Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-декабры № 2653-V
2012-жылдын 22-февралындагы № 1662-V "Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында
түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык
комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун
аткарылышынын жүрүшү тууралуу
2012-жылдын 22-февралындагы № 1662-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын маселеси боюнча Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин чечимин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 22-февралындагы № 1662-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Башкы прокуратурасынын, Эсептөө палатасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын иши жетишсиз деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ишин жетектөөгө алган, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын органдарынын тутумунда мыйзам бузууларга жол берген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги, ошондой эле Мыйзамдуулук, укук тартиби жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин 2011-жылдын 16-майындагы жана 2011-жылдын 1-ноябрындагы чечимдерин өз убагында аткарбагандыгы жөнүндө маселени кароого кайрылып келүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ишинин аудитинин жыйынтыктары боюнча табылган мыйзам бузуулардын бардык фактылары боюнча жооптуу адамдардын аракеттерине укуктук баа берсин;
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын органдарынын тутумундагы кылмыштарга байланыштуу жазык иштери боюнча тергөөнү токтотуу жана токтото туруу жөнүндө кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн иликтесин, алар боюнча тергөөнүн толуктугун жана сапатын камсыз кылсын, күнөөлүү адамдардын аракеттери менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрсүн;
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын органдарынын тутумунда кайра уюштурууну жүзөгө ашырууда кызматчыларды мыйзамсыз бошотуу фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан төлөнүп берилген акча каражаттарын бюджетке калыбына келтирүү боюнча прокурордук көңүл буруунун тиешелүү чараларын көрсүн;
соттолгон А.С.Бакиевге карата мунапыс актысын колдонууга жана анын жатак-абактан качып кетүүсүнө тиешеси бар кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берсин жана натыйжалар жөнүндө 2013-жылдын 1-мартына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар ушул токтомдун аткарылышынын натыйжалары жөнүндө 2013-жылдын 15-февралына карата Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине маалымат берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Б.Калматов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Жээнбеков |