Редакцияот 16.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 16-январы № 3765

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-сентябрындагы

№ 3448 токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыгылган

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө» ( «Кыргыз Республикасынын Эсептөө

палатасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Регламенти жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ) Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу тууралуу

 

«Кыргыз Республикасынын Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-сентябрындагы № 3448 токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыгылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» ( «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А. Жээнбеков