Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2000-жылдын 9-июну № 328

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын Тизмесин бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-августундагы № 433 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамынын 5-статьясынын 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын Тизмеси бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети өзүнүн ведомстволук нормативдик актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.

      (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-августундагы № 433 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министри

 А. Муралиев