Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-февралы №82
"Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбоору үчүн Экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбоору үчүн Экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбоору үчүн Экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбоору үчүн Экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Тиркеме
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбоору үчүн Экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктыгы боюнча:
Макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын нормаларына ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин нормаларына каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык Макулдашуу кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери менен макулдашылган (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2011-жылдын 19-сентябрындагы чечими, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитетинин 2011-жылдын 7-июнундагы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча комитетинин 2011-жылдын 13-июнундагы чечими), ошондой эле анын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 503-б буйругу менен жактырылган.
2. Макулдашууну ратификациялоонун мүмкүн болгон финансылык-экономикалык жана башка натыйжалары жөнүндө.
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы карыз алуунун алты миллион тогуз жүз миң атайын укугуна (6900000 СПЗ) барабар сумманы грант катары берет жана карыз алуунун сегиз миллион төрт жүз миң алты миллион тогуз жүз миң атайын укугуна (8400000 СПЗ) барабар сумманы кредиттик каражат катары берет.
Кредит каражат Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын стандарттык шарты менен берилет: кредиттин мөөнөтү - 40 жыл, жеңилдиктүү мезгил 10 жыл, тейлегендик үчүн комиссия - 0,75%. Төлөө мөөнөтү ар бир жылдын 15-февралы жана 15-августу. Кредиттин негизги суммасынын проценттик ставкасы:
- 2021-жылдын 15-августунан 2031-жылдын 15-февралына чейинки мезгилде - 1%;
- 2031-жылдын 15-февралынан 2051-жылдын 15-февралына чейинки мезгилде - 2%.
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 24 млн. АКШ долларын берет, анын ичинен АКШнын 14 млн. долларына барабар сумма Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар программасын каржылоо үчүн берилет, АКШнын 8,5 млн. доллары инвестициялык каржылоого жумшалат жана АКШнын 1,5 млн. доллары - техникалык жардамга жумшалат.
Долбоордун аткаруучу агенттиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги болот. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги министрликтин администрациялык системасын чыңдоо компоненти жана кеңейтилген даректүү социалдык жардамдын эсебинен жакырлыкты жоюу бөлүгүндө долбоордун кошо аткаруучусу болот.
Экинчи кошумча каржылоонун алкагында Баткен, Жалал-Абад жана Ош шаарларында перинаталдык жардамды башталгыч этабында региондоштуруу үчүн экинчи деңгээлдеги инфраструктураны түзүү пландалууда. Андан кийин Оштогу облустар аралык клиникалык оорукананын базасында жаңы имараттарды куруу жана аларды заманбап жабдуулар менен камсыздоо аркылуу үчүнчү деңгээлдеги региондук перинаталдык борбор түзүү, жамааттардын деңгээлинде, анын ичинде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын камтуу менен психикалык саламаттыкты сактоо боюнча пилоттук иш-чараларды жүргүзүү пландалып жатат. Мында чыр-чатактардан кийинки абалга байланышкан психикалык ооруларга өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине техникалык жардам берүү белгиленген.
Кыргыз Республикасы жана Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы ортосундагы каржылоо (Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбоору үчүн Экинчи Кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашууга 2011-жылдын 22-ноябрында кол коюлган. Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы гранттык каражаттар катары алты миллион тогуз жүз миң зайымдык атайын укуктарга (6900000 ЗАУ) эквиваленттүү сумманы жана кредит катарында сегиз миллион төрт жүз миң зайымдык атайын укуктарга (8400000 ЗАУ) эквиваленттүү сумманы жиберет.
Экинчи Кошумча каржылоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун каржылоонун 2006-2011-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасы менен Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун каржылоонун 2012-2016-жылдарга "Ден соолук" жаңы улуттук программасы ортосундагы өтмө механизм болуп саналат.
Экинчи кошумча каржылоонун максаты - Саламаттык сактоо министрлигине саламаттык сактоо секторунун иш көрсөткүчтөрүн жакшыртууга жана Калкты социалдык коргоо министрлигине корголбогон калктын топторуна тамактандыруунун сапатын жана ден соолугун чыңдоого, социалдык жөлөкпулдарды даректүү бөлүштүрүү системасын күчөтүүдө көмөктөшүү болуп саналат.
Экинчи Кошумча каржылоонун алкагында баштапкы этапта перинаталдык жардамдын региондоштуруусун түзүү үчүн Баткен, Жалал-Абад жана Ош шаарларында экинчи деңгээлдеги инфраструктураны түзүү пландаштырылууда. Андан кийин Ош облустар аралык клиникалык оорукананын базасында жаңы имараттарды куруу жана аларды заманбап жабдыктар менен жабдуу аркылуу үчүнчү деңгээлдеги Региондук перинаталдык борборду түзүү каралат. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине фармацевттик кызматка жана продукцияга баа түзүү методдорун иштеп чыгуу үчүн техникалык жардам көрсөтүү, постконфликттик жагдайларга байланыштуу психикалык ооруларга өзгөчө көңүл бөлүп, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын кошуп, коомдоштор деңгээлинде психикалык саламаттыкты сактоо боюнча пилоттук иш-чараларды жүргүзүү караштырылат.
Долбоордун Аткаруучу агенттиги болуп Саламаттык сактоо министрлиги эсептелет.
Макулдашууну ратификациялоо максатында Саламаттык сактоо министрлиги "Кыргыз Республикасы жана Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы ортосундагы каржылоо (Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбоору үчүн Экинчи Кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Бишкек ш. 2011-жылдын 22-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун кароого киргизет.
Министр |
Д.Сагинбаева |