ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 6-апрели № 1778-V «Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбоору үчүн Экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому

Редакция06.04.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 6-апрели № 1778-V

"Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү

Ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 22-ноябрында

Бишкек шаарында кол коюлган Саламаттык сактоо жана

социалдык коргоо долбоору үчүн Экинчи кошумча каржылоо

жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи

окууда кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 3-февралындагы № 82 токтому) "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбоору үчүн Экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3. Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Б.Баатырбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

Төрага

А. Жээнбеков