Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 24-июлундагы № 242 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары1994-жылдын 13-апрели № 1462-XII КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Коргоо жөнүндө (Кыргыз Республикасынын
21 ноября 1997 года N 82,
3 января 2005 года №2) Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 1994-жылдын 13-апрелиндеги № 1463-XII токтому менен колдонууга киргизилген) I бөлүм. Жалпы жоболор II бөлүм. Мамлекеттик бийлик органдарынын коргоо жагынан полномочиелери III бөлүм. Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин, уюмдарынын жана граждандарынын коргоо жагынан милдеттери IV бөлүм. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, алардын милдети жана составы V бөлүм. Согуш кырдаалы, аскердик абал, мобилизация, аймактык коргонуу, граждандык коргонуу VI бөлүм Корутунду жоболор Бул
Мыйзам Кыргыз Республикасынын коргоо иштеринин негиздерин жанааны уюштурууну, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдар-дын, кызмат адамдарынын жана граждандардын коргоо жагынан укуктарын жа-на милдеттерин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн структурасынжана уюшулушун, коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзам-дарынын бузулушу үчүн жоопкерчиликтерди, ошондой эле коргоого тиешелүүбашка нормативдик актыларды аныктайт. I бөлүм Жалпы жоболор 1-статья. Коргоонун негиздери Бул Мыйзамда коргоо деп куралдуу кол салуудан коргоого мамлекеттиндаярдыгын камсыз кылуу боюнча саясий, экономикалык, аскердик, социал-дык, укуктук жана башка чаралардын системасы, ошондой эле Кыргыз Рес-публикасынын калкын, аймагын жана суверенитетин коргоо түшүнүлөт. Коргоо коопсуздуктун элементи жана мамлекеттин эњ маанилүү функци-яларынын бири болуп саналат. Коргоо эл аралык укукка, Кыргыз Республикасынын Конституциясына,Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана Кыргыз Республи-касынын аскердик-коргонуу концепциясына ылайык уюштурулат жана ишкеашырылат. Куралдуу күрөш каражаттарын колдонуу менен коргоо үчүн Кыргыз Рес-публикасынын Куралдуу Күчтөрү түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын граж-дандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети киргизилет. Коргоого куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен Кыргыз Рес-публикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштерминистрлигинин ички аскерлеринин, Кыргыз Республикасынын Экология жанаөзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвар-диясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, КыргызРеспубликасынын Чегара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттиккүзөт кызматынын аскердик бөлүмчөлөрү, бөлүктөрү жана бирикмелери тар-тылат. Ушул статьяда көрсөтүлгөн аскерлердин тизмесине тынчтык мезгилдебашкалар киргизилбейт. Кыргыз Республикасында башка аскердик түзүлүштөрдүн болушуна жанатүзүлүшүнө Мыйзам боюнча жол берилбейт. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 3-январындагы № 2 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 2-статья. Коргоону уюштуруу Коргоону уюштурууга: - коргоо жагынан укуктук жөнгө салуу; - согуш коркунучуна болжол жасоо жана баа берүү; - Кыргыз Республикасынын аскердик саясатын жана аскердик концепци-ясы иштеп чыгуу; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн түзүү, даярдоо жана за-рыл даярдыкта кармоо, ошондой эле аларды колдонууну пландаштыруу, Кыр-гыз Республикасынын аймагын оперативдүү жабдуу; - курал жарактарды жана аскердик техниканы сатып алуу, иштеп чы-гуу, өндүрүү жана өркүндөтүү; - экономиканы, мамлекеттик органдар жана башкаруу системаларын со-гуш мезгилинде иштетүүгө мобилизациялык даярдоо, ошондой эле калкты,аймактарды жана коммуникацияларды коргоого даярдоо; - мамлекеттик жана мобилизациялык резервдерде материалдык запас-тарды түзүү; - граждандык жана аймактык коргоо иш чараларын пландаштыруу жанаишке ашыруу; - мамлекеттик жана аскердик сырды камсыз кылуу жана сактоо; - аскердик илимди өнүктүрүү; - мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын коргоо жагынан иш аракетин координациялоо; - коргоого кеткен чыгымдарга жана Коргоо министрлигинин ишине мый-зам чектебеген көлөмдө граждандык контроль; - коллективдүү коопсуздук жана биргелешип коргоо максатында эларалык кызматташуу; - аскердик иш аракеттерге байланыштуу курчаган чөйрөнү коргоо бо-юнча иш чараларды жүзөгө ашыруу; - коргоо жагындагы башка иш чаралар кирет. 3-статья. Кыргыз Республикасынын коргоо маселелери боюнча мыйзамдары Кыргыз Республикасынын коргоо маселеси боюнча мыйзамдары КыргызРеспубликасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамды жана Кыр-гыз Республикасынын коопсуздугу менен байланышкан мамилелерди жөнгө са-луучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларын камтыйт. II бөлүм Мамлекеттик бийлик органдарынын коргоо жагынан полномочиелери 4-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин коргоо жагынан полномочиелери Кыргыз Республикасынын Президенти: - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы -Коргоо Советинин Төрагасы болуп саналат; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине Кыргыз Республикасынынаскердик-коргонуу концепциясынын долбоорун сунуш кылат; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн куруу пландарын, аныколдонуу пландарын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн мобили-зациялык жайылтуу схемасын, экономиканын мобилизациялык пландарын,ошондой эле коргоо кызыкчылыгында мобилизациялык резервдерди (ресурс-тарды) даярдоо жана топтоо жана өлкөнүн аймагын оперативдүү жабдуупландарын бекитет; - бөлүнгөн каражаттын чегинде курал-жарактарды жана аскердик тех-никаны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын жана пландарын бекитет; - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен кењештикте Корго-нуу министрин дайындайт, ал өз иши үчүн Кыргыз Республикасынын Прези-денти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алдында жеке жоопкерчиликтүүболот; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командование-син дайындайт жана кызматынан алат; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскерлери-нин составын, структурасын жана санын бекитет, Кыргыз РеспубликасынынКуралдуу Күчтөрүндөгү жогорку командалык составга кирген адамдарээлөөчү кызматтардын тизмесин белгилейт; Карањыз: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 8-октябрындагы ПУN 279 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кадр ишинин кээ бирмаселелери жөнүндө" Указы - Мыйзамда белгиленген тартипте жогорку аскердик наамдарды ыйга-рат; - Кыргыз Республикасынын граждандык коргонуу пландарын жана Аймак-тык коргонуу жөнүндө Жобону бекитет; - Коргоо министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын КуралдууКүчтөрүн жана башка аскерлерди топтоштуруу (дислокациялоо), аскер объ-ектилерин жайгаштыруу пландарын бекитет; - коллективдүү коопсуздук жана куралсыздануу маселелери боюнчабиргелешкен коргонуу жана аскердик кызматташтык жөнүндө сүйлөшүүжүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коет; - Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же анын айрым жерлериндеКыргыз Республикасына капыстан куралдуу кол салуу болгон учурда согушкырдаалын, жалпы же жарым жартылай мобилизация, аскердик абал жарыя-лайт, бул маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосунатоктоосуз киргизет; - согуш аракеттерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын КуралдууКүчтөрүнө приказ берет; - согуш мезгилинин нормативдик актыларын колдонууга киргизет жанаалардын колдонулушун токтотот, Кыргыз Республикасынын аскердик абалыжөнүндөгү Мыйзамга ылайык согуш мезгилиндеги мамлекеттик башкаруу ор-гандарын түзөт жана жоет; - Кыргыз Республикасынын граждандарын мөөнөттүү аскер кызматыначакыруу жана мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларын запаска бошотуужөнүндө указдарды чыгарат. (Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 21-ноябрындагы № 82 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 5-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин коргоо жагындагы полномочиелери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши: - Кыргыз Республикасынын аскердик саясатын аныктайт жана аскер-дик-коргонуу концепциясын кабыл алат; - коргоо жагынан мыйзамдык жөнгө салуу жана аскер кызматынан бо-шонгон аскер кызматчыларын, башка адамдарды, жана алардын үй-бүлөмүчөлөрүн социалдык-укуктук коргоо иштерин жүзөгө ашырат; - Аскердик анттын текстин, Кыргыз Республикасынын КуралдууКүчтөрүнүн Жалпы аскердик уставдарын, тууларын жана желектерин бекитет; Карањыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 256"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн туусу жана символдук белги-си жөнүндө жобону жактыруу жөнүндө" токтому - коргоо бюджетин карайт жана статьялар боюнча бекитет; - аскердик наамдарды белгилейт; - аскердик кызмат өтөө жана аскердик кызматты алмаштырган мамле-кеттик кызмат (альтернативалык кызмат) аткаруу тартиби жөнүндө жобонубекитет; - Кыргыз Республикасынын коргоо маселелери боюнча мыйзамдарынынаткарылышын контролдойт; - Коргоо министрин дайындоого макулдук берет; - биргелешкен коргонуу жана аскердик кызматташтык жөнүндө, коллек-тивдүү коопсуздук жана куралсыздандыруу маселелери боюнча биргелешкенкоргонуу жана аскердик кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерин ратификациялайт жана денонсациялайт; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын эл аралык милдет-тенмелерине ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде пай-далануу жөнүндө чечим кабыл алат; - Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же анын айрым жерлериндежалпы же жарым-жартылай мобилизация жөнүндө, аскердик абалын киргизүүжана алып салуу жөнүндө, согуш кырдаалын жарыялоо жөнүндө, согуш мезги-линдеги мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын түзүү жана жоюу,согушту токтотуу жана тынчтык келишимин түзүү жөнүндө чечим кабыл алат. 6-статья. Коргоо Кењеши Кыргыз Республикасынын Коргоо Кењеши Кыргыз Республикасынын коргооиштерине, аскердик саясатына, аскердик курулушуна, коргонууну экономи-калык жактан камсыз кылуу жана аскер кызматчыларын социалдык жактанкоргоо ишин жүзөгө ашыруучу негизги аскердик-саясий орган болуп сана-лат. Кыргыз Республикасынын Коргоо Кењешинин составы жана ага дайындооКыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши беките турган Кењеш жөнүндөгү Жо-бо менен аныкталат. 7-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо жагынан полномочиелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн абалы үчүн жооп бе-рет; - өзүнө баш ийген мамлекеттик башкаруу органдарынын коргоо маселе-лери боюнча ишине жетекчилик кылат; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине коргоо бюджетинин долбо-ору боюнча сунуштарды киргизет; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскерлердикурал-жарак жана аскердик техника менен жабдууну, аларды Коргоо минист-рлигинин заказдарына ылайык материалдык каражаттар, ресурстар жана кыз-мат көрсөтүү менен камсыз кылууну уюштурат; - жалпы аскердик уставдардын долбоорлорун Жогорку Кењештин бе-китүүсүнө киргизет; - курал жарактарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларынын жанапландарынын аткарылышын, ошондой эле аскердик-каттоо жүргүзүүчү адис-тиктер боюнча граждандарды даярдоону камсыз кылат; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскерлери-нин инфраструктурасын түзүүнү камсыз кылат; - аскердик каттоонун тартибин аныктайт жана аскер кызматына, ас-кердик жыйындарга жана мобилизация боюнча чакырыла турган Кыргыз Рес-публикасынын граждандарынын контингенттери жөнүндө Кыргыз Республикасы-нын Президентине сунуш даярдайт; - мобилизациялык пландарды жана тапшырмаларды, мобилизациялык жанамамлекеттик резервдерди топтоо пландарын иштеп чыгууну жана анын атка-рылышын уюштурат; - мамлекеттик коргоо ишканаларын, илим-изилдөө жана тажрыйба-конс-труктордук уюмдарды, аскер окуу жайларын, жогорку окуу жайлардын аскеркафедраларын түзүү, кайра профильдештирүү жана жоюу жөнүндө чечим кабылалат; - берилген полномочиелеринин чегинде Кыргыз Республикасынын коргоомаселелери боюнча эл аралык келишимдеринде камтылган милдеттенмелерининаткарылышын уюштурат; - Коргоо министрлиги жөнүндө жобону бекитет; Карањыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 18-мартындагы № 150"Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө жобону бекитүү туу-ралуу" токтому - аскер кызматчыларын, аскер кызматынан бошонгон адамдарды жанаалардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан камсыз кылуу боюнча өзүнүнкарамагындагы органдардын ишин уюштурат; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, коргоо ишканаларынынжана уюмдарынын граждандык персоналы үчүн алардын эмгек шарттарына жа-раша жењилдиктерди белгилейт; - уюштурулушун, милдеттерин аныктайт, граждандык жана аймактыккоргонууну жалпы пландаштырууну, ошондой эле бекитилген пландардын ат-карылышы үчүн контролду ишке ашырат; - курал-жарактарды жана аскердик техниканы, коргоо объектилеринжана башка аскердик мүлктү өткөрүү, арендага берүү, сатуу жана жоюутартибин белгилейт; - курал-жарактарды жана аскердик техниканы, стратегиялык материал-дарды, алдыњкы технологияны жана кош маанидеги продукцияны экспорттоогоконтроль уюштурат; - аскердик маселелер боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мам-лекеттердин ортосундагы ишенимди чыњдоо жана аскер коркунучунун дењгээ-лин өз ара төмөндөтүү, коллективдүү коопсуздукту түзүү боюнча чаралардыаныктайт. 8-статья. Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигинин полномочиелери Коргоо министрлиги: - Кыргыз Республикасынын Жогорку мамлекеттик бийлик органдарынынчечимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн куруу жагы-нан саясатты ишке ашырат; - аскердик саясат жана аскердик коргоо концепциясы боюнча сунуш-тарды иштеп чыгууга катышат жана аларды Президенттин кароосуна коет; - коргоо бюджетинин долбоору боюнча сунуштарды иштеп чыгат жанааларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет; - коргоону камсыз кылуу таламында узак мөөнөттүү мамлекеттик прог-раммалардын жана иштердин жылдык пландарынын долбоорун иштеп чыгат; - коргоонун таламында аткарылуучу иштерди координациялайт, финан-сылайт жана өз компетенциясынын чегинде контролдойт; - төмөндөгү максаттарга бөлүнгөн каражаттын чегинде Кыргыз Респуб-ликасынын Куралдуу Күчтөрүнүн муктаждыгы үчүн коргоо жагындагыилим-изилдөө иштерин, курал-жарактарды жана аскердик техниканы,азык-түлүктөрдү, шаймандарды жана башка мүлктү, материалдык жана башкаресурстарды, ошондой эле подряддык иштерди жана кызматтарды келишимдикнегизде заказ кылат жана финансылайт; - коргоо таламында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн колдо-нуу пландарын жана мобилизациялык пландарды, ошондой эле Кыргыз Респуб-ликасынын аймагын оперативдүү жабдуу планын иштеп чыгат; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлерин опера-тивдүү башкарууну жүзөгө ашырат; - коргоо жана коопсуздук таламында чалгындоо иштерин жүзөгө ашы-рат; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мамлекеттик жана ас-кердик сырды сактоо боюнча иштерди уюштурат; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн зарыл болгон аскердикдаярдыкта кармайт; - аскерлердин штабдарынын оперативдүү даярдыгын уюштурат; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн финансылык, техникалык,тылдык жана медициналык камсыздоону ишке ашырат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскер кызматын өтөөнүуюштурат жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызмат-чыларын жана граждандык персоналын социалдык жактан коргоону камсыз кы-лат; - аскер кызматынан бошонгон адамдарды жана алардын үй-бүлөмүчөлөрүн пенсия менен камсыз кылууну жүзөгө ашырат; - башка мамлекеттердин аскер ведомстволору менен кызматташат; - Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү таламындаКыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануубоюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин бекитүүсүнө киргизүүүчүн жалпы аскердик уставдардын долбоорлорун иштеп чыгып, Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө сунуш кылат; - зарыл болгон аскердик адабияттарды жана пособиелерди чыгарат. 9-статья. Башка министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана ведомстволордун полномочиелери Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана ведомстволор аскердикзаказдарды аткарууда коргоонун муктаждыктары үчүн зарыл болгон продук-циянын берилиши үчүн, тармактын мобилизациялык даярдыгы үчүн жоопкерчи-лик тартат, мобилизациялык даярдык планына ылайык согуш мезгилинде анынтуруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча иш чараларды жүзөгө ашырат. 10-статья. Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын коргоо жагынан полномочиелери Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары аскердик башкаруу орган-дары менен өз ара аракеттенип, өзүнүн аймагынын чегинде: - коргоо жана аскер кызматчыларын, аскер кызматынан бошонгондордужана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык-укуктук коргоо жагынан КыргызРеспубликасынын мыйзам жана башка нормативдик актыларынын аткарылышынкамсыз кылат; - аймактарды жана коммуникацияларды коргоо максатында даярдоо бо-юнча иш чараларды жүргүзөт; - Кыргыз Республикасынын граждандарынын аскердик каттоосун жанааларды аскер кызматына даярдоону, аларды аскер кызматына, аскердик жы-йымдарга чакыруу жана мобилизациялоо иштерин уюштурат; - Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган мыйзам жана башканормативдик актылар менен белгиленген тартипте Коргоо министрлигининаскердик формированиелеринин жана мекемелеринин керектөөлөрүн камсызкылат; - мобилизациялык пландардын жана тапшырмаларынын аткарылышынжүзөгө ашырат; - граждандык жана аймактык коргоо боюнча иш чараларды пландаштыру-уга катышат жана анын аткарылышын камсыз кылат; - мамлекеттик бийлик жана башкаруунун жогорку органдарына коргоонууюштурууну жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизет. III бөлүм Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин, уюмдарынын жана граждандарынын коргоо жагынан милдеттери 11-статья. Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын коргоо жагынан милдеттери Ишканалар, мекемелер жана уюмдар ведомстволук баш ийүүсүнө, менчи-гинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзам жана башка норма-тивдик актыларына ылайык келишимдик милдеттенмелерин, ал эми согуш мез-гилинде - курал жарактарды жана аскердик техниканы, башка аскердикмүлктү жана ресурстарды түзүү, чыгаруу, берүү жана оњдоо боюнча, под-ряддык иштер боюнча жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жа-на башка аскерлердин муктаждыктары үчүн кызмат көрсөтүү боюнча мамле-кеттик заказдарды аткарат; - граждандык коргоо иш чараларын уюштурууга жана жүзөгө ашыруугакатышат; - эгерде мыйзамда башка жагдайлар белгиленбесе, келишимдик негиздемобилизациялык пландарда жана тапшырмаларда, мобилизациялык жана мамле-кеттик резервдерди топтоо пландарында каралган иш чараларды жүзөгө ашы-рат; - өзүнүн кызматкерлерине аскердик милдеттерин аткаруу үчүн зарылшарттарды түзүп берет, муну менен байланышкан чыгашалар ишканалар жанауюмдар тарабынан мамлекеттик бюджеттен орду толтурулат. Карањыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 10-апрелиндеги N 194"Аскердик-транспорттук милдет жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому 12-статья. Кыргыз Республикасынын граждандарынын коргоо жагынан милдеттери жана укуктары Кыргыз Республикасынын граждандары мыйзамга ылайык: - аскердик милдетин аткарат же контракттык негизде ыктыяры мененаскер кызматын өтөйт; - граждандык жана аймактык коргоо иш чараларына катышат; - согуш мезгилинде бийлик органдарынын талабы боюнча коргоо мук-таждыгы үчүн өздөрүнүн менчигиндеги курулуштарды, транспорт каражатынжана башка мүлктү берет, келтирилген зыян мамлекет тарабынан кийин кай-тарылат. Кыргыз Республикасынын мыйзам жана башка нормативдик актыларындакаралган болсо, кызмат адамдары өздөрүнүн ээлеген кызматына ылайык кор-гоо маселелери боюнча өз функцияларын билүүгө жана аткарууга милдеттүү. IV бөлүм Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, алардын милдети жана составы 13-статья. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана алардын милдети Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү Кыргыз Республикасынын су-веринитетин, көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн тыштан болгон колсалуудан коргоо үчүн, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Ынтымагынакатышкан мамлекеттер менен бирге эл аралык келишимдерге ылайык агресси-ядан биргелешип коргонуу боюнча милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн ас-кердик мамлекеттик структура. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү кургак жер, аскер-дењиз,аскер-аба бөлүктөрүнөн жана абадан кол салуудан коргонуу бөлүктөрүнөн,аскердик мекемелерден жана аскер окуу жайларынан, жергиликтүү аскердикбашкаруу органдарынан турат. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жетекчиликти борбордошту-рууну жана жеке башкарууну, туруктуу аскердик жана мобилизациялык даяр-дыкты айкалыштыруу менен кадрлык, регулярдуу армиянын негизиндетүзүлөт. Аскерлерди комплектөө жана аскер кызматын өтөө Кыргыз Республика-сынын мыйзам актыларына ылайык ишке ашырылат. Кыргыз РеспубликасынынКуралдуу Күчтөрүнө жалпы жетекчилик Кыргыз Республикасынын Президенти,Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Консти-туциясында жана ушул Мыйзамда аныкталган алардын полномочиелеринин че-гинде ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө тикеден-тике жетекчиликкылуу Коргоо министрлигине жүктөлөт. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы аскерлердиоперативдүү башкаруунун жана аскерлерди колдонуу пландарын иштеп чыгуу-нун негизги органы болуп саналат. Тынчтык мезгилде Коргоо министрлигинин Башкы штабы Чек ара аскер-леринин, Ички аскерлердин, Улуттук гвардиянын жана Граждандык коргонуу-нун штабдары менен бирдикте биргелешип аракеттенүүнүн варианттарынпландаштырат, командалык-штабдык машыгууларды өткөрүү жолу менен өз арааракеттенүүнү уюштурат. Согуш мезгилинде республиканын коргоо ишине тартылган башка аскер-дик структуралар Коргоо Кењешинин баш ийүүсүнө өтөт. Бөлүктөрдү жанаподразделениелерди согушта колдонуу, аларга жетекчилик кылуу КыргызРеспубликасынын Коргоо министрлигинин Башкы штабы иштеп чыккан бирдейплан боюнча жүзөгө ашырылат. Аскердик бөлүктөрдү, подразделениелерди, башка аскердик формирова-ниелерди жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн айрым аскеркызматчыларын алардын тикеден-тике милдети менен байланышпаган тапшыр-маларды аткарууга тартууга Мыйзамдын негизинде же Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењешинин токтому боюнча гана жол берилет. Аскерлерди топтоштуруу (дислокациялоо) аскердик-коргонуу концепци-ясынын милдеттерине жана талаптарына, ошондой эле оперативдүү коргонуупландарына ылайык ишке ашырылат. Аскерлерди топтоштуруу планы Өкмөт менен макулдашуу боюнча Башкыштаб тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Коргоо минист-ринин сунушу боюнча Президент тарабынан бекитилет. Аскерлерди Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде топтош-турууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин макулдугу менен ганажол берилет. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн граждандык персоналыөндүрүштүк, чарбалык жана башка иштерди аткарат жана Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарында каралган эмгектик укуктар менен милдеттердин толукжыйындысына ээ болот. 14-статья. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелердин иш аракетине чектөө салуу Саясий максат көздөгөн коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелер-дин ишине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө алар-дын структураларын түзүүгө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн штаттык кызматтарын жа-на финансы каражаттарын структураларды түзүү жана ар кандай коомдук жа-на башка уюмдар менен бирикмелердин иш аракетин жүзөгө ашыруу үчүн пай-даланууга тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрү ме-нен мекемелеринин аймагында ар кандай саясий үгүт жүргүзүүгө тыюу салы-нат. 15-статья. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мыйзамдуулукту камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мыйзамдуулуктун сакта-лышына жана кылмыш жөнүндөгү иштердин иликтенишине көзөмөл Кыргыз Рес-публикасынын Генеральный прокуроруна жана ага баш ийген аскер прокуро-руна жүктөлөт. Аскер кызматчыларын укуктук жактан коргоону, Кыргыз Республикасы-нын Куралдуу Күчтөрүндө граждандык жана уголовный иштерди кароону аскерсоттору ишке ашырат. V бөлүм Согуш кырдаалы, аскердик абал, мобилизация, аймактык коргонуу, граждандык коргонуу 16-статья. Согуш кырдаалы Согуш кырдаалы Кыргыз Республикасына Куралдуу кол салуу (агрессия)болгон учурда же Көз карандысыз Мамлекеттер Ынтымагынын катышуучулары-нын ортосундагы макулдашуу боюнча милдеттенмени аткаруу зарылчылыгыболгон учурда жарыяланат жана согушкан тараптардын ортосунда тынчтыккелишими түзүлүшү менен токтотулат. Согуш кырдаалы жарыяланган же согуш аракеттери иш жүзүндө баштал-ган учурдан тартып, аскердик мезгил башталат, ал согуш аракеттерининтоктотулгандыгы жөнүндө жарыялоо менен жана иш жүзүндө согуштун токто-тулушу менен аяктайт. Кыргыз Республикасына капыстан кол салуу болгонучурда аскердик командование, жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарысогуш жарыялангандыгын күтпөстөн, агрессиянын мизин кайтаруу үчүн чаракөрүүгө милдеттүү. 17-статья. Аскердик абал Аскердик абал Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же анын ай-рым жерлеринде согуш кырдаалы жарыяланышы менен, ошондой эле башка мам-лекеттин же мамлекеттердин тобунун Кыргыз Республикасына тикеден-тикекуралдуу кол салуу коркунучу болгон учурда киргизилет. Аскердик абалдын режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мененаныкталат. 18-статья. Мобилизация Жалпы же жарым-жартылай мобилизация жарыяланышы менен Кыргыз Рес-публикасынын Куралдуу Күчтөрүн же алардын бөлүктөрүн аскердик мезгилдинуюмуна жана составына которуу боюнча, ошондой эле ишканаларды, мекеме-лерди жана уюмдарды же алардын бөлүктөрүн тынчтык абалдан аскердикабалга которуу боюнча иш чаралар жүзөгө ашырылат. Мобилизациялык иш чараларга даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн тар-тиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Карањыз: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-сентябрындагы N 125 "КыргызРеспубликасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Мый-замы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-июнундагы N 377"Согуштук мезгилдин штатында каралган аскердик кызматтарга аскер кызма-тын өтөө үчүн аскер бөлүктөрүнө катталган аскерге милдеттүүлөрдү моби-лизациялоо боюнча аскер кызматына чакыруу же аларды Кыргыз Республика-сынын Куралдуу Күчтөрүнүн граждандык персоналынын, атайын түзүлүштөрдүнкызматтарында иштөөгө жиберүү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому 19-статья. Граждандык коргонуу Граждандык коргонуу калкты, эл чарба объектилерин авариялардын,кыйроолордун, табият кырсыктарынын кесепетинен жана душман азыркы учур-дагы кыйраткыч каражаттарды колдонгон учурда коргоо максатында уюштуру-лат. Граждандык коргонуунун милдеттери жана аны уюштуруу Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдары менен аныкталат. 20-статья. Аймактык коргонуу Аймактык коргонуу Кыргыз Республикасынын аймагындагы объектилердижана коммуникацияларды душмандын аракеттеринен, диверсиялык жана тер-рордук актылардан коргоо, ошондой эле аскердик абалдын режимин орнотуужана кармап туруу максатында уюштурулат жана ишке ашырылат. Аймактык коргонуунун жалпы милдеттери жана уюштурулушу Кыргыз Рес-публикасынын Президенти тарабынан аныкталат. VI бөлүм Корутунду жоболор 21-статья. Коргоону финансылоо Коргоону финансылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкКоргоо министрлигине каражат бөлүү жолу менен Кыргыз Республикасынынбюджетинин эсебинен жүргүзүлөт. 22-статья. Коргоонун эл аралык аспектилери Кыргыз Республикасы коргоону уюштурууда жана ишке ашырууда эл ара-лык укуктун нормаларын, ошондой эле өзү катышуучусу болуп саналган эларалык келишимдерди жана макулдашууларды сактайт. Кыргыз Республикасы башка мамлекеттерге аскердик жардамды өзү ка-тышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын катышуусу менен түзүлгөн коргоо маселелерибоюнча эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндератификацияланууга тийиш. 23-статья. Кыргыз Республикасынын коргоо маселелери боюнча мыйзамдарынын бузулушу үчүн жоопкерчилик Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын, ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан ишканалардын, меке-мелердин, уюмдардын кызмат адамдары жана граждандар коргоо боюнча өздө-рүнө жүктөлгөн милдеттенмелерин аткарбаса же коргоо милдеттерин атка-рууга тоскоолдук кылса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дис-циплинардык, административдик, граждандык-укуктук жана уголовный жооп-керчиликтерине тартат. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев