Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 20-июну № 553-IV
Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 12-мартындагы № 1037-IV, 2011-жылдын 4-мартындагы № 228-V, 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 1302-V, 2012-жылдын 19-апрелиндеги № 1854-V, 2014-жылдын 25-июнундагы № 4261-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтому менен бекитилген Ишкердик субъектилерине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун ченемдерине Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын ылайык келтирүү, Жободогу карама-каршылыктарды жана өзалдынча кеңейтилген ченемдерди жоюу, ошондой эле мамлекеттик органдар жүргүзүүчү текшерүүлөрдөгү өзгөчөлүктөрдү Эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу;
- 2007-жылдын 25-майындагы № 72 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунуш кылынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| А.Тагаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV токтому менен бекитилген |
(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-апрелиндеги № 1854-V, 2014-жылдын 25-июнундагы № 4261-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция.
7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент.
8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо департаменти.
9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектик камсыздоо жана медициналык техника департаменти.
10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти.
11. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент.
12. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги.