Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-майы № 343
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 10-марты № 107, -жылдын 16-майындагы № 249, 2017-жылдын 28-ноябрындагы № 776 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын тутумунда кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсүнүн тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө тууралуу контракт түзүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, улук башкаруучу курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле кызматкерлерге карата квалификациялык талаптардын тизмеси 3-тиркемеге ылайык.
2. Күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 328 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 328 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө. Бабанов
| |
| 3-тиркеме | |
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, улук башкаруучу курамдагы
кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле кызматкерлерге
карата квалификациялык талаптардын
ТИЗМЕСИ
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 10-марты № 107 2016-жылдын 16-майындагы № 249, 2017-жылдын 28-ноябрындагы № 776 токтомдун редакциясына ылайык)
Кызмат орду | Атайын наам | Квалификациялык талаптар |
1 | 2 | 3 |
1. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппараты | ||
Инспектор, оперкызматкери | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын капитаны | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-ноябрындагы № 776 токтомуна ылайык алып салынды) | ||
Улук инспектор, улук оперкызматкери | Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында, мамлекеттик кызматкердин кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары же адистиги боюнча иштеген жылдары(*)3 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Башкы инспектор, басма сөз катчысы | Бажы кызматынын майору | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында, мамлекеттик кызматкердин кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары же адистиги боюнча иштеген жылдары(*) 5 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Төраганын жардамчысы | Бажы кызматынын майору - бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкердин кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 3 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун начальниги, басма сөз кызматынын начальниги, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери | Бажы кызматынын майору - бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 6 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алуу - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат |
Башкармалыктын курамындагы бөлүмдүн начальниги | Бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 8 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат |
Башкармалыктын начальнигинин орун басары, өз алдынча бөлүмдүн начальнигинин орун басары, төраганын кеңешчиси | Бажы кызматынын подполковниги - бажы кызматынын полковниги | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 8 жылдан кем эмес болушу керек, анын ичинен жетекчилик кызмат орундарында иштеген жылдары 3 жылдан кем болбошу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат. |
Башкы башкармалыктын начальниги, башкармалыктын начальниги, өз алдынча бөлүмдүн начальниги, башкы башкармалыктын начальнигинин орун басары | Бажы кызматынын полковниги | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 8 жылдан кем эмес болушу керек, анын ичинен жетекчилик кызмат орундарында иштеген жылдары 3 жылдан кем болбошу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат. |
2. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомствого караштуу органдары | ||
1) Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүктөрү | ||
Инспектор | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын лейтенанты | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Улук инспектор | Бажы кызматынын лейтенанты - бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Башкы инспектор | Бажы кызматынын капитаны | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Бөлүмдүн, бөлүктүн сектордун начальниги | Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында, мамлекеттик кызматкер кызмат кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 3 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат. |
Борбордун начальнигинин орун басары | Бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында, мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 5 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат. |
Борбордун начальниги | Бажы кызматынын полковниги | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген жылдары 7 жылдан кем эмес болушу керек, анын ичинен жетекчилик кызмат орундарында иштеген жылдары 3 жылдан кем болбошу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат. |
2) Кесипкөй жана кинологиялык даярдоо бөлүгү | ||
Инспектор | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Улук инспектор | Бажы кызматынын капитаны | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Окутуучу | Бажы кызматынын капитаны | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы, жазык, административдик укук чөйрөлөрүндө педагогикалык иш тажрыйбасы же бажы органдарында 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек |
Улук окутуучу | Бажы кызматынын майору бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы, жазык, административдик укук чөйрөлөрүндө педагогикалык иш тажрыйбасы же бажы органдарында 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек |
Башкы инспектор | Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Борбордун начальнигинин орун басары | Бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 5 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат. |
Борбордун начальниги | Бажы кызматынын полковниги | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген жылдары 7 жылдан кем эмес болушу керек, анын ичинен жетекчилик кызмат орундарында иштеген жылдары 3 жылдан кем болбошу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат. |
Кесипкөй даярдоо боюнча бөлүк | ||
Улук инспектор | Бажы кызматынын капитаны | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Башкы инспектор | Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Бөлүмдүн, бөлүктүн, сектордун начальниги | Бажы кызматынын майору - бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары же адистиги(**) боюнча иштеген жылдары 3 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат. |
Кинология кызматы | ||
Инспектор | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын лейтенанты | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Улук инспектор | Бажы кызматынын лейтенанты - бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Башкы инспектор | Бажы кызматынын капитаны | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Бөлүмдүн, бөлүктүн, сектордун начальниги | Бажы кызматынын майору - бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызмат кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 3 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат. |
3) Бажылар | ||
Инспектор, оперкызматкери | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Улук инспектор, улук оперкызматкери | Бажы кызматынын капитаны | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Башкы инспектор | Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Бөлүмдүн, бөлүктүн, борбордун, сектордун начальниги, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери | Бажы кызматынын майору - бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 3 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат. |
Бажынын начальнигинин орун басары | Бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 5 жылдан кем эмес болушу керек, анын ичинен бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратында жетекчилик кызмат орундарында иштеген жылдары 3 жылдан кем болбошу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат |
Бажынын начальниги | Бажы кызматынын полковниги | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 7 жылдан кем эмес болушу керек, анын ичинен бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратында жетекчилик кызмат орундарында иштеген жылдары 3 жылдан кем болбошу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат |
Бажы жол-жоболору боюнча бөлүктөр | ||
Инспектор | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Улук инспектор | Бажы кызматынын улук лейтенанты - бажы кызматынын капитаны | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Башкы инспектор | Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Борбордун начальниги | Бажы кызматынын майору | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдар 3 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат. |
Алдын ала бажы жол-жоболору боюнча бөлүктөр | ||
Инспектор | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын лейтенанты | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Улук инспектор | Бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Өткөрмө пункттун начальниги | Бажы кызматынын капитаны | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат |
4) Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү | ||
Инспектор | Бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Улук инспектор | Бажы кызматынын капитаны | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин |
Бажы кызматынын чет өлкөлөрдөгү өкүлү | Бажы кызматынын полковниги | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 7 жылдан кем эмес болушу керек, анын ичинен жетекчилик кызмат орундарында иштеген жылдары 5 жылдан кем болбошу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат |
Эскертүү:
(*) - автоматташтыруу, информатика жана эсептөө техникасы, маалымат системалары, эл аралык мамилелер, лингвистика, филология, статистика;
(**) - кинология тармагында.