылоо жана айыл жерлериндеги маданият объектилерин жабдуу маселесин чечүү;
- спорттук көп профилдүү объектилерди куруу жана спорттук жабдуулар жана эмеректер менен жабдуу маселесин кароо;
- Баткен облусунун калкын улуттук телерадио берүүлөргө, маалыматка болгон муктаждыгын жеткиликтүү деңгээлде камсыз кылуу;
- облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясын имаратын менен, мамлекеттер аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн облустук драма театрын аппаратура менен камсыз кылуу;
- Баткен райондук "Кызыл-Туу" гезитинин имаратын менчиктештирүүн мыйзамдуулугун кароо;
5) саламаттыкты сакто жана социалдык саясат боюнча:
- Баткен облусунун калкына медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү, мамлекеттик кепилдиктердин программасын аткарууга толук көлөмдө финансылык каражаттарды бөлүп берүү, саламаттыкты сактоо уюмдарын адистиктеги дарыгерлер менен толук өлчөмдө камсыздоо;
- саламаттыкты сактоо уюмдарынын курулушу токтоп калган имараттарынын курулушун оңдоп улантуу, облустук ооруканада бөйрөгү дартка чалдыккандарга гемодиализ борборун, кардиология бөлүмүн ачуу, саламаттыкты сактоо уюмдарын заманбап медициналык жабдуулар ("магниттик-резонанстык томография", "көчмө флюроаппарат" жана "жасалма бөйрөк аппараты") менен камсыздоо;
- чек арага чектеш айылдарда иштеген дарыгерлерге, жаш адистерге депозит төлөөнү жүзөгө ашыруу, социалдык жактан жардам берүү;
- Баткен облусунун айылдары чачкын болгондугун эске алып, саламаттык сактоо мекемелерине 15 тез жардам автомашинасын бөлүү, санавиация уюштуруу;
- Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарынын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди, компенсацияларды жана жеңилдиктерди белгилөө аркылуу социалдык колдоо көрсөтүү;
- чек арага чектеш райондордун калктуу пункттарындагы жер участкаларын трансформациялоо маселесин чечүү;
- облустун аймагында жашаган пенсия курагындагы жарандарга пенсия өлчөмүн 50 пайызга көтөрүү мүмкүнчүлүгүн кароо;
6) калкты таза суу менен камсыз кылуу жана агрардык сектор боюнча:
- «Таза суу» долбооруп ишке ашырууга жетишүү, өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы тармактарды кошуу менен бирге ички суу берүүчү куурлардын тармагын учурдагы жана капиталдык ремонттон өткөрүү, суу скважиналарын казуу;
- ири жасалма сугат тутумун куруу жана ирригациялык тармактын учурдагы жана капиталдык ремонту үчүн арналып, бекитилген бюджеттик каражаттарды толук өлчөмдө бөлүү;
- «Лейлек» суу сактагычын, "Теке Секирик" каналын жана плотинасын куруу боюнча техникалык-экономикалык негиздемени кайрадан карап чыгып, ал объекттерди куруу боюнча сунуш киргизүү;
- Өзбек Республикасынын, Тажик Республикасынын чек арага чектеш райондорундагы жергиликтүү бийлик органдары менен жайыттарды пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды чек арага чектеш райондордогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу opгандарга өткөрүп берүү тууралуу Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү;
- Баткен облусунун айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо максатында аларга жеңилдетилген насыяларды бөлүү жана айыл чарба машиналарын жана механизмдерин лизинг негизинде берүү;
- облуста айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча ишканаларды түзүү жана өнүктүрүү, элдик кол өнөрчүлүк буюмдарын өнүктүрүү жолу менен жакырчылыкты төмөндөтүү боюнча комплекстүү чараларды кабыл алуу;
7) жолдорду куруу боюнча:
- көз карандысыз жол ажырым участкаларында: Айгул-Таш-Согмент-Чарбак-Таян-Кан, Таян-Сай-Айдаркен, Бел-Сөөгөттү-Бөжөй-Өтүкчү, Көк-Таш-Капчыгай-Аксай-Тамдык-Кишемиш, Көк-Талаа-Пүлгөн, Кулунду-Максат курулуштарын токтоосуз жана биринчи кезекте аяктоо;
- Ош-Баткен-Исфана автожолунун Көк-Талаа-Пүлгөн участогуна (108-123-чакырым) кошумча каралган 5 млн. евро өлчөмүпдө каражат каржылоо;
- Ош-Баткен-Исфана автожолунун 232-248- чакырымдарып түзгөн кесиндисинин техникалык-экономикалык негиздемесин жана деталдуу долбоорлоону тездетүү жана бул участканы реабилитациялоо боюнча каржылоо маселелерин чечүү;
- көз карандысыз жол кыймылын камсыз кылуу үчүн Исфана-Самат-Сүлүктү-Кольцо-Кайрагач автожолун куруу;
- Баткен шаарынын аэропортун эл аралык статустагы аэропортун деңгээлине жеткирүү жана Исфана шаарынын аэропортун реконструкниялоодон өткөрүү үчүн тиешелүү чараларды көрүү;
8) мамлекеттик башкаруу жана укук коргоо чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча департаментинин кыймылсыз мулккө жана жер ресурстары боюнча Баткен аймактык борборуп кайра түзүү;
- Баткен облусу боюнча бир аймактык участкалык милицияга 5 миңден 7 миңге чейин калктын саны туура келгенин (бул көрсөтүч коюлган нормадан 2 эсеге көп) эске алып, аймактык участкалык милицияга кошумча штаттык бирдиктерди киргизүү;
- кайгуул-күзөт кызматынын жана тез чара көрүүнүн атайын отрядынын штаттык бирдиктерин кошумча киргизүү;
- жаш өспүрүмдөр менен иштөө тескөөчүсүнүн (бирөөнө 7177 жат өспүрүм туура келет) өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуулардын алдын-алуу камсыздалбагандыгына байланыштуу жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекторлордун штаттык бирдиктерин кошумча киргизүү;
- Баткен облусунун ИИБын компьютердик техника, автоунаалар менен жеткиликтүү деңгээлде камсыздоо, Баткен облусунун ИИБын кызматкерлерлерин жашоо-шартын жакшыртуу максатында Баткен шаарында курулушу башталган, бирок бүтө элек 24 батирден турган эки үйдүн курулушуна акча каражатын бөлүү;
- Баткен облусунун ички иштер органдарынын милиция кызматкерлеринин оор шарттарда кызмат өтөөсүн эске алуу менен облустун милиция кызматкерлеринин айлык акыларын облустун башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлык акысына теңдештирүү менен бирге тиешелүү жогорулай турган коэффициенттердин жалпы өлчөмдөрүн 10 пайыздан 20 пайызга чейин көбөйтүү;
9) ченемдик укуктук актылар боюнча:
-"Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган токтомдорунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун, буйруктарынын кынтыксыз аткарылышын камсыз кылуу;
-чек арага жакын жайгашкан айрым айылдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар кээ бир чек арага чектеш аймактарынын Тизмесине кирбей калганын эске алып, жогоруда белгиленген токтомго тиешелүү толуктоолорду киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу пункттардын Тизмесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-февралындагы № 55 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын алыскы жана барууга кыйын зоналарында жайгашкан калктуу пункттардын Тизмесине Баткен облусунун бардык калктуу пункттарын киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын «Мугалимдии статусу жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесинде каралган мугалимдин социалдык жактан камсыздоо укугун толук ишке ашырсын;
- билим берүү мекемелериндеги -тарбиялык иштерди жүргүзүүгө коомчулукту тартуу менен ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциясы аркылуу бирдиктүү аракеттерди тынымсыз жүзөгө ашырсын, окуучулар арасыпда тартип бузуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча иш чараларды үзгүлтүксүз өткөрсүн;
- чек арага чектеш аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуусу боюнча керектүү кесиптеги адистерди даярдасын жана кайра даярдасын, адистердин кесибин жогорулатсын, билим берүү мекемелеринде окуутунун инновациялык жана компьютердик технологияларын колдонуу менен бирге билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жетишсин.
4."2014-жыл - Баткен облусун өнүктүрүү жылы" деп жарыялоо Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталсын.
5.Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен менчиктештирилген Баткен облусунда жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын кайтарып алуу боюнча так чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагынын чек арага чектеш участокторун коңшу мамлекеттердин же алардын жарандарынын мыйзамсыз пайдаланышына (өздөштүрүшүнө) жол бербөө боюнча чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
-өкмөттүк комиссиясын жыйындарына убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусу менен ушул токтомдо аныкталган; тиешелүү иш-аракеттерди жүргузүүнү, алардын иш жүзүнө ашуусун тездетүүнү камсыз кылсын;
- ушул токтомдо аныкталган милдеттерди аткарууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинде каралган башка ыйгарым укуктарды толук өлчөмдө ишке ашырууну камсыздаган комплекстүү чараларды кабыл алсын;
- ушул токтомдун аткарылышы боюнча аткарылган иштердин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты ар кварталдын башында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттердин төрагаларына комитеттердин Баткен областындагы көчмө жыйналышын жылына бир жолу өткөрүү сунушталсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жана комитеттерине өз карамагындагы маселелерге ылайык жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|