Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 1-февралы № 113-IV
"Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык
бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 19-январындагы № 12 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкү негизги көрсөткүчтөрдү белгилөө менен биринчи окууда кабыл алынсын:
- республикалык бюджет кирешелер боюнча ИДПга карата салыштырма салмагы 23,3 пайыз жалпы суммасы 36842464,6 миң сом;
- республикалык бюджет чыгымдары боюнча ИДПга карата салыштырма салмагы 27,3 пайыз жалпы суммасы 43099306,2 миң сом (өнүгүү бюджетинин алкагындагы 2731474,9 миң сом суммадагы гранттык каражаттарды кошуп алганда);
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин тартыштыгынын эң жогорку өлчөмү ИДПга карата салыштырма салмагы 2,2 пайыз суммасы 3525366,7 миң сом.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгын жабууну каржылоого:
- ички булактардан 2027165,4 миң сом;
- тышкы булактардан 1498201,3 миң сом багытталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 9-беренесинин текстин тактасын;
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата № 1 тиркемеде берилген Кыргыз Республикасынын 2010-жылга чейинки мамлекеттик бюджетинин божомолунун көрсөткүчтөрүн чечмелесин жана бул мыйзам долбоорун экинчи окууда кароодо аларды берсин;
- Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин эсебиндеги жарактуу жерлердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтары менен болгон айырмачылыктарын четтетүү боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитети менен биргелешип "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын такталган долбоорун экинчи окууда кароо үчүн бир жумалык мөөнөттө киргизсин.
Төрага | А. Мадумаров |