Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-декабры № 85-V
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин
эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүнү белгилейт:
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык мамлекеттик билим берүү тутумунун кызматкерлеринин эмгек акысы билимин, педагогдук стажын жана аттестациянын жыйынтыктарын эске алуу менен Бирдиктүү тариф сеткасынын негизинде белгиленет. Бул берененин 4-бөлүгү менен билим берүү кызматкерлерине 5, 10 жана 15 жылдык педагогдук иш стажы үчүн тиешелүүлүгүнө жараша эмгек акынын 10, 20 жана 30 пайыз өлчөмүндө кошумча төлөм да каралган.
2006-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 638 "Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык 2007-жылдын 1-январынан тартып эмгегине акы төлөө Бирдиктүү тариф сеткасы боюнча аныкталуучу билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы 30 пайызга жогорулатылган.
Бүгүнкү күнгө мамлекеттик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы өтө төмөн бойдон калууда жана аны жогорулатуу боюнча токтоосуз чараларды тез арада көрүүнү талап кылат. 15 жылдан ашык стажы бар бийик тоолуу жана алыскы жерлерде иштеген мугалимдер эң жогорку эмгек акы алат жана ал салыктарды чыгарып салбаганда 4727 сомду түзөт. Жаш мугалимдин эмгек акысы 1799 сомду түзөт.
Саламаттык сактоо жана маданият кызматкерлеринин орточо эмгек акысы да жашоо минимумунун деңгээлине жетпейт, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча ал 2010-жылдын III кварталында 3434 сомду түзгөн.
Кыргызстандын элинин жыргалчылыгын жогорулатуу, орто мөөнөттүү мезгилде өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүшү үчүн баштапкы базалык шарттарды түзүү 2011-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу милдеттеринин бири болуп саналарын да белгилей кетүү зарыл.
Өлкөдөгү татаал каржы-экономикалык кырдаалды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын.
2. Билим берүү чөйрөсү 2011-жылда мамлекеттик каржылоо үчүн артыкчылыктуу деп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- мамлекеттик билим берүү уюмдарынын, саламаттык сактоо жана маданият мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу үчүн 2011-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде зарыл болгон акча каражаттарын издеп табуу;
- мектептерди окуу китептери жана окуу адабияты менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине окуу китептерин бастырып чыгаруу үчүн зарыл каражаттарды бөлүп берүү;
- билим берүү, саламаттык сактоо жана маданият тутумдарынын мыйзамдык базасын андан ары өркүндөтүүнүн жана өнүктүрүүнүн концепцияларын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топторду түзүү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары К.О.Осмоналиевдин жетекчилиги астында "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү;
- 2011-жылдын 1-мартынан тартып мамлекеттик билим берүү уюмдарынын, саламаттык сактоо жана маданият мекемелеринин кызматкерлерине эмгегине акы төлөөнүн, компенсациялык төлөп берүүлөрдүн жана үстөктөрдүн жаңы тутумун киргизип, Бирдиктүү тариф сеткасын жокко чыгаруу, ошондой эле "Мугалимдин статусу жөнүндө" жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү.
4. Мектепке барбаган балдардын окуу процессине кайтып келиши боюнча токтоосуз чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитетине (Ж.А.Жолдошова), Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.Ү.Жапаров), ошондой эле Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитетине (Д.А.Ниязалиева) тапшырылсын.
6. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Төрага | А. Келдибеков
|