Редакцияот 04.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 4-марты № 228-V

 

2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV "Ишкердиктин

субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна

ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин

бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү

киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесинин 5-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

 

А.Келдибеков