Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-апрели № 1818-V
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 9-февралында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкү курамда түзүлсүн:
И.И.Исаков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин мүчөсү, Мыйзамдын демилгечиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен макулдашуу тобунун теңтөрагасы;
Ж.Р.Сапарбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын орун басары;
И.Ю.Карамушкина - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин мүчөсү;
Д.И.Нарымбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентинен макулдашуу тобунун теңтөрагасы;
Д.А.Молдошева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү;
Т.Б.Өмүралиев - Кыргыз Республикасынын Коргоо министри;
З.К.Тиленов - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысы;
Б.К.Кускакбаев - Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин Катчылыгынын инспектору.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календарлык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Б.Мамытов) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жээнбеков |