Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 913-V
Кыргыз Республикасында Забырлантуучу (проблемалуу)
кредиттер фондун түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы 2010-жылдын апрель окуялары акыркы 5 жылда дагы бир жолу экономикалык кризисти жаратты. Ишкерлер 167562 миң сомдон ашык суммага зыян тартты, мунун өзү аларга оор каржылык жана материалдык жүк болду. Көпчүлүк зайым алуучулар карыздык милдеттенмелердин шарттарын кайра кароодо, алынган ссудаларды 5 жылга пролонгациялоодо жана 2016-жылга чейин жеңилдик мезгилди берүүдө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылган.
Бул багытта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилүү иш жүргүзүлгөн. Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 258 токтому менен ссудаларды тындыруунун тартиби жана шарттары өзгөртүлгөн. Бирок бул кредит алуучулардын тагдырын толук мерчемде жеңилдетпейт.
Белгиленген проблемаларды натыйжалуу чечүү жана аларга ыкчам жооп берүү максатында жеңилдетилген шарттарда кредиттерди берүү жолу менен өндүрүштүк-чарбалык ишти жүзөгө ашыруучу, ар кыл кызматтарды көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактарга колдоо көрсөтүү үчүн Забырлантуучу (проблемалуу) кредиттер фондун түзүүнүн зарылдыгы бышып жетилди.
Мамлекет менен кредит алуучунун ортосунда арачы катары Забырлантуучу (проблемалуу) кредиттер фонду мамлекеттик каражаттардан жана коммерциялык кредиттик мекемелердин каражаттарынан теңтайлаш башталыштарда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы боюнча түзүлүүгө, ошондой эле кредиттик бирликтерди, чакан каржылык жана чакан кредиттик уюмдарды кошуп алганда каржы-кредиттик мекемелерди колдоо үчүн кызмат кылууга тийиш.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргелешип 2011-жылда:
- 51 пайызы республикалык бюджеттин каражаттарынан жана 49 пайызы коммерциялык банктардын каражаттарынан турган Забырлантуучу (проблемалуу) кредиттер фондун түзсүн;
- төмөнкүлөрдү караган Забырлантуучу (проблемалуу) кредиттер фонду жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин:
- коммерциялык банктардагы, кредиттик бирликтердеги, чакан каржылык жана чакан кредиттик уюмдардагы жеке жана юридикалык жактардын проблемалуу кредиттерин кайтаруунун мөөнөттөрүн узартууну;
- пайыздык ставкаларды азайтууну.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2012-жылга республикалык бюджетте Забырлантуучу (проблемалуу) кредиттер фонду үчүн каражаттарды карасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Ү.Жапаров) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков
|