Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 7-февралы № 130-IV
2008-жылга Кыргыз Республикасынын экономикасынын
тармактары жана региондору боюнча эмгек миграциясына
квота бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасына эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эң көп санын белгилөөчү 2008-жылга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча эмгек миграциясына квота тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2008-жылга Кыргыз Республикасы боюнча бекитилген квотанын чегинде экономиканын тармактары менен региондордун ортосунда квотаны кайра бөлүштүрүү укугу берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитети менен Региондук өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин 2008-жылдын 5-февралындагы чечимин, ошондой эле депутаттарынын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн такталган токтомун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттери менен биргелешип бир айлык мөөнөттө иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | А.Мадумаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 7-февралындагы № 130-IV токтомуна тиркеме |
|
┌──┬─────────┬─────────────────────────────────────────────────┬──────┐
│№ │Региондор│ Экономиканын тармактары боюнча кесиптердин │Жыйын-│
│ │ │ (иш) топтору (адам) │тыгы │
│ │ ├─────┬───────┬──────────┬───────┬───────┬────────┤ │
│ │ │Өнөр │Айыл │Транспорт,│Соода, │Сала- │Кредит │ │
│ │ │жай │жана │байланыш │коомдук│маттык │берүү, │ │
│ │ │жана │токой │жана │тамак- │сактоо,│камсыз- │ │
│ │ │куру-│чарбасы│геология │тануу │билим │дандыруу│ │
│ │ │луш │ │ │жана │берүү, │жана │ │
│ │ │ │ │ │башка │илим, │башка │ │
│ │ │ │ │ │финан- │мада- │тармак- │ │
│ │ │ │ │ │сы-эко-│ният, │тар │ │
│ │ │ │ │ │номика-│искус- │ │ │
│ │ │ │ │ │лык иш │ство │ │ │
├──┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼───────┼───────┼────────┼──────┤
│1.│Баткен │ 450 │ 10 │ 50 │ 68 │ 60 │ 10 │ 648 │
│ │областы │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼───────┼───────┼────────┼──────┤
│2.│Жалалабат│ 400 │ 250 │ 50 │ 142 │ 120 │ 30 │ 992 │
│ │областы │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼───────┼───────┼────────┼──────┤
│3.│Ысыккөл │ 250 │ 100 │ 25 │ 30 │ 29 │ - │ 434 │
│ │областы │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼───────┼───────┼────────┼──────┤
│4.│Нарын │ 100 │ 16 │ 25 │ 29 │ 20 │ - │ 190 │
│ │областы │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼───────┼───────┼────────┼──────┤
│5.│Ош │ 500 │ 30 │ 100 │1085 │ 30 │ 30 │ 1775 │
│ │областы │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼───────┼───────┼────────┼──────┤
│6.│Талас │ 100 │ 25 │ 25 │ 20 │ 20 │ 5 │ 195 │
│ │областы │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼───────┼───────┼────────┼──────┤
│7.│Чүй │ 750 │ 186 │ 80 │ 232 │ 106 │ 29 │ 1383 │
│ │областы │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼───────┼───────┼────────┼──────┤
│8.│Бишкек │ 800 │ 20 │ 150 │2017 │ 450 │ 120 │ 3557 │
│ │шаары │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼───────┼───────┼────────┼──────┤
│9.│Ош шаары │ 600 │ 30 │ 40 │ 240 │ 200 │ 40 │ 1150 │
├──┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼───────┼───────┼────────┼──────┤
│ │Жыйынтыгы│3950 │ 667 │ 545 │3863 │1035 │ 264 │10324 │
└──┴─────────┴─────┴───────┴──────────┴───────┴───────┴────────┴──────┘