КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-ноябры № 2540-V
"Бишкек шаарында 2012-жылдын 9-ноябрында
кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
2011-2012-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө
макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
2011-2012-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө
макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда
кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 26-ноябрындагы № 793 токтому) "Бишкек шаарында 2012-жылдын 9-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2011-2012-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2011-2012-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |