ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-февралындагы № 2788-V «2013-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана областтары боюнча иммиграциялык квотаны бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция14.02.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 14-февралы № 2788-V

2013-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана областтары боюнча иммиграциялык квотаны бекитүү жөнүндө

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2013-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана областтары боюнча чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына иммиграцияга санынын эң көп чегин белгилеген иммиграциялык квота тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

Төраганын орун басары

 

А.Сасыкбаева

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы № 2788-V токтомуна тиркеме

 

2013-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана областтары боюнча чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына иммиграцияга санынын эң көп чегин белгилеген ИММИГРАЦИЯЛЫК КВОТА

 

Региондун аталышы

Саны (адам)

Бишкек шаары

300

Ош шаары

25

Баткен областы

10

Жалал-Абад областы

30

Ысык-Көл областы

15

Нарын областы

10

Ош областы

25

Талас областы

10

Чүй областы

200

Жыйынтыгы

625